Эгер кышкысын мөмө-жемиштердин аңкыган жыты, даамы сизге жайкы маанай тартууласын десеңиз, анда алардан джем, повидло жана желе жасап, кышкы кампаны толтуруңуз. Булар нанга сүйкөп жегенге сонун. Ошондой эле таттуу десерттерди жасоодо кеңири пайдаланууга болот. Джем, повидло жана желе бири-биринен эмнеси менен айырмаланат? Суроого жооптуу төмөнкү макаладан табасыз.
Желе – мөмө-жемиштердин ширесинен жасалат. Курамында пектини аз мөмө-жемиштерден желе даярдоодо ширени коюулантуу үчүн желатин, агар-агар же пектин кошууга туура келет. Алсак, 1 литр ширеге 20 грамм желатин туура келет. Эгер коюулантуучу заттарды пайдалангыңыз келбесе, анда 1 литр ширеге 700-900 граммга чейин кумшекер кошсоңуз болот.
КУЛПУНАЙ ЖЕЛЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай – 1,2 килограмм
Кумшекер – 1,5 килограмм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кулпунайды жууп, тазалап, эзип алып, жай отто 7-8 мүнөт кайнатабыз.
2. Бир аз муздаган соң дакини кабаттап алып же электен сүзүп өткөрүп данектерин тазалап, бөлүп чыгарып салабыз.
3. Сүзүп алынган ширеге кумшекерди салып, жай отто 30-40 мүнөттөй кайнатабыз. Бул аралыкта шире коюуланып чыгат. Шире кайнап жатканда көбүктөрүн алып, улам аралаштырып туруу керек.
4. Даяр болгон желени ысык кезинде алдын ала бууланган банкаларга куюп, капкагын жаап, кышкыга сактап коёбуз.
Джем курамында пектин заты көп, алсак, алма, кара жана кызыл карагат, бий алма, кара өрүк сыяктуу мөмө-жемиштерден даярдалат. Эгер курамында пектин заты аз кулпунай, алмурут, алчадан джем жасоону кааласаңыз, анда пектин күкүмүн кошууга же болбосо курамында пектин заты бар мөмө менен аралаштырып жасоого туура келет. Пектин күкүмүн джем даяр болгонго 5 мүнөт калганда кошуу керек.
АЛМА ДЖЕМИ
Керектелүүчү азыктар:
Алма – 2 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Даярдоо ыкмасы:
1. Алманы жууп, тазалап, чоң-чоң туурайбыз.
2. Тууралган алманы мискейге салып, үстүн көмгүдөй кылып суу куюп, жай отто 15-20 мүнөт кайнатабыз.
3. Бышкан алманы сүзгүч менен сүзүп чыгарып алабыз да, муздаган соң элекке сүргүлөп эзебиз. Жыйынтыгында алма пюреси даяр болот.
4. Алманы кайнаткан сууга кумшекерди салып, 30 мүнөттөй кайнатып сироп даярдайбыз.
5. Сироп менен алма пюресин аралаштырып, жай отто 20 мүнөт кайнатабыз. Алма джеми даяр! Эгер таттуу джем кааласаңыз, анда дагы кумшекер кошсоңуз болот. Даяр болгон джемди алдын ала бууланган банкаларга куюп, капкагын бекитип кышкыга сактоого болот.
Повидло коюу болгондуктан ар кандай пирогдорду, булочкаларды жасоодо пайдаланса болот. Аны өтө бышкан мөмө-жемиштерден жасоого болот. Алма, алмурут, өрүк, кара өрүк повидло үчүн мыкты негиз болуп бере алат.
КАРА ӨРҮК ПОВИДЛОСУ
Керектелүүчү азыктар:
Кара өрүк – 1 килограмм
Кумшекер – 500 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Кара өрүктү жууп, данегинен ажыратабыз.
2. Мөмөнүн үстүнө кумшекерди себелеп, блендер менен эзип алабыз. Андан соң жай отто коюуланганча 30-40 мүнөттөй кайнатабыз.
3. Даяр болгон повидлону ысык кезинде алдын ала бууланган банкаларга куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз.
Конфитюр – джемдин “жакын тууганы”. Болгону ал коюу жана пектин, желатин, агар-агар кошулгандыктан былкылдап турат. Эгер конфитюрду алма, бий алма, карагат, кара өрүктөн жасасаңыз коюулантуучу заттарды кошуунун зарылдыгы жок.
ШАБДАЛЫ КОНФИТЮРУ
Керектелүүчү азыктар:
Шабдалы – 1,5 килограмм
Кумшекер – 600 грамм
Желатин – 20 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалыны жууп, кабыгын аарчып, данегин алып таштайбыз да, чоң-чоң туурайбыз.
2. Мөмөнү мискейге салып, үстүнө кумшекерди себелеп, жай отто 20 мүнөт кайнатабыз.
3. Андан соң желатинди жылуу сууга эзип алып, мискейге куябыз. Конфитюрду 5 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп жаап коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg