КОЙ (21.03-20.04)
Кандайдыр бир иштерди бүтүрөм деп көп тобокелчиликтерге барасыз. Талаш жараткан маселелер болсо жакындарыңыз менен кеңешиңиз. Өз алдынча жасап салсаңыз, жыйынтыгы зыяндуу болушу мүмкүн. Эс алуу күндөрү жакын достор менен чакан дасторкондун үстүнөн кезигесиздер. Бул аптада кийинкисине жеткидей күч топтоого жетишесиз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Чукул мөөнөттө көп иштерди бүтүрүү керек болот. Бул арада үй-бүлөнү, башка кызыкчылыктарды унутуп коюп иштөөгө туура келет. Бирок аягындагы жыйынтыкка кубанып, чакан кирешеге да, кадыр-баркка да ээ болосуз. Жумуш жана жеке жашоого байланыштуу бардык сунуштардан баш тартпай, кабыл ала бериңиз. Акча каражатын үнөмдөп колдонуу сунушталат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өзүңүз туура деп эсептеген багыт менен түз кете бериңиз. Анткени азгырыктар болушу мүмкүн. Күтүүсүз чечимдерди кабыл алуучу да жагдайлар чыгышы күтүлөт. Жакшылап ойлонуп, чечиңиз. Көптөн бери эңсеп жүргөн кыялдар орундалышы ыктымал. Туугандарыңыз жардам сурап кайрылышат. Абалыңызга карап чечиңиз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири менен уруш чыгышы мүмкүн.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бойдок бөйөндөр үчүн ийгиликтүү апта. Бакыт кушу конушу күтүлүүдө. Сизди жолугушуулар күтөт. Жакшылап ойлонуп, тандоо кылыңыз. Жалпы жонунан бөйөндөр бул аптада акча маселесине байланышкан чечимдерди терең таразалап кабыл алышканы оң. Ашказан, ичеги-карын ооруларына кабылуу коркунучу бар. Аптанын аягында кыйышпас досторуңуз менен эс алууга чыгып чер жазылат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Капыстан болгон окуя жөн жерден болбойт. Окуяда катылган сыр болушу мүмкүн. Маселенин түйүнүн чечиш үчүн ал окуянын айланасында жакшылап ойлонуңуз. Сезимдердин азгырыгына алаксып жатып маанилүү иштерди өткөрүп жиберүүңүз ыктымал. Бул апта ичи сизде илең-салаң болгон маанай жаралат. Тыканыраак болуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кыймылсыз мүлккө байланышкан иштериңиз абдан жеңил жүрүшөт. Бирок карызга акча алып иш кылбай эле койгон туура. Андан көрө колдогу болгон акчаны пайдалануу сунушталат. Ысыкта чаңкоону жазам деп муздак ичпеңиз. Жок жерден ооруп калышыңыз ыктымал. Үй-бүлө мүчөлөрүн жумушка тартып, пайдалуу нерселер менен алаксытуу сиздин милдетиңиз болмокчу.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жакын адамдар менен көбүрөөк баарлашып, туугандыкты бекемдеңиз. Мындан улам көп алкышка ээ болосуз, ишиңиз жүрүшөт. Маанайыңызды бузгандар чыкса дароо жообун бериңиз. Жумушта жана үйдө да жакшы атмосферада иш жүрүшмөкчү. Апта соңунда жаратылыш коюнунда эс алып келүүгө шарт түзүлөт. Майда кырсыктардан сак болуңуз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жумуштун көптүгүнөн баш айланып, чарчайсыз. Мунун алдын алуу үчүн ар бир ишти саатка, убакытка бөлүп алып, түзүлгөн план менен иш алып баруу туура. Кайсы бир эмгегиңиз үчүн чакан сыйлык менен сыйланасыз. Бул сизге жакшы маанай тартуулап, ишке болгон шыктанууңуз күчөйт. Үй-бүлөдө маселе жаралбай, бейпилдик өмүр сүрмөкчү.
Күмөн жана коркуу сезимин артка таштаңыз. Жаңы иштерди баштоо үчүн бул нерселер тоскоолдук кылмакчы. Туугандарга жеке жашоодогу же ишиңизге байланыштуу көйгөйлөрдү айтпай турганыңыз оң. Колдоо көрсөтөбүз деп жатып тескерисинче оюңузга тетири таасирин берип коюшу мүмкүн. Кичинекей балдарга көбүрөөк көңүл буруп, баарлашыңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Буга чейин таарынышып кеткен адам менен элдешүүгө шарт түзүлөт. Ал адам менен бирге иш алып барууга туура келиши мүмкүн. Кек сактабаңыз, чогуу иштешүү тууралуу сүйлөшөсүздөр. Акча маселесине байланыштуу сүйүктүүңүз же өнөктөшүңүз менен конфликт жаралат. Кимиңердики туура экени сүйлөшүүлөрдүн аягында билинет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Катачылык кетирип алган болсоңуз кыжалат болуунун кереги жок. Баарын оңдоого кайрадан шарт түзүлөт. Көлөкөдө калуудан сак болуңуз. Идеяларды тарттырып жибересиз. Андай болбош үчүн жашоодо активдүү болуу сунушталат. Сезимдерди билдирүүдө сыр кылбай, аны ачык айткан туура. Жардам сурагандарга кол сунуңуз. Сиз да жардам сурачу мезгил келет.
Айланып качканыңызга карабай, сүйүктүүңүз менен болгон таарынышуу орун алат. Маселени бири-бириңерди эркин коюу менен гана чечесиздер. Бир жагдайга убагында маани бербегениңизден улам жумушта маселе жаралат. Жасаган ишиңиздеги катаны оңдоо үчүн убара тартасыз. Айрыкча акча менен иштеген кызматкерлер сак болуусу керек.