– Өзүңөр билгендей, Өзбекстанда өтүп жаткан сынакка бир жылдан бери катышып, эң мыкты 15 ырчынын катарына кошулдум. Комуз менен ырдап, салттуу музыкага салым кошуп, 300дөй шакиртиме комуз чертүүнү, дастан айтууну үйрөтүп келем. Мына ушунун баары министрдин көз жаздымында калбаган экен. Андан тышкары Түркияга, Казакстанга барып өлкөнүн желегин желбиретип, байгелүү орундарды алып келем. Сыйлык алам деп ойлогон эмесмин, эч кандай аракет кылган жокмун. Бирок эмгегимди баалап сыйлык беришкенине кубанычтамын. “Күйдүм, сүйдүм, шоколад жейм” деп ырдаган айрым кесиптештериме караганда мен өзүмдү бул сыйлыкты татыктуу алдым деп эсептейм. Сыйлыкты алгандан кийин жоопкерчилик көбөйдү. Элге дагы жакшы дастандарды айтканга бел байладым. Бул сыйлык устаттарымдын сыйлыгы десем болот.