БИР БҮРКҮМ. ЖАЗДАН БЕРИ ӨЛКӨГӨ 25 МИҢДЕЙ ЖАРАН КАЙТЫП КЕЛДИ...

  • Кубатбек Боронов: "Коммерциялык банктардан насыя алуунун шарттары жөнөкөйлөштүрүлөт".
  • Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягынан баштап жүргүзүлөрү айтылды.
  • Ушул жылдын март айынан тарта Кыргыз жерине 25 миңден ашык жаран кайтып келди.
  • Өлкөдө жолдорду оңдоого жана тейлөөгө бюджеттен каралган акча эпидемияга байланыштуу 570 миллион сомго кыскартылды.
  • 12-августта Екатеринбургдан Бишкекке чартердик каттам менен 166 Кыргыз жараны кайтып келди.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барды.
  • Мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова 83 жаш курагында дүйнө салды.
  • Чынасыл Чыныбаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды.
  • 10-августтан тарта Баткен облусунда коомдук транспорттордун каттоосуна уруксат берилди.
  • Кыргызстанга сырттан келгендерден анализ алынбайт жана обсервацияга жаткырылбайт.
  • Хакасияда 12-августта жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза болду.
  • Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүүгө арыз жазды.
  • Кытайдын президенти элин азык-түлүктү үнөмдөөгө чакырды.
  • Кыргызстанда виртуалдык окурмандардын саны көбөйүүдө.
  • Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан