9-августта Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБдеги өнөктөшү Беларуста кезектеги президенттик шайлоо өттү. Ага өлкөнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко баштаган 5 талапкер катышып, Лукашенко жеңип чыкты. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта добуш берүүгө шайлоочулардын 84,23 пайызы катышканын, анын 80,23 пайызы Лукашенко үчүн добуш бергенин жарыялады. Лукашенконун башкы атаандашы делген Светлана Тихановская 9,90 пайыз добуш алса, калгандары 2 пайызга жетпеген добуш алышты.
Александр Лукашенкону кайра президенттикке шайланышы менен биринчилерден болуп Орусия, Кытай, Казакстан жана Кыргызстандын өлкө жетекчилери куттукташты.
Беларустагы бул жолку шайлоо ызы-чуу менен коштолууда. Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес миңдеген жарандар Минсктин борбордук бөлүгүнө топтолуп, ызы-чууну басууга күч кызматкерлери тартылды. Чогулгандарды күчтөп таратууда каза болгондор, жаракат алгандар болду. Минск шаарында абал турукташа элек.
Айта кетсек, Александр Лукашенко Беларусь өлкөсүн 1994-жылдан бери башкарып келе жатат. Ал “Европанын акыркы диктатору” деп да аталып жүрөт.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg