Бактияр Токторов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БИЙЛИККЕ СЫН ЭМЕС, СУНУШ АЙТЫШ КЕРЕК”

Ырчы Бактияр Токторов сөздөрүн кооздоп же кагазга оробой эле оюндагыны айткан адам. Маегибиз да ачык, чынчыл, эркин болду.

– Бактияр байке, кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы?

– Жакшы, рахмат. Кыймылда болсоң ден соолукка жакшы деп дачада жумуш кылып жүрөм.

– Жакшы. Бул абал баарыбызды артка кылчайтып, жашообузду анализдөөгө жол ачты окшойт...

– Мен кылчайган жокмун. Мен алдыга гана умтулам. Бул Кудайдан келген сыноо болду. Баарыбыз оңолушубуз керек экен деп ойлонуп калдык болуш керек.

– Ошондо азыр туура эмес жашап жатабызбы?

– Адам дайыма эле туура жашай бербейт да. Бир күндө эле канча жолу ката кетирип, канча жолу оңолобуз. Адам абалга жараша өзгөрөт.

– Тойлордун болбой калганы сизди ойлондурдубу? Кантсе да негизги киреше булагыңыздар ошол эле...

– Кудай ырыскы берсин, киреше кире берет. Мен көп жумушту кыла алам. Башка түшсө байтал жорго. Акчага кызыкпайм. Ырчылардын баары эле ушундай болсо керек, биз ырдагандан ырахат алабыз. Бизге эч ким төлөбөсө да, тойго барбасак да ырдай беребиз.

– Буга чейинки маегиңизде “партиялар тыйын-тыпыр берсе, алар үчүн ырдай беребиз” деген элеңиз. Оюңуз өзгөрдүбү?

– Биз тыйын үчүн ырдайбыз, партиянын көз карашын чагылдырбайбыз. Ырдасак, эл келип жыргап концерт көрүп кетишсин. Шайлоого келгенде өздөрү ойлонуп шайлашсын. “Бактияр, сен үчүн шайлап койдук эле” дебей, “бул байкуш деле бала-чакасын багып жүрөт да” деп ойлошсун. Биз дайыма эл менен болобуз. Эл жактырбаса, шайлоого барбай койсо болот. Ал үчүн өзүбүз биригишибиз зарыл. Биригип каршы чыгышыбыз керек же реформа жасайбыз деп өзүбүз шайлоого аттанышыбыз керек. Шайлабай кайда барабыз? Ошондуктан жакшыларды шайлайлы. Ар райондон 1-2ден өздөрүнүн мыкты, патриот жигиттерин көрсөтсө, ошол жигиттер өтсө жакшы болмок. Сталиндин “кадрлар баарын чечет” деген сөзү бар. Кадрлар күчтүү болушу абзел. Татыктуу депутат, татыктуу министрлер иштеши керек.

– Көзүңүзгө илинген жакшы партия барбы?

– Жакшы партия жок. Бийликтегилердин билим деңгээлин да көрүп жатабыз. Ошол эле адамдар кайрадан талапкер болуп жатышат. Негизи эле адамга акчаны көтөрүш кыйын. Чоңдордун 90 пайызынын акчасы бар, мээси жок. Курсагы ток адамдын иштегиси келбейт. Бирөөнү иштеткиси келет. Ага эч нерсе жакпай да калат. 10 пайызынын гана мээси бар. Бизге мээси барлар керек.

Мурдагыдай көрүп кучакташып учурашайын десең, колуңду түртүп, алыстан учураш деген түр көрсөткөндөрдү көрүп эле жүрөм. “Ой, кечирип кой” деп калам. Байлык өзгөртөт да. Мен деле бай болсом сени менен сүйлөшпөй коёт белем, ким билет?

– Ошентет белеңиз?

– Билбейм эми. Бай болуш кыйын. Мен Кудайга “мага байлык бербе, көтөрө албай бузулуп кетем” деп айтам. Акчасы бар адам эч кимден коркпой калат. Эч кимден коркпогон адамдын тарбиясы бузулат. “Өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп баштайт. Мындай адам министр же депутат болсо, ал элди ойлобойт. Курсагы ач адам барсын дегенден да алысмын. Бийликке Кудайдан корккон адам барышы керек. Жоопкерчиликти сезиш керек. Сүйлөй бербей, бир нерсе чечиши зарыл. Кыргызстанда мен тааныган бир да көзгө илине турган саясатчы жок. Ушундай эле айтайынчы. Бирок мен минтип айтсам эмне болуптур? Бирөө башкача сүйлөп койсо “эркекче айтты”, “бетке айтты” деп видео таратып жиберишет го. Интернетке кирип видео көрөйүн десең деле “жаш бала президенттин, депутаттын бетине айтты” деген видеолор алдыңдан чыга берет. Бетке айта бербей, абалдан чыгуунун жолун сунушташ керек. Президентибиз атабыз болсо, парламент энебиз болсо, энеси атасын урушуп бетке эле айта берсе эмне өзгөрөт? Кыргызстан эчак өнүгүп кетиши керек эле. Түгөнбөгөн кен байлыгыбыз бар.

Президент, депутаттар деле иштеп жатышса керек. Бирок баары өзү менен өзү. Бир нерсе дейин десең, депутат болгондордун бирөө досуң же тууганың болуп чыгат (күлүп).

– Көп белгилүү адамдарга партиялардын тизмесине кошулуу боюнча сунуштар түшүп жатыптыр. Сизге да түштүбү?

– Түштү. Аларга эл тааныган адамдар керек да. Бирок мен эч жакка кошулбайм. Менин билимим жок. Бийликке барууга татыктуу эмесмин. Мамлекеттик жумушта иштеп көргөн эмесмин. “Биз” тобун эле эптеп алайын. Бийликке барууга адам даяр болуш керек. Ал жактан жыгылсаң катуу жыгыласың. Биз эл алдына сахнага чыга алышыбыз мүмкүн. Анда билбесең да билгендей болуп сүйлөп, артист болуш керек. Мен анчалык артист эмесмин (күлүп).

– Саясаттан алыстап, жай турмушту сүйлөшөлүчү. Бош убактыңызда эмне менен алек болгонду жактырасыз?

– Балдарымды эркелетем, китеп окуганга аракет кылам, интернеттен бокс, ыйман-салт тууралуу видеолорду көрөм.

– Кандай китептерди окуйсуз?

– Окуган биринчи жана акыркы китебим Василий Яндын “Монголдордун жортуулу” трилогиясы болду. Мындан тышкары жомокторду жакшы көрөм. Жомоктор бат бүтөт жана кызыктуу. Аларда тарбиялык маани бар, анан акырында жыргап-куунап жашап калгандары жагат. Мага таасир берет.

– Маанайыңыз чөккөндө эмне кыласыз?

– Менин маанайым чөкпөйт. Чөксө 5 мүнөт гана чөгөт. Кайра эле “сага эмне болду?” деп өзүм көтөрүп алам. Эч кимге кек сактабайм. Бардык ийгиликсиздик өзүмдөн, бардык ийгилик Кудайдан деп ойлойм.

– Бактылуу болуу үчүн эмне кылыш керек?

– Бактылуу болом десең рухту тазалаш керек. Рухтун ооруганы жаман. Чөнтөк дөмпөйүп, минген унааң кымбат баалуу, жашаган үйүң заңгыраган болсо да жан дүйнөң ооруп турса бактылуу боло албайсың. Жан дүйнөнүн азыгы дин деп билем.

– Маегиңизге рахмат. Дайыма бактылуу болуңуз!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
tavanova.sarah
2020-08-10 12:53:53
Мээси жок дегенин))))))
Дайыма ачык айрым аябай сонун маек беретда!)))
Ийгилик, уй-булоонузго тугонбос бакыт каалайм!
+3
ALATOOLUK.JIGIT
2020-08-10 21:03:20
катындарга окшоп жымсалдай бербей тарс-тарс эркек адам ушинтип суйлойт.
+4
Eminahanym
2020-08-11 16:29:20
Жан дүйнөнүн азыгы -ДИН. Азаматсыз Бахтияр ава. Денсоолукта болунуз.
+3
yomaHA
2020-08-11 18:42:30
120 депутат чыпалагыңызга тең келбейт Азаматсыз.Билбесе да билгендей боло бергендердин сап башында Анжелика Айзада.
+3
NSKA
2020-08-11 22:48:09
Сонун маек болуптур, тарс тарс сүйлөгөн, ачык айткан мырза, урматка татыктуу.
+4
Muratmipa
2020-08-13 13:47:51
Башкысы же жонокойсуз да бактылуу болун
0
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан