Мухтар Атаналиев, ырчы: “АЗЫР ЫРДАП ЭМЕС, ЫЙЛАЙ ТУРГАН ЗАМАН”

Чыгармачыл адамдар башкача болушат. Тынбай өзүн-өзү издеген адамдын бири Мухтар Атаналиев деп ойлойм. Ырчы болду, тасма тартты, эми балдарга кыргыздын түпкүлүгүн үйрөтүү менен алек болуп жаткан экен. Руханий байлык, достук тууралуу көп темада маек курдук. Адатта биз каршыбыздагы адамдардан эмне жаңылык бар деп сурасак, бул жолу Мухтар агай суроо менен кайрылды.

– Кандайсыңар, жакшы жүрөсүңөрбү, эмне өзгөрүүлөр бар?

– Биз жакшы, мурункудай эле. Сизде эмне өзгөрүүлөр бар?

– Менде өзгөрүүлөр көп (күлүп). Эл менден “эмнеге ырдабай калдыңыз?” деп сурашат. Мен “азыр ырдап эмес, ыйлай турган заман” деп коём. 30 жылдан бери өлкөбүз эмгектеп, жакшы баса албаган баладай эле келе жатат. Анан кантип ырдайсың? Ар бир бешинчи кыргыз мигрант болуп кетти, чоңдорубуз бети тултуйтуп элди тоноп жатышат. Анан кантип шаңкылдап ырдай аласың? Ырчылыкты токтотконума 15 жылдай болду. Ырчылар же бул кесип жаман деген нерсе эмес. Тескерисинче, чыгармачыл чөйрөдө жүргөн инсандардын жүрөгү ачык, жакшы адамдар болушат. Болгону мен өзүм үчүн руханий нерсени издеп кеткем. Кийин тасма аркылуу элде болуп жаткан көйгөйдү берейин деп тасма тартып жүрдүм. Азыр балдарды тарбиялап жүрөм. Азыркы балдардын мекенге болгон сүйүүсү жоголуп бара жатат. Көзү ачыла электе “Япония мыкты, АКШ күчтүү, Кыргыз жери артта калган” дегенди угуп, көрүп, көкүрөгү ошол нерсе менен калыптанып жатат. Эртең боорун көтөрсө эле чет өлкөгө кеткиси келет. Ошондуктан өспүрүм балдар үчүн лагерь уюштуруп, кыргыздын түпкүлүгүн тааныштыруу менен алек болуп жүрөм. Аларга жаа атканды, атка мингенди үйрөтөбүз, ата-бабасы кандай баатыр болгонун айтып беребиз. Кыргыздын мыкты, түпкүлүгү бар, уюткулуу журт экенин азыртан айтып, мекенчил кылышыбыз керек.

– Ырчылыкка чоң каалоо менен келишет эмеспи. Сизде кандай болгон?

– Каалоом күч болсо 18 жашымдан эле ырчы болмокмун да. Мен ырчылыкка кийин келдим. Ал дагы каалоом күчтүү болгондон эмес, кокустуктардан улам болгон. Кичинемден эле ыр, обон жазып аткарып жүрчүмүн. Досторум “көп ыр жазып, ырдап жүрөсүң, сахнага ырдап чык” деп калышты. Бир ырдап көрүп элге жагып калдым, ошону менен ырчы болуп кеттим. Кыргызстанда мен барбаган айыл калган эмес. Азыр тамашалап “ырчылардан президент болушу керек, анткени элдин көйгөйүн, кайсы айылда эмне бар, эмне жок экенин билишет” деп калам. Кээде “жылдыз” деп калышса, “жөнгүлөчү, мен Мухтар элемин” деп айтчумун. Ырчылык менин адам болуп калыптанышыма, ак-караны айырмалап билишиме чоң мектеп болду. Ырчы болгонума эч өкүнбөйм.

– Ырчылыкты жыйыштыргандан кийин өзүңүздү кайсы кесиптен таптыңыз?

– Кичинемде “ким болосуң?” деген суроого “аксакал болом” деп жооп берчү элем. Мен аксакал болдум. Акылдашып кебимди уккандар бар. Кино тартуу менен деле өзүмдү көрсөткүм келген жок, ичимдеги жүрөгүм айтып жаткан ойду элге жеткирүүнүн бир жолу болду. Пайда деле көргөн жокмун. “Кантип адамдык миссиямды аткарып кетем?” деген ойдо эле жүрө берем. Азыр балдарды тарбиялап жатам. Эми бир ушу элди кор кылбай, мыкты багып кете турган чыгаан адамды издөө менен убарамын. Тарыхта деле ханды эл өзү көтөрүп келип шайлаган, ошондой адамды издеп жатам. Эмдиги президенттик шайлоого чейин убакыт бар. Кыргыздын түпкүлүгүн жоготуп койдук, эми табыш керек. Табуу үчүн мыкты лидер керек.

– Биз түпкүлүгүбүздү качан жоготуп койдук?

– Орустар келип бийлигин жүргүзүп, идеологиясын таңуулаганда жоготтук. Ошондо башыбыз адашып калып, ушуга чейин өзүбүзгө келе албай жүрөбүз. Учурда баатыр деп тааныгандарыбыз ошол кезде кыргыздын келечегин сатып коюшкандар. Ал эми “басмачы” атка конуп элди сактап калабыз дешкендер чыныгы баатырлар болгон.

– Сиздей адам менен жашоо келинчегиңизге кыйын болсо керек?

– Кыйын. Мен азыр 50 жылдан кийин боло турган нерсе үчүн иш кылып жатам. Аны бардык аялдар түшүнө бербейт. Тиричилик, каражат, башка деген нерселер болот. Бирок жубайым мени түшүнөт. Өзүбүзгө жете турган каражатыбыз бар. Шүгүр кылып жашап, ошого бактылуубуз.

Мен тасма тартып жүргөндө жанымдагы сумкамда 30-40 миң доллар болсо да эл катары маршруткада жүргөн күндөрүм болгон. Акчанын азы-көбү мени ойлондурбайт. Көп жолу банкрот деле болдум. Бул нерселер мени коркутпайт деле. Бир коркконум – мага Жараткан нааразы болуп калбашы керек. Менден иренжип калганынан ушунчалык корком.

– Пандемиядан улам Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Чубак Жалилов сыяктуу залкарлардын көзү өтүп кетти. Бул адамдар менен тааныш белеңиз?

– Ар бири менен жакын элем. Эң жакын адамдарындай эле күйдүм. Өзүмдү жоготуп койдум. Негизи дос өмүр бою коштоп жүрөт да. Эсептесем, концерт болобу, тасмама болобу досторумдан эле 200 миң доллардай жардам алыптырмын. Көп жерден колдошту, баарына ыраазымын. Элмирбек менен да жакшы мамиледе элем, ооруп жатканда жолугуп Токтогул Сатылганов тууралуу тасма тартып, маек алгам. Ал акынды Элмирбек билгендей эч ким билчү эмес. Ошо акыркы жолугушубуз болду. Чубак ажы ар бир киномдун сынчысы болчу. Даяр болгондо сөзсүз ага биринчи көрсөтүп, сынын укчу элем. Көргөндө да ичине кирип көрчү. “Үркүн” тасмамды көрсөтүп жатсам Манас айткан жеринде кошо обдулуп көргөнү эсимде. Жакындарынын жаны кандай кейисе, меники деле ошондой болду, өлүп-тирилгендей болдум.

– Маркум Мухтар Өмүракунов жана коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек менен тайпалаш болгон экенсиз. Ошол күндөрдү эстеп бербейсизби...

– Мухтар экөөбүз чогуу окуп, бир жатаканада жатчу элек. Экөөбүздүн атыбыз окшош, “Мухтар” дешсе “кайсынысы?” дешер эле. “Сарысы” десе, “экөө тең сары го” дешчү. Ошон үчүн мени “тармал Мухтар”, аны “түз Мухтар” деп коюшчу. Президент боло тургандай акылы, күчү, дарамети бар эле. Бирөөнүн иши чыкса, өзүнүкүн таштап салып ошол жакка жумшачу. Досум эрте кетти, мыкты инсан болчу. Мыктыбек болсо өзүнчө феномен. Жаңычыл, эч нерседен коркпойт. Окуп жүргөндө Мыктыбек Арстанбек, Бек Борбиев, Гүлнара Тойгонбаева болуп чогуу жүрчүбүз. Менин биринчи клиптеримди тарткан да Мыктыбек болгон. “Сен ырдай аласың, клиптериңди мен тартып берем” деп аэропортко алып барып өзүнүн кийимдерин кийгизип, ар башка образ кылып бир күндө 3 клип тартып берген. Мен ”эми кандай клип болот?” деп эле калдым. Укмуш тартыптыр. Эл мени ошол 3 клип менен тааныды. Андагы образым да өзүмө аябай жакты. Чыгармачылыгымда анын чоң салымы бар. Эгерде ошол клиптер элге жакпай калса, ырчы болбой калмак болушум керек. Анткени мамлекеттик чоң кызматка кеткени жаткам. Ырчылык образым жагып калып, аны таштап сахнага кеткем. Анан “Супер-Инфо” гезити дагы жүрөгүмө жакын. Анткени эң биринчи санына менин маегим чыккан эле. Ал кезде мен эл көңүлүндө турган кезим болсо керек. Ошондон бери эле маек берип келе жатам (күлүп).

– Маегиңизге рахмат. Дүнүйөдөн колу бошоп, руханий байлык издегендер учурда аз. Иштериңиз ийгиликтүү болсун!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
karakyz23
2020-08-17 16:36:23
Жан дүйнө менен берген маекти окусаң да эс алып каласың...
+6
Dani
2020-08-17 19:58:32
Азаматсыз Мухтар байке,кино ыр баарына 5
+4
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан