ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

КОТОН ЖАРА ООРУСУ ТУУРАЛУУ
Котон жаранын экинчи мезгилинде көбүнчө тулку бойго, колго тактар чыгат. Тактын өңү кызыл болот. Тактар кычыштырбайт, бети карттанбайт. Эгер ошол такты чойсо, өңү бозорот, коё берсең, кайра кызыл өңгө келет. Тактардын чыгышы 2-3 аптадан 5-6 аптага дейре созулуп, анан жоголуп кетет. Ушул мезгил аралыгында котон жара күчөй баштап, ооруган адам өтө жугуштуу болуп эсептелет.

КОТОН ЖАРАНЫН 3-МЕЗГИЛДЕГИ БЕЛГИЛЕРИ
Котон жара кан аркылуу бүткүл ички органдарга тарап, оорутат. Адамдын жүлүнү жана баш мээси керектен чыга баштайт. Күрөө кан тамырлар жарылып кетиши мүмкүн. Адамдын сөөктөрү чирүүгө өтөт. Адам дарыланбаса, бүткүл ички органдары чирип, өлөт. Андыктан ооруну жугузуп алган адам убагында дарыланса, толук айыгып кетерин эске алуусу зарыл.

КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?

  1. Кокустан жыныстык катнашка барбоо кажет.
  2. Жыныстык катнашта презервативди сөзсүз колдонуу керек.
  3. Эгер кокустан жыныстык катнаш болуп кетсе жана төшөктөгү шеригиңиздин таза эместигинен шекшип калсаңыз, денеңиздин баарын кир самын менен кайра-кайра жууңуз.
  4. Анан 0,05 хлоргексидин биглюконат эритмеси менен жыныстык органдарды жакшылап сүртүү керек.
  5. Эркек “алигисиндеги” заара чыгуучу каналына 2 же 3 пайыздуу проторгал дарысынын эритмесинен 6-8 тамчы куюшу зарыл. Анан дары таасир бериши үчүн 2-3 саат заара ушатпоо керек.
  6. Аял заара чыгуучу каналына хлоргексидин биглюконат эритмесинен 8-10 тамчы куюп, 2-3 саат заара ушатпоосу кажет.

ЭРКЕКТИН ТУКУМСУЗДУГУНУН СЕБЕПТЕРИ
Эркектин эки жумурткасы кичинекей болуп өспөй калганда, эки жумурткадан чыккан урук клеткаларын алып жүрүүчү 2 өткөөлү сезгенгенде же ички каналы бүтөлүп калганда баласыз болот. Кээ бир эркектердин төрөлгөндө эле 2 жумурткасы калтасына түшпөй, чаткаяктын каналынын ичинде калат. Ал жерде 2 жумуртка ысыйт да, ичиндеги урук клеткалары өлүп калат. Ошентип, 2 жумуртка кийин иштебей калат. Андыктан уул бала төрөлөр замат жумурткалары ордундабы билүү керек, эгер жок болсо, тезинен дарыгерге көрсөтүү зарыл.
Эркек аялы менен күнүгө 2-3 ирет жыныстык катнашка барса да бала болбойт. Анткени эркектин урук клеткалары бышып жетишпей калат. Ошондой эле жубайлар жыныстык катнашка сейрек барышса да бала болбойт. Кээ бир эркектердин дене түзүлүшү, жыныс органдары жайында болгону менен, урук клеткалары табиятынан жок болот.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kurmanbek_81
2015-08-06 15:38:12
Гербес оорусу боюнча кенири маалымат беринизчи, жыныстык жактан кандайча жугушу мумкун кандай даарыланса болот рахмат
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан