Бокс боюнча атактуу дүйнө чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши 28-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, беттеш андан түшүүчү кирешени көбөйтүү максатында Тайсондун командасынын демилгеси менен жылдырылган. Рой Жонс дагы Майк Тайсондун өкүлдөрү менен жолугушууда бул сунушка макулдугун берген. Буга чейин беттеш 12-сентябрда Калифорнияда өтөрү айтылган.
Эске салсак, апрель айынын соңунда Майк Тайсон кайрымдуулук үчүн беттешке чыгууга даяр экенин жар салган.
Жолдубек Качкынбаев
sport@super.kg