Парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө аймактык-административдик реформа жасалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 8-августта радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Президент Жээнбеков мамлекеттик түзүмдө бири-биринин ишин кайталаган органдарды кыскартуу учурдун талабы деген пикирде.
“Аймактык-административдик реформа тууралуу көп сөз болду. Бирок ар кандай себептерден улам жасалбай келди. Биз буга даярбыз. Парламенттик шайлоодон кийин биз бул ишке киришебиз, реформа жасалат”,- деди президент.
Өлкөгө аймактык-административдик реформа зарыл, жергиликтүү бийликтин иши эффективдүү болбой жатат деген пикир көп жылдан бери айтылып келет. Ал реформанын алкагында облустарды жоюп, райондорду бири-бирине кошуп ирилештирүү керектиги да сунушталып жүргөн. Мисалы, экс-депутат Исмаил Исаков облус, район жана айыл өкмөттөрдү жоюп, ордуна 15тей аймактык орган түзүүнү сунуштап чыгып, демилге аягына жеткен эмес. Сооронбай Жээнбеков сөз кылып жаткан реформанын маңызы, аны ишке ашыруу жолдору боюнча азырынча коомчулукта маалымат жок.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg