Айпери Кубик кызы, ырчы: “КҮЙӨӨМДҮН МАГА МАМИЛЕСИ ӨЗГӨРДҮ”

Ырчы Айпери Кубик кызынын жашоосу өзгөрдү. Учурда анын жашоого болгон көз карашы да башкача, чыгармачылыгы да башка нукка бурулганы турат.
Маекте ушул тууралуу сөз болот.

– Айпери, кандайсың? Жакында хиджаб кийдиң, ага эмне түрткү болду? Көпчүлүк жолдошунун таасири астында кийди деп ойлоп жатышат...

– Жакшы, рахмат. Ооба, “жолдошу, кайын журту мажбурлады” деген сөздөр болуп жатат. Бирок жолдошум да, кайын журтум да бир да жолу “хиджаб кий” деп айтышкан эмес. Кудай кааласа, адам бир күндө же бир мүнөттө деле өзгөрөт. Кудайга шүгүр, мага туура жолго түшүүнү буюрган экен, жүрөгүм менен кабыл алып, кубанып жүрөм. Менде буга чейин жоолук салынышым керек деген ой болгон эмес, атайын даярданган жокмун. Бир күнү эртең менен туруп эле хиджаб кийүүнү кааладым. Шкафтагы кийимдеримди бир жакка топтоп, 4-5 кийим сатып алдым. Эртеси багымдат намазына турдум, орондум.

– Жакшы. Ырчылыгыңды улантасыңбы?

– Бул боюнча ыраматылык Чубак ажынын, дин таануучу Кадыр Маликов мырзанын баяндарын уктум. Мындан тышкары өз устаттарымдан сурадым. Жыйынтыгында ырчылыгымды жакшы жакка колдонууну туура көрдүм. Кантсе да 13 жыл ырдадым. Эмнеге чыныгы бактылуулук эмнеде экенин билгенде жашынып калышым керек? Тескерисинче, адамдарды да бактылуулукка чакыргым келет. Ошондуктан мындан ары да эл алдында болом.

– Ошондо Айпери кандай ырларды ырдайт?

– Шариятта адам укканда бийлегиси келген музыкага тыюу салынган. “Өлүп жатам, сенсиз кантип жашайм? Жашоом караңгы болуп кетти, эмнеге ажырайбыз?” деген сыяктуу нааразы болгон ырларды ырдаган туура эмес. Ата-энеге, балага, мекенге болгон сүйүүнү, адамгерчиликти, жакшы сапаттарды даңазалап ырдаса болот. Ырды укканда адамдын маанайы көтөрүлүп, жүзүнө жылмаюу келип, жумуш кылгысы келген ырларга уруксат. Мен эми ушундай ырларды ырдайм.

– Жолдошуң сендеги өзгөрүүнү кандай кабыл алды?

– Ал менден мындай кадамды күткөн эмес. Оронуп чыксам эле көрдү да, түшүнбөй туруп калды. “Эмнеге минтип кийинип алдың?” деп сурады. Үйлөнүп жатканда мен андан “орон дейсиңби?” деп сурагам. Ал “мен сага эч качан антип айтпайм. Бирок Кудай буйруп ошол күн келет, өзүң ороносуң” деген. Жолдошум 1 жумага чейин “пиар кылып жаткан жокпу, чечип салбайбы?” деп кабатыр болду. Кечээ сүйлөшүп отурсак, “мен эми сага толук ишендим” дейт. Жаңы үйлөнгөндө “сага ишенбейм” дей берчү. Эми мага улам чалып, “эмне кылып жүрөсүң, каяктасың?” деп сурабай калды. Мага болгон сүйүүсү күчөп, мамилеси өзгөрдү.

– Убакыттын өтүшү менен жубайлар ортосундагы мамиле өзгөрөт дешет...

– Өзгөрөт. Бизде жакшы жакка өзгөрүү болуп жатат. Күйөөнү жакшы кылуу да, жаман кылуу да аялдан. Менин мүнөзүм оор. Мүнөзүмдү көтөрүп, ошол эле маалда мени башкаруу кыйын болчу. Жолдошум менден акылдуу, күчтүү, кыйын. Болгону бир аз жакпаган сапаттары бар, бара-бара ал да калат, буюрса. Бардык мырзалар бала кыял болушат. Аялдын көңүл буруусуна, боорукерлигине, мээримине, сүйүүсүнө, кароосуна муктаж. Ошол нерселерди берсең, мырзаң сага ыраазы болот.

– Бара-бара сүйүү солгундайт бекен?

– Бизде тескерисинче болду. Жаңы үйлөнгөндө 2 жыл сыноо жылы болот экен. Көп ажырашуулар ошол 2 жылдын ичинде болот тура. Бири-бириңди түшүнбөй, бири-бириңе көнө албай кыйналасың. Адамдын сага жакпаган сапаттарын да кабыл алышың керек. Аял акылдуу болуп, анализ жүргүзө билиши зарыл. Аялдын бакыты – күйөөсүнүн ыраазычылыгы. Тамак жасап берип, кийимин таза кармап, жылуу сөз сүйлөп, колдоп, ал суранган нерсени жасап беришибиз керек. Ал таап келген акчага шүгүр кылсаң, баарына жетет. Нааразы боло берсең, күйөөңдүн өзүнө болгон ишеними жоголот, сенден көңүлү калат, бири-бириңерден алыстап баштайсыңар. Жолдошуңду мактап турсаң эле болду.

– Минтип жоопкерчиликтин баарын аялдарга жүктөп койгон туурабы?

– Мен да эмнеге баарын аял жасай бериши керек, бул туура эмес деп ойлончумун. Бирок эркектин өз милдети, аялдын өз милдети бар. Аялдар өзүбүздүн милдеттерди жакшы аткара албай, эркектерден талап кыла беребиз. Жөнөкөй мисал, күйөөсү жумуштан келсе жылмайып тосуп алган аялдар аз. Келгенче эле телефондон мээсин жеп бүткөн болот. Үйдөгү кут, береке, маанай аялдан көз каранды. Аялзаты алсызбыз, кызганчаакпыз. Мен да кызганам. Каякта, ким менен жүргөнү кызык. Бирок эркекке эркиндик берген туура. Ал көп убактысын достору менен өткөргөн күндө да баары бир үйүнө келет, жубайын, балдарын сагынат. Ойноп-күлүп жүрө бергенден деле бир күнү өзү тажайт.

– Тең укуктуулукка кандай карайсың?

– Эркектин орду башка, аялдыкы башка. Эркек менен тирешүү туура эмес. Азыр алсыз, иштебей үйдө отурган мырзалар көп болуп, эркек кылганды аял да кылып жаткандыктан укук талашып жатышат. Бири-бирин түшүнүп, тең укуктуу жашоо ыңгайлуу болсо, ага каршы эмесмин. Бирок ар ким өзүнүн милдетин аткарганы туура. Себеби биз ар кандайбыз. Мисалы, аялдар назикпиз. Биз бирөөнүн коргоосуна муктажбыз. Балким, кайсы бир аялды жашоо күчтүү кылгандыр. Бирок күчтүү аял да жүрөгүндө алсыз болгусу келет. Аял да, эркек да өз ордун билип, өз милдеттерин аткарганы жакшы.

– Инстаграмдан постторуңду көрүп калам. Кайненең менен ынак көрүнөсүңөр...

– Көз тийбесин, кайненем, кайнатам жакшы адамдар. Мен келин болуп келген мүнөттөн баштап “кызым” деп эркелетип турушат. Келинсиң деп катуу айтышкан эмес. Апам “акылдуу келиним” деп эркелетет. Бул өзүмдү мактагандык эмес, апамдын эки сөзүнүн бири ошол. “Чындап жакшы көрөм” деп айтат. 2 кайын сиңдим, бир кайним бар. Алардын катарына кошуп, мени кыз кылып алышкан. Апам экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош. Бойдок кыздар меникиндей кайнене, кайнатага туш болушун каалайм.

– Жакшы. Бактылуу болуп жүрө бер. Маегиңе рахмат!

Перизат Музуратбекова,
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
PROS
2020-08-17 09:36:04
Алган жары жарашса кара катын ак болот дейт эмеспи. Молодец аял болупсуң!!!
+23
katerina.li
2020-08-17 13:03:44
Ушу аялдын пиары бутподу. Нурзат,анан дагы мажиттин карындашы кошулушту. Кечке пиарлап бутушпоцт. Айпериде ун деле жок
-20
Bakbai
2020-08-18 11:23:22
katerina.li,койчу ай
+7
MMB
2020-08-17 16:10:49
Бактылуу болгула
+17
mela
2020-08-17 23:40:05
Коздору ойноктоп турат.Куйоосу ичинде кири жок экен.ишенбейм деп туура айтыптыр...
-13
eljana
2020-08-18 16:51:10
mela,коздору ойноктоблй эле бактылуу,жанып турган коздор ушундай болот. Адам озу кандай болсо башка адамды да ошондой ойлойт дегенден болуп атасызда
+8
Nourlan
2020-08-18 05:17:29
Өзбек туугандар айткандай: «Бети жабыктын.... ачык».
-3
Ernisbii
2020-08-18 13:58:27
Nourlan,туура ойлорун айтыптыр,тескери ой жазбай колдоп жакшы жагын алган туура.
+10
Imon7
2020-08-24 09:00:41
Nourlan,ойноп жазсан да ойлонуп жаз! Же итерип кордун беле?
-1
pero5184
2020-08-18 10:20:27
Оронуп жакшы кылыпсың!
+7
machobek17
2020-08-18 20:26:54
Туура кылыпсыз эн бир туура жолго тушупсуз аллах эки дуйно бактылуулук берсин жашоодо сынбай ушунунуздан кайтбан
+7
Bak.taalai
2020-08-20 01:40:16
Эээ кудааай менин кайненем да ушундай болсо гана...
+6
algakaray
2020-08-21 11:26:22
Bak.taalai,болот буйурса сабыр кыл
0
Kaarov
2020-08-21 14:00:54
жараткан туура жолудан адаштырбасын
+4
gafurova01
2020-08-21 22:29:16
Адамдын сүйлөгөн сөзү анын акылынын таразасы дейт ко. Акылдуу аял экени сөздөрүнөн билинип турат. Эч кандай жасалмасы жок, ачык сүйлөйт. Молодец! Бактылуу болуңуз!
0
Bolya8892
2020-08-22 05:44:26
gafurova01,эн туура. Адамдардын оозунан чыккан созунон эле билип койосун денгээлин
0
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан