ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 10-АВГУСТТАН 16-АВГУСТКА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Сизди ийгиликтүү апта күтөт. Жумушта жаңы долбоорлордун үстүнөн иштейсиз. Маанайыңызды түшүрбөш үчүн жакшы жаңылыктарды окуңуз. Бирөөгө жардам берүү ышкыңыз ойгонот. Үй-бүлөлүүлөр түгөйүнүн суранычын орундатып, мамилени бекемдөөгө шарт түзүшөт. Бойдоктор жашоосунда кимдир бирөөгө орун берет же бирөөнүн жүрөгүнөн орун табат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Достордун курчоосунда жагымдуу апта өткөрөсүз. Жаңы таанышуулар орун алат. Жайкы эс алууну ойдогудай өткөрбөй калдым деп капаланып жүргөндөргө капилеттен шарт түзүлөт. Алыстан туугандар келиши күтүлүүдө. Ден соолукка кокустан зыян келтирчү нерселерден сак болуңуз. Мисалы, күнгө туура эмес күйүү, эл көп топтолгон жайга баруу, суук тийүүдөн сактаныңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Достор же кесиптештердин арасынан сыры менен бөлүшүп кеңеш сурагандар чыгат. Ишеничти актап, сырды башкага айтпаңыз. Капыстан жолугуп калган таанышыңыз сизге күтүүсүз жаңылык айтат. Маалымат сиздин жашооңузга таасирин тийгизиши мүмкүн. Апта соңунда каржылык абалыңызды анализдеңиз. Көп чыгым коротуу айдын аягында акчасыз калтырышы мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптанын биринчи жарымы жемиштүү болуп, көп ишти бүтүрүүгө жетишесиз. Айлана-тегеректи, жумуш ордуңузду жыйнап тазалоо менен алектенесиз. Бул сизге жеңилдик жана жакшы маанай берет. Майда-чүйдөгө маани берүүчүлүк сапатыңыз сизди чыгымдан же кайсы бир катачылыктан куткарат. Ден соолукта маселе жаралып же жөн гана медициналык кароодон өтүү үчүн бейтапканага баш багасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Бул аптада сизге керектүү болгон негизги сапаттар: чыдамкайлык, сабырдуулук жана туруктуулук. Айланаңыздагы айрым адамдардын аракеттери сиздин кыжырыңызга тийиши ыктымал. Мындай нерселерге көңүл бурбастан, өз ишиңиз менен алектенип, алаксыганыңыз туура. Бардык жасаган иш, сүйлөгөн сөзүңүздүн үстүнөн жеке көзөмөл керек болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Шашылыш бир нерсе жасоодон оолак болуңуз. Антпесе көп катачылык кетирип аласыз. Апта соңунда жакындарыңыз колдоо көрсөтүп кубанасыз. Жумушта жылмайып жүрүү, бирөөлөргө теңелбөө, жетекчилик менен болгон конфликттен качуу сыяктуу эрежелер талап кылынат. Балдарды курс, мектеп же лагерге жайгаштыруу иштери келип чыгат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумушта да, үйдө да сизге чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Ишеничти актап, өз функцияңызды жакшы аткарсаңыз, анын арты менен кадыр-баркка ээ болосуз. Эс алуу үчүн тапкан убактыңызды үй тиричилигиндеги жумуштарга арнайсыз. Натыйжада чарчоону сезесиз, алсырайсыз. Туура тамактанып, уйкуну кандыра уктап, өзүңүздү тонуста кармаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Эски көйгөйлөр жоюлуп, энергияңыз артат. Кыска мөөнөткө эс алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Алдыда сизди чоң иштер күтүүдө. Романтикалуу жолугушуулар да ушул аптада орун алышы мүмкүн. Бойдоктор учурдан пайдаланып, жеке жашоосуна көңүл бургандары оң. Табият кубулуштары чыгымга алып келиши мүмкүн. Үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыздаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жай соңуна чыгышына саналуу күндөр калды. Бирок жаачылар үчүн бул маселе эмес. Алар эс алууга кайдан болсо да мүмкүнчүлүк табышат. Коомдук-саясий сунуштун арты менен чакан иш сапарына чыгышыңыз күтүлүүдө. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен чатакташып калышыңыз мүмкүн. Бойдоктордо да бул жаатта көңүл жылытарлык жаңылык болбойт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Өнөктөшүңүзгө кыялдарды жана сезимдерди ачык айтууга мезгил келди. Жылдыздар сиздин айткан жана ойлогон бардык тилектериңизди орундатышы күтүлүүдө. Каржы маселесинде көйгөй жаралбайт. Сиз үчүн чыгымдарды жана төлөмдөрдү аткарып койгон бирөөлөр табылат. Эмгектен ырахат алам десеңиз, чарба иштери менен алектениңиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Адамдар менен баарлашуу, иш алып баруу оңой жүрөт. Бирөөнү уга билиңиз, кеңеш сураңыз, мамилелерди түздөңүз. Каржы жаатында тартыштык болот. Буга кошумча жакындарыңыз акча сурашы мүмкүн. Жардам бере албай калганыңызга капа болбой, кийинкиңизди ойлоп иштей бериңиз. Сизге кимдир бирөөдөн белек келиши күтүлүүдө.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Аптанын ичи жалаң үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселелери менен өтөт. Айрымдарынын кем-карчын толуктайм деп акча жумшайсыз. Үй тиричилигине керектүү буюм сатып аласыз. Тез чечим кабыл алганыңыз бардык жерден пайдасын тийгизмекчи. Чарба иштерин жасоодо жалгыздабай, бирөөнү кошуп алып иш кылсаңыз убакытты үнөмдөйсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан