ХАБИБ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮНҮ САМАГАН JUSTIN ГЭТЖИ

Күрөш ыкмалары же көпкө кармоо менен жеңишке жетишүү – бул мушкер үчүн эмес. Ал дайыма атаандашын нокаутка учуратууну көздөйт. Учурда ал айтылуу Хабиб Нурмагомедов менен боло турган беттешке кызуу даярдык көрүп жатат. Анда сөз убактылуу UFC чемпиону Жастин Гэтжи тууралуу болсун.

Аты-жөнү – Жастин Рэй Гэтжи

Туулган жылы – 1988-жыл, 14-ноябрь

Туулган жери – АКШ, Аризона штаты, Саффорда шаары

Салмагы – 70 килограмм

Бою – 180 сантиметр

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Учурда – Жеңил салмактагы убактылуу UFC чемпиону

ММА`де беттеши – 24. 22 жеңиш, 2 жеңилүү

КИЧИНЕСИНЕН ЭЛЕ МЫКТЫ АТТЫККАН СПОРТЧУ

Жастиндин Маркус аттуу түгөйү бар. Атасы германиялык, апасы мексикалык болгону менен, эки уулу тең Американын жарандары. Жастин 4 жашынан тартып эле күрөш менен алектене баштайт. Мектеп курагында эркин күрөш боюнча жакшы жыйынтык көрсөтүп, Аризона штатынын бир нече жолку чемпиону болууга үлгүрөт. Кийин колледжде окуп жүргөндө да күрөш менен машыгуусун улантып, өлкөдөгү мыкты балбандардын катарын толуктап келген. Мындан тышкары футбол, бейсболдо да ойногон. Бирок бул спорт түрлөрү Жастинди кызыктыра алган эмес.

Студент кезинде эрежесиз уруш өнөрүнө кызыгуусу артат. 2011-жылы ММА`де «Ring Of Fire» спорттук бирикмесинин алкагында өткөн дебюттук беттешинин биринчи раундунда эле атаандашын нокаутка учуратат. Алгачкы кадамды ийгиликтүү таштаган Гэтжи кийинки 6 беттешинде тең жеңишке жетишет. Мындай чапчаң аракет, мыкты соккулар көз жаздымда калчу беле? Жаш мушкер америкалык WSOF уюмунун көңүлүн бурат. WSOF уюмунда өткөргөн 3 беттешинде тең жеңишке жетишип, 4-беттешинде эле чемпиондук курдун ээси болот. Жастин чемпиондук курду 6 жолу татыктуу коргоп, жеңилүү эмне экенин билбестен WSOF’тогу сапарын жыйынтыктайт.

UFC`ДЕГИ УДАА ЖЕҢИЛҮҮЛӨР

Өзүн чоң алкакта көргүсү келген Гэтжи миңдеген мушкерлердин кыялы – UFC’ни көздөй аттанат. “Эми UFC`ге болгон саякатым башталды. Таптакыр башка деңгээл, күчтүү атаандаштар, баары кыйын... Алдыда мени эмне күтүп турат, билбейм, бирок аракет кылам. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн Дана Уайтка рахмат” деп UFC уюму менен келишим түзгөнүн билдирген.

2017-жылы UFC`де Жастин америкалык Майкл Жонсонго каршы беттешип, аны экинчи раундда техникалык нокаут менен утат. Мушташтан мурун Гэтжинин үй-бүлөсүнө карата намыска тийген сөздөрдү айтканы үчүн ал рингде Майклды өлтүрүү ниетин билдирген. Кезинде бул кездешүү “жылдын мыкты беттеши”, “мыкты дебют” наамдарына татыган.

Гэтжинин кийинки эки беттеши катары менен ийгиликсиз болду. Бул сапар мушкер америкалык Эдди Альвареске каршы октагонго чыгып, нокаутка учурап, карьерасында алгачкы ирет жеңилүү ызасын тартат. Кармаш “кечтин мыкты беттеши” сыйлыгына татып, Жастин 50 000 доллар гонорарга ээ болгон. Жеңилүүнүн артынан жеңилүү. Америкалык мушкер Дастин Порье менен болгон беттеш да мушкердин эсебине чечилген жок. Удаа жеңилүүлөр мушкерди бир силкип өткөн сыңары. Кийинки каршылаштары Жеймс Вик, Эдсон Барбоза жана Дональд Серронени илгиртпей жеңип алган.

ГЭТЖИНИ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАРГАН UFC 249

UFC 249 турниринде көпчүлүк чыдамсыздык менен күткөн эзелки атаандаштар Хабиб-Тони беттешмек. Тилекке каршы, кез келүүдөн жолу болбогон эки мушкер пандемияга байланыштуу бул ирет да октагондо жолуккан жок. Хабибдин ордун алмаштырган Гэтжинин жамгырдай жааган соккуларына Тони Фергюсон туруштук бере албады. 8 жылдан бери жеңилүү эмне экенин унуткан Тонини жеңип, Жастин жеңил салмак чениндеги убактылуу UFC чемпиону аталды. Ал Хабиб, Конор, Тони сыяктуу айтылуу каармандардын көлөкөсүндөгү персонаж эле. Бирок акыркы жеңиши аны жаңы деңгээлге чыгарды. Муну менен ал учурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды. Көптөн күткөн кыялы орундалган Гэтжи: “Хабиб эң мыкты. Мен күрөш менен 4 жашымдан бери алектенип келем. Орусиянын мыкты мушкери менен кез келериме кубанып жатам. Ал 28:0 менен келе жаткан жалгыз мушкер. Башка сыноону каалабайм, аны менен гана беттешким келет. Керек болсо октагондо өлүүгө даярмын”,- деп агынан жарылган.

ГЭТЖИ ОҢОЙ АТААНДАШ ЭМЕС

Гэтжи ызы-чуусу жок мушкер. Бирок атаандаштын короосуна таш ыргытканды билет. Анын “Конор түпкүрүндө коркок. Эгер мен аны менен мушташсам, анын коркок экенин дүйнөгө далилдейм. Бирок ал муну каалабай эле” деген чакырыгын Макгрегор көмүскө калтырганы менен, бул кадамы Фергюсон менен болгон беттешке жол ачты.

Убактылуу чемпион болгон Гэтжи чемпиондук курду жерге таштап: “Мага бул эмес, чыныгы чемпиондук кур керек”,- деп Хабибдин куруна кызыкдар экенин билдирген жайы бар.

“Утамбы, утуламбы, мага баары бир. Кандай болбосун Хабиб менен беттешишим керек. Мен бул үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Мейли, Хабиб мени өлтүрүүгө аракет кылсын. Эгер ал муну кылбаса, мен аны сыйлабайм” деген Жастин максатына жарым-жартылай жетти, алдыда аны Хабиб менен болгон беттеш күтүүдө. Ал бул беттеш үчүн баарына даяр. Керек болсо Дана Уайт менен чатакташууга да.

Гэтжинин командасы каршылашты мыкты анализдеп, ага карата даярдык көрүшөт. Мушкерде коргонуу күчтүү. Ар бир беттеште лоу-кики, слам сыяктуу күрөштүн түркүн ыкмаларын колдонот. Тейкдаун жасап коймой да жайы бар. Атаандашка каршы туруп иштегенди да мыкты билет. Нокауттардын атасы, анын жеңиштери сөзсүз нокаут же техникалык нокаут менен келет. Анан калса кичинесинен тартып күрөш менен алектенет. Эң негизги анын эрежеси – каршылашка эс алууга мүмкүнчүлүк бербөө. Андыктан бул жигит Хабибге оңой атаандаш эмес.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
bayern-munchen
2020-08-17 14:02:38
Мен Гейджинин бойлорун кызыгуу менен коромун аябай соонун урушат коруп ырахат аласын ушул бала чемпион болсун!
+1
oshondoiraak
2020-08-18 13:23:22
Хабиб биринчи раундда поюзун келтирет
-1
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан