"Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев быйылкы парламенттик шайлоого катышпай турганын жарыялады. Бул тууралуу Төрөбаев 10-августта социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазды.
"Парламенттик шайлоого корой турган акчаны элге, медицина жана билим берүү тармактарына жумшайын деп чечтим. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы реформа жасаган, өзгөртүү алып келген парламент болоруна көзүм жетпейт. 5 жылдын ичинде кийинки парламенттик шайлоого, биз шайлоочунун оюн, ой жүгүртүүсүн, мамлекетке болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү боюнча иштерди алып барабыз. Ошондуктан бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм",- дейт Төрөбаев.
Жогорку Кеңешке бир нече жолу депутат болгон, өз партиясын түптөп, 2010-2015-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен саясатчынын жарышка аз калганда “шайлоого катышпайм” дегени түрдүү пикирлерди жаратты. Коомчулукта Төрөбаев жарышка түшүүдөн өз каалоосу менен эмес, аргасыздыктан улам четтеди деген пикирлер басымдуулук кылууда. Ал саясатта эмес, бизнесте коомго пайдалуу болорун айтып колдогондор да бар.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg