– Айттап жүргөндө досум мага ушул кабарды жөнөтүптүр. Үй-бүлөм жанымда болгондуктан аларга “ушундай тамаша болуптур” деп түшүндүрүп койгонум жакшы болду. Анткени мен өлсөм мага эмес, жакындарыма оор болмок. Жалган маалымат болсо деле жакындарым, өзгөчө жубайым оор кабыл алды. Аларга тааныш туугандар, достору көңүл айтып жатышты. Динге аралашып жүргөндүктөн өзүм муну Кудай мага өлүмдү эскертип жатат деп кабыл алдым. Маалымат тараткан адамды издеп же ал тууралуу жаман ойлонуп убара болгон жокмун. Марлен Жолдубаев аттуу жигит мага өзү байланышты. Ал: “Марлен Жолдубаев менмин. Бирок жалган маалымат тараткан мен эмесмин. Атымды пайдаланышыптыр. Мен өлүм менен ойнобойм. Азыр сизден да мага оор болуп жатат. Менин дарегиме жаман сөздөр, каргыштар айтылып жатат. Мен фейк аккаунт аркылуу жалган маалымат тараткан адамды таап бергиле деп күч органдарына арыз жаздым”,- деди.