Бакасов Улан Болотбекович
Жалпы адамзаты туш болгон пандемиянын учурунда Улан Бакасов деген ысым жарк деп чыга калды. Мурун-кийин журтчулукка анча тааныш эмес Бакасов деген ким?- деген суроо кимди да болсо кызыктырып калды. Анткени таажы вирусу кекиртектен алып турганда төгүлүп-чачылып, колдон келген жардамын аянбаган ишкерлердин эң алдыңкы сабына чыкты. Нарын облусуна 9 "Тез жардам" унаасы, 70 дем алдыруучу концентратор, миңдеген бет кап, тонналаган ун, азык-түлүк жана башкаларды алып берген. Бул бир эле чети.
Албетте, "көрсө, депутаттыкка аттанып жаткан турбайбы" деп жоромолдогондор да болушу мүмкүн. Болгону, бир нече жылдан бери эч кимге айтпай, эч жакка жарыялабай эле жардам берип келген. Уландын кийинки жардамдарын жардам алган тараптар өздөрү жарыялап жибергенинде болуп жатыптыр. Пандемиянын шартында ким эмне жардам берди деген маселе өзүнөн-өзү ачыкка чыгып кетпедиби. Андан калса колдон-буттан алып колдоп жиберген азаматтарга элдин ыраазычылыгы деген да болот тура.
Улан баягы мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алып байыган олигархтардын деле уулу эмес. Карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан. Атасы Болотбек Бакасов инженер, апасы Нина Оморова врач.
Ишкерликти 20 жашында эле 2004-жылы эл кайда көчөрүн билбей турган маалда элден жүн, тери, тыбыт чогултуп, аны Кытайга каттагандарга кошуп өткөрүп баштаган. Ошол маалда жүн-тери чогулткандар мунун да түйшүгү оңой эмес экенин жакшы билишет. Жаратылышынан оптимист, түйшүктөн качпаган шайдоот, соодасы жүрбөй калса мүңкүрөп калбаган Улан Бакасов иштин кыйынчылыгына моюн сунган жок. Адегенде Нарын районунун, Нарын облусунун аймагында иш кылып келген болсо, азыр коңшу өлкөлөргө чейин чыгып, ал турсун Монголиядан бери тери-жүн чогултууну конвейерге айлантты. Үзгүлтүксүз сатып алып тура турган өнөктөштөрдү тапты. Бул Улан Бакасовдун бизнесинин бир гана багыты.
Балык өстүргөн, малды бордоп семирте турган, ийгиликтүү иштеп жаткан фермалары бар. Интернет клубдардын ээси, мейманканалары бар. Кандай гана ишти болбосун тартынбай, тобокелчилигинен коркпой баштаган Уландын колу Америкага чейин жетти. Ал жакта да анча чоң болбосо да туруктуу киреше берип турган иштери бар. Курулуш иштери менен алектенип, эч бир көркөмдүгүң канааттандырбаган америкалыктардын табитин таап ишкерчилик кылуу ар кимдин эле колунан келе бербейт эмеспи.
Уландын пикирине караганда, ишкердикке да өзүнчө шык-жөндөм керек, ишкердик жалкоолукту сүйбөйт, түйшүгүнөн качпай, тынымсыз эмгектенсең гана өз натыйжасын берет.
Көп эле ишкерлер кредиттен кредит алып, күн-түнү иштеп тапкан кирешесин оңду-солду жардам сурагандарга кармата бербейт. Тапкан пайдасынын канчанчы бир бөлүгүн муктаждарга ыроолошу мүмкүн.
Улан Бакасовдун ой жоруму башкачараак экен. Дайым эле киреше таба бербейсиң. Банкрот болгон күндөрүң деле болот. Бирок дайым жардам бергенди унутпашың керек дейт. Анын ички дүйнөсүндө айрыкча кыргызга ашыкча байлыктын деле кереги жок. Эң негизгиси, сен тааныган, сен жакшы билген, кошуна жашаган адамдар эч нерсеге муктаж болбоого тийиш. Кыйынчылыкка дуушар болгон адамга дайым кол сунуп, жеңилин жерден, оорун колдон алып туруу керек. "Мен бизнести өзүмдүн эле эмес, башкалардын жашоосун да жакшыртыш үчүн жасайм" дейт.
Улан Бакасовго ырыскыны, балким, ошон үчүн да берип жаткан окшобойбу деп да ойлойт экенсиң.
Он жылдан ашуун убакыттан бери окууга дилгир, бирок мүмкүнчүлүгү жок балдардын контрактын төлөп окутуп келет. Ал эми майып балдар үчүн кам көрүп, ар кандай операцияларды жасатып, муктаждыктарын чечип келатканын эч кимге деле жарыя кылган эмес. Кышы катуу Нарында көмүргө муктаж адамдарга көп жылдан бери эле көмүр түшүрүп берип турат. Кимге эмне жардам бергени өзүнүн деле эсинен чыгып калган.
Бул жашоодо туу туткан принциптери бар. Ал – кыргыз элинин кылымдап келаткан нарк-насилдерин кармануу. Кадимки касиеттүү аксакалдардын болушун каалайт. Кыргыздын аксакалдарынын уул-кыздары туруп карылар үйүнө барганын кечиримсиз күнөө катары баалайт. Эмгек, эмгек жана дагы эмгек – ийгиликтин ачкычы дегенди улам кийинки жаштарга айткысы келет.
Эс алганга деле убактысы аз. Кышкысын лыжа тээп эс алганды жакшы көрөт.
Кыргызстандын айдыңында жаңыдан жанган Улан Бакасовдун кыскача таржымалы мына ушундай.
Ибрагим Жусуев