БООГАЧЫ МЕНЕН ҮКӨЙДҮН ЫРГА АЙЛАНГАН СҮЙҮҮСҮ

“Боогачың сенин болоюн” ырын укканда айрымдар “Боогачы деген эмне?” деп сурашат. Боогачы деген ким, Үкөй деген ким, алардын сүйүүсүнө арналып жазылган “Боогачың сенин болоюн” ыры кантип жаралып калган? Алдыда ушул суроолорго жооп беребиз.

 

ТАРЫХТА КАЛГАН ҮКӨЙ МЕНЕН БООГАЧЫНЫН СҮЙҮҮСҮ

Боогачы деген ким? Боогачы Жакыпбек уулу Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынан чыккан (илгеркиче Шаркыратма болушунда) төкмө акын, обончу, кезинде болуш болгон. Үкөй Боогачынын ашыгы. Чыныгы аты Уулкан болгон делет. Боогачы менен Үкөйдүн окуясы эл арасында ар түрдүүчө айтылып жүрөт. Бир вариантында Боогачы кайсы бир тойдо Уулканга көзү түшүп, ага сүйүүсүн ыр менен билдирет. Боогачы “Үкөйүм” деп ырдаганы үчүн Уулкан ырдын өзүнө арналганын билген эмес. Бирок ыр заматта элет жаштарына желдей тарап, ырдалып калат.

Дагы башка вариантында Үкөйдүн мурунтан кайындап койгон күйөөсү Үкөйдү алып келе жатып жолдон Боогачыга тарттырып жиберет. Кайындап койгон күйөөсү дароо кыздын төркүнүнө барып, кызды артка кайтаруу үчүн амал ойлошот. Алар Үкөйгө “атаң аттан жыгылып ара жолдо жатат” деп айттырышып чакыртышат да, үйүнө келгенде атасы аны кайрадан мурунку күйөөсүнө аттандырып жиберет. Үкөй кеткен учурда Боогачы үйдө жок болот жана Үкөй анда канча турганы белгисиз. Мындан тышкары Боогачы Үкөйдү алган эмес, ал Үкөйдү келин кезинде көрүп ашык болуп ырдаган делинип айтылат. Боогачы Үкөйдү алган деген да вариант бар.

Ал эми акын жана драматург Кадырбай Мамбетакуновдун «Үкөй менен Боогачы» музыкалуу лирикалык драмасында алардын сүйүүсү төмөндөгүдөй сүрөттөлөт: Үкөй менен Боогачы бир курактагы дос болуп, алар алгачкы жолугушуудан тарта бири-бирин жактырышат. Жактыруу бара-бара сүйүүгө айланат. Бирок Үкөйдүн атасы Түмөнбай жалгыз кызын өзүн дербиш катары баалаган кайсы бир ырчыга ыраа көрбөй, өзүнөн улуу Оторбай байга токолдукка сатат. Ал учурда Боогачынын түн жамына келип Үкөйгө жолукканы ачыкталып, экөө эл алдына алынып келинет. Ызасына чыдабаган Оторбай жан таслим болот. Боогачы камакка алынат жана Үкөй сүйүү үчүн, болочок турмушу үчүн кандан, бектен тартпаган каарман катары көрсөтүлүп, аскадан боюн таштап өлөт.

Эмнеси болсо да бул сүйүү тарыхта жашаган. Боогачынын Үкөйгө арнап ырдаганы чын.

 

Акбар Рыскулов, Кыргыз Эл акыны:

“ҮКӨЙДӨН" ТААСИРЛЕНИП УШУЛ ЫРДЫ ЖАЗГАМ”

– Бул ырды жашыраак кезде жазгам, кайсы жыл экени эсимде жок. Китептериме чыгып жүрдү. Совет доорунда бизде адабиятты насыйкаттоо бөлүмү деген бар эле. Ошонун багыты менен Жалил Садыков, Эсенгул Чопиев жана башка көрүнүктүү акындар менен Нарындын Ат-Башысына жөнөп калдык. Кочкорго жетип, эс алып жаткан кезде элдик ырларды ырдап калдык. Элдик акындар ырдайт дагы экен. Ошондо Эсенгул Чопиев Боогачынын “Үкөйүн” ырдады. Мен бул ырды биринчи жолу уктум, таңыркап калдым. Ыр мага катуу таасир берди. Ушул ырга, Боогачынын өмүр жолуна кызыгып, көп адабияттарды окудум. Дагы бир сапар Ат-Башыга барып калганда “Боогачың сенин болоюн” ырынын текстин жазгам. Бирок ал ыр резонанс жараткан жок. Обончу Калмурат Рыскулов мен жазган текстти таап алып обон чыгарыптыр. Ошондон кийин ырга экинчи өмүр берилип, обондуу ыр катары жаңыра баштады. Ырыма обон жазгандан кийин ал бала менен тааныш болуп калдык. Менин 10 чакты ырыма обон чыгарды. Үйгө келип аларды ырдап берип жүрдү. Обондорунун баары оригиналдуу, кызыктуу. Тилекке каршы, Калмураттын өмүрү кыска экен, эрте кетти. Ал нукура талант эле. Нота билчү эмес. Ошондон улам көп ырлары нотага түшпөй, унутулуп калды. Калмураттын ырларын айрым ырчылар азыр жайылтып жүрүшөт. Токтобек Асаналиев “Боогачың сенин болоюнду” элге таанытты. Өткөндө Токтобек бир маегинде “жакшы көрүп берилип аткарган чыгармам “Боогачың сенин болоюн” деп айтыптыр. Боогачынын да, Үкөйдүн да ат-башылык болгону, окуя Ат-Башыда болгону үчүн ыр ага жакын болду окшойт.

 

Токтобек Асаналиев, ырчы:

“ЫРДЫ ӨЗГӨРТТҮРБӨЙ КОЙГОМ”

– Ырдын тарыхын изилдеп, Акбар акеге (ред.: Рыскулов) жолугуп сурасам, “Ат-Башыдагы Босого деген жайлоодо эс алып жүрүп, Боогачы менен Үкөйгө таазим болсун деп жазган чыгармам. Минтип эл арасында ырдалып кетет деп ойлогон эмес элем. Текстин башкача кылып оңдоп бербейминби?” деп калды. Мен “элге ошол текст сиңип калды, ошол бойдон калсын” деп болбой койгом. Текстин оңдогондо аны эч ким кабыл албай, эки анжы болуп калышат. Мен бул ырды кантип ырдап калдым? Ырдын обонун жазган Калмурат Рыскулов менен кичине кезден дос элек. Студент кезимде Калмурат үйгө келип калды. “Токо, Ат-Башыдан эмес белең, обон чыгардым, ырдап көрбөйсүңбү?” деди. Чай ичип отуруп ырдап берди. “Ырдайм” дедим. Ошентип ырды аткарып калдым. Ыр радио, теледен кетип баштаганда Калмурат каза болуп калды. Ал 30 эле жашта болчу. Аз жашаса да, жакшы обондорду чыгарып, элине кызмат кылды. Анын ырлары азыр жанданып жатат. Чыгармачыл адамдын өлсө да, унутулбай жашай бергени ушул.

 

"БООГАЧЫҢ СЕНИН БОЛОЮН"

Сөзү: А.Рыскуловдуку

Обону: К.Рыскуловдуку

Алмашып күзгө жашыл жай,

Ат-Башым агат шашылбай.

Ат кечпей суунун агымын,

Арманым аттын башындай.

Кайырма:

Боз туман чалып тоо башын,

Бойлобой турам ооба, чын.

Боздотуп койсоң ат башын,

Болоюн сенин Боогачың,

Алыска арзып мен келдим,

Адашкан тайлак өңдөндүм.

Аркы өйүз менен берки өйүз,

Ат-Башым, неге тең бөлдүң?

Кайырма:

Боздосоң кантип түтөйүн?

Болжогон күндү күтөйүн.

Боогачың болуп мен сенин,

Боюңдан издейм, Үкөйүм.

Ачыгын айтсам жашырбай,

Арманым аттын башындай.

Ашыгым, менин көрсөтчү,

Аркы өйүз жакка жашынбай.

Кайырма:

Боз туман чалып тоо башын,

Бойлобой турам ооба, чын.

Боздотуп койсоң ат башын,

Болоюн сенин Боогачың.

Боздосоң кантип түтөйүн?

Болжогон күндү күтөйүн.

Боогачың болуп мен сенин,

Боюңдан издейм, Үкөйүм.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан