Айсулуу Тыныбекова: «АЗЫРЫНЧА САЯСАТКА АРАЛАШПАЙМ»

Балбан Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасы аяктаганга чейин саясатка аралашпай тургандыгын билдирди. Ал социалдык тармактагы баракчасына: "Күзүндө өлкөбүздө парламенттик шайлоо өткөнү турат. Бул боюнча өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерамды аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм! Себеби саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына машыгуумду баштадым. Бул оюнда чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз эмгектенип жатам. Кыргыз өлкөсүнүн желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү",- деп жазды спортчу.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
satyke
2020-08-17 11:28:06
Айсулуу саясатка аралашбай эле койгонун жакшы. Ушунча жыл топтогон беделинди тез эле жок кылып аласын. Себеби партия,фракция лидерлеринин айтканынан чыга албай каласын. Бийликтин созун суйлоп чимкирик саясатчы атка конгондун кереги барбы? Андан коро тренер бол. Атынды улаган балбан кыздарды таптап тарбияласан болот. Легендарлуу Айсулуу Тыныбекова деп муундан муунга эсте калганын жакшы го.
+1
nazira...
2020-08-20 19:45:33
satyke,100% кошулам. Акчанды не кыласын бизге кошул деп дагы бироосу бузуп аткан окшойт. чимкириктердин бироосу.
0
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан