УЛУТТУК КУРАМДЫН ОЮНДАРЫ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

Футбол боюнча 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна тандап алуудагы Кыргыз улуттук курамасынын катышуусундагы бардык оюндар коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

"ФИФА жана АФК катышуучулардын ден соолугун жана коопсуздугун сактоо максатында аймактардагы абалды көзөмөлгө алып, жаңы даталарды белгилөө үчүн биргелешкен ишмердүүлүгүн улантат. 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын жаңы даталары боюнча кененирээк маалымат жакынкы мезгилде жарыяланат",- деп билдиришти Кыргыз футбол союзунан.

Кыргыз курама командасы Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курама командалары менен биргеликте F тайпасында жайгашкан. 5 турдун жыйынтыгы боюнча, “Ак шумкарлар” 7 упайга ээ болуп, 2-орунда келе жатат.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан