ГҮЛЖИГИТ АЛЫКУЛОВ УЕФА МЕЛДЕШИНДЕ ОЙНОЙТ

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Жылдын супер футболчусу-2019" наамынын ээси Гүлжигит Алыкулов Казакстандын "Кайрат Алматы" командасынын курамында УЕФАнын Европа Лигасы мелдешинде Армениянын "Ноа" клубу менен ойнойт. Бул тууралуу Казакстан курама командасынын расмий сайты жазды.

Командалар УЕФАнын Европа 2020-2021-жылдагы Лигасы мелдешинин квалификациялык баскычынын алкагында кез келет. Беттеш стадиондогу көрүүчүлөрсүз өтөт. Оюн 27-августка белгиленип, өтүүчү орду азырынча аныктала элек. Эскерте кетсек, "Дордой" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында эки жылдык келишим менен Казакстандын "Кайрат" клубуна өткөн. Футболчу буга чейин Беларусь өлкөсүнүн "Неман" клубунда ойногон.

Жолдубек Качкынбаев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан