“Экөөнүн мүнөзү эки башка, бирок дайыма чогуу жүрүшөт”. Мындай фразаларды элден канча ирет уктуңуз жана алардын айтканы чындыкка төп келеби? Эмесе төмөндөгүнү окуп, мүнөз жагынан жигитиңиз экөөңүз канчалык айырмалана турганыңызды билиңиз. Жана мамилени улантуу же үзүү тууралуу ой жүгүртүп көрүңүз.
1. АЛ – ФИЗИК, СИЗ – ЛИРИК
Башкача айтканда, ал техникага жакын, а сиз романтика менен поэзияны баалаган жансыз. Эгер ал аз да болсо поэзияга кызыгып, бир-эки сап жатка айта билсе, анда сиздердин мамиледе анчалык маселе жок. Эгер ал поэзияга, дегеле чыгармачылыкка кол шилтеген жан болсо, анда жан дүйнөсү сиздики менен төп келбейт.
2. АЛ – ЭКСТРАВЕРТ, СИЗ – ИНТРОВЕРТ
Тактап айтканда, ал – көңүл ачуучу (экстраверт), а сиз болсо – үй күчүк (интроверт).
Ал достордун компаниясында эс алып, көңүл ачып жүрсө, сиз китеп кармап үйдөсүз. Анын компанияларда болушу сиздин эс алууңузга тоскоол болбосо жана сиз менен тамак үстүндө сүйлөшүүнү бааласа, анда коркунучтуу эч нерсе жок. Эгер ал бир орунда турбай, сиз болсо аны дайыма күтүүдөн чарчап баратсаңыз, анда мамиле узакка барбайт.
3. СИЗ – БАЛА КЫЯЛ, АЛ – КАКШЫКЧЫЛ
Сизде балалык мүнөздөр сакталган. Түнкүсүн жумшак мамалакты же панданы кучактап уктайсыз. Ал болсо сизди кээде ачык, кээде ичинен мыскылдап, какшыктайт.
Эгер ал сизди бул үчүн гана мыскылдаса бир жөн. Жаманы, жаныбарларды жаман көрүп, ит-мышыгыңызды тепкилөөгө чейин жетсе.
Мындай болсо, бири-бириңиздерди түшүнүү кыйынга турат.
4. АЛ – ГЕЙМЕР, СИЗ – ОЮНДАН АЛЫС ЖАН
Ал – виртуалдуу оюндарды баалаган жан (геймер), сиз болсо тескерисинче дейли. Мындай учурда жигитиңиздин кызыкчылыгын эске алууңуз керектелет. Болбосо, чогуу эс алуу жана бири-бириңиздердин оюңуздарды колдоо кыйынга турат. Мүмкүн, интернет оюндары сизге да жагып кетер.
5. АЛ – ЭРКИН МАМИЛЕНИ БААЛООЧУ, СИЗ – БИРӨӨГӨ БЕРИЛГЕН
Башталышында анын мындай мүнөзү менен келишүүгө болот. Бирок кийин анын “мен эркиндигимди сактап калгым келет. Качан, кайда барарымды жана ким менен сүйлөшөрүмдү эч кимге айтууга акылуу эмесмин” дегендери кыжырыңызды келтире баштайт. Демек, мамилени үзүүгө туура келет.
6. АЛ – ЭГОИСТ, СИЗ – ЖАРООКЕР, ЭЛПЕК
Сиз балдарды сүйүп, карыган ата-эне жана туугандарга жардамдашууну баалайсыз. Ал болсо мурдун чүйрүп гана турат. Демек, бири-бириңиздерге дал келбейсиздер.
7. АЛ – ЭМГЕКЧИЛ, СИЗ – ЖАЛКОО
Сиздин кийимдер ар жерде жатат жана сумкаңыз керектүү-керексиздерге толгон. Эгер өзүңүздү тартипке чакырып өзгөрүлбөсөңүз, анда жигитиңиздин сынын угууга көнүңүз. Же болбосо, андан кетүүгө туура келет.
8. АЛ – КАЙСЫ БИР ИДЕЯНЫН ФАНАТЫ, СИЗ ТЕСКЕРИСИНЧЕ
Кайсы бир идеяларга берилген жигиттер болот. Эгер ал өз көз карашын айтуудан тажабай, кодекс жана эрежелерди жаттаса, анда андан эртерээк кол жууган жакшы. Анткени ал сизди да өзү баалаган идеяга сугаргысы келгени аз келгенсип, сизге эркек катары көңүл бура албайт.
ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ
Эгер сиз түгөйүңүздүн жакшы-жаман жактарына чыдап, сүйүүмдү сактайм десеңиз, эрк өзүңүздө. Анда биз сизге бакыт гана каалайбыз.
САГЫНЫЧ ЫРЫ
Сары-Челек, Сакалды,
Сагындым сойку Апалды.
Сарайда жаткан түн эсте,
Сооруңа төшөп бакалды.
Сай сагызган сайда экен,
Апалым менин кайда экен?
Түнү менен уктатпас,
Секстин өзү пайда экен.
Апалым, ач эшикти,
Бүтөгүн айнек, тешикти.
Кабыл ал, сулуум, кейибей,
Аялдан калган “кешикти”.
Көк-Сарай менен Арпачы,
Эмчегиң менден катпачы.
Дүүлүгүп зорго турганда,
Дамбалчан, жаным, жатпачы.
ДАМБАЛ УУРДОО ЫРЫМЫ
Үй-бүлө кургандарга, албетте, биринчи кезекте бала керек. Ушундан улам жаш жубайларга туугандары: “Ылайым артыңарды мал, алдыңарды бала бассын”,- деп бата бергендери бекеринен эмес.
Эми мурдагы кездеги балалуу болуу ырымына кайрылсак.
Эгерде жаш келин көп убакытка дейре боюна көтөрбөсө, өзү же анын жакындарынын бири көп балалуу аялдын дамбалын уурдоосу керек болгон. Ырымдап уурдап келген дамбалды келинге кийгизишкен. Ошондон көп өтпөй ырым өзүн актап, келин боюна көтөргөн. Көбүнчөсү эркек балдарды көп төрөгөн аялдын дамбалын уурдашкан. Бул ырым бүгүнүкү күндө колдонулбай, унутта калган.
Астра Айдарова
erotika@super.kg