Биз социалдык тармакта

АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА ООРУКАНАДАН ҮЙҮНӨ ЧЫКТЫ

Автокырсыкка кабылып, ооруканада дарыланып жаткан ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан үйүнө чыкты. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди:

– Асел Кадырбекованын ден соолугу учурда жакшы. Ал ооруканадан үйүнө чыкты. Үйдө дарылануусун улантып жатат,- деди дарыгер.

Эскерте кетсек, ырчы Асел Кадырбекова быйыл 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган. Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Imon7
2020-08-10 09:13:36
Молодец
0
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан