АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиядан улам окуучулар быйылкы окуу жылында IV чейректи аралыктан окууга аргасыз болушту. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жаңы окуу жылынын I чейреги да дистанттык негизде уланат. Бул абал көпчүлүк ата-энелерди бушайман кылууда. Аралыктан билим алуунун күнгөй-тескейи тууралуу маалымат беребиз.

ДИСТАНТТЫК БИЛИМ АЛУУНУН ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ

Дистанттык билим берүү XVIII кылымда пайда болгон.
Мугалим тапшырманы почта аркылуу жөнөткөн. Ал эми окуучулар тапшырманы өз алдынча өздөштүрүшүп, атайын комиссиянын көзөмөлү алдында экзамен тапшырышкан. Ал убакыттан бери көп нерсе өзгөрдү. Техникалык жаңы табылгалар адам жашоосун бир кыйла жеңилдетти. Бүгүнкү күндө мугалим менен окуучунун ортосундагы билим алуу жана берүү процесси интернет аркылуу ишке ашып келет.

1) Окуш үчүн университет же мектеп жайгашкан аймакка көчүүнүн, ижарага батир издөөнүн жана окуу жайдын оңдоп-түзөө иштерине чогултулчу чыгымдарга акча коротуунун кереги жок. Ар түрдүү имараттарга, кеңселерге, бөлмөлөргө ижара акы төлөбөстөн, акчаңызды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле жатак мектептин тарбиялануучуларына ата-эне тамак-аш жана башка керектөөлөрүнө акы төлөбөйт.

2) Иш күнүндө каалаган саатта каалаган сурооң боюнча мугалимге кат жазып, жообун алсаң болот.

3) Уктап калдым же маанилүү сабакка кечиктим деп коркпойсуң, каалаган маалда материалды интернеттен көрүүгө болот. Мугалимден “Сен менин сабагыма эмнеге келген жоксуң? Ошондуктан мен сага “2” коём” деген сөз укпайсың.

4) Өз алдынчалуулук. Аралыктан билим берүүдө окуучу өз алдынча эмгектенет. Окуу жайдагы түрдүү иш-чаралар окуучунун изденүүсүнө көп деле таасирин тийгизбейт дешет адистер.

5) Сенин эмне кийгениң, эмне ичкениң, азыркы финансылык абалың, боюң жана салмагың эч кимди кызыктырбайт.

6) Албетте, аралыктан окутуунун эң башкы пайдасы жана максаты – бул учурдагы пандемиядан сактануу.

ДИСТАНТТЫК ОКУТУУНУН ТЕРС ЖАКТАРЫ

1) Өзүн көзөмөлдөн чыгаруу. Кээде жалкоолук бизди жеңип кетет. Бул окуудан артта калуу дегендик. Элестетсеңиз, сизге күндө мугалимдин көзөмөлү эмес, өзүңүздү-өзүңүз мажбурлоого туура келет.

2) Техникалык жабдыктар. Сизде ар дайым интернет болууга тийиш. Мыкты сапаттагы техникалык каражаттарды жана интернетти пайдалануу сунушталат. Эгер алар жетишсиз болсо, маалыматтан артта калып, тайпалаш же классташтарды программа боюнча кууп жете албай каласың.

3) Окуучулук же студенттик кызыктуу жана эстен кеткис күндөрдүн жоктугу.

4) Эгер сен врач, механик же электрик болууну кааласаң, тилекке каршы, дистанттык окуу сага туура келбейт. Бул адистиктер практикалык ыкманы колдонуу менен гана окутулат.

5) Техниканы, жаңы гаджеттерди жана тиркемелерди колдонуу ата-энелер үчүн абдан чоң көйгөй жаратты. Ошондой эле мектепте мугалим баланын тартибин көзөмөлдөп, окуучунун жөндөмүнө, кыял-жоругуна жараша чыдап билим берет. Ал эми ата-эненин баары эле мугалим болбогондуктан, балага билимди жеткире албай кыйналган учурлар көп.

6) Бир үйдө бир нече окуучу же студент болсо гаджет, интернет, убакыт тартыштыгы жаралат. Жадыбал мектеп жетекчилиги тарабынан канчалык туура түзүлсө дагы ар түрдүү класста, ар кайсы мектепте окуп, бирок бир үйдө жашаган окуучулардын сабактары “сүзүшүп” калган учурлар болот.

Заманбап турмушта аралыктан билим алуу популярдуу болуп жаткан чак. Бул иш берүүчү өз оюн өзгөртүшү мүмкүн дегендик. 10 жылдан соң аралыктан билим алууга такыр башка көз караш пайда болушу мүмкүн. Ал эми ата-энелерге жаңы окуу жылына моралдык жана материалдык жактан даярданып, смартфон, колдон келсе компьютер, ноутбук алып коюу сунушталат.

Жолдубек Качкынбаев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан