Куудул Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмония илдети менен жабыркап, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аймактык ооруканадан дарыланып, айыгып чыкты. Бул тууралуу куудул буларды айтып берди:
– Ооруп райондук ооруканага кайрылсам, мага эки тараптуу пневмония диагнозун коюшту. Ооруканага жатып дарыландым. Буюрса, толук айыгып үйгө чыкканыма 5 күн болду. Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам. Айыктырган врачтарга ыраазымын.