ВРАЧТАРДЫН ШАЛААКЫЛЫГЫ ҮЧ БАЛАНЫ ЖЕТИМ КАЛТЫРДЫ

Тагдыр

Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Араван районундагы бир үй-бүлө куту учуп жетимсиреп калды. Үч баланын энеси ак халатчандардын шалаакылыгынан улам төшөк тартып, узакка ооруп жатып көз жумду.

БАКТЫЛУУ БҮЛӨГӨ БҮЛҮК ТҮШТҮ
“Москва көз жашка ишенбейт” деген тасма эсиңиздеби? Баш каарман “40 жашта чыныгы жашоо башталат” дейт эмеспи. Ошондой куракта Араван районунун тургуну Майрам Момунова жашоо менен кош айтышты. Эсиңизде болсо керек, бул аял туш болгон кыйынчылык тууралуу жазганбыз. Маркумдун жолдошу Өмүрзак аганын учурда ыйлаганга да алы келбей турган чагы. Бишкектеги №6-төрөт үйүндө Майрам эжени карап жаткан кезинде барып жолугуп, сүйлөшкөн элек. Ал окуяны төмөнкүчө баяндап берген:
– Майрам экөөбүз алты балалуу болдук. Буйрук экен, үч уулум бир жаштан өтпөй чарчап калышты. Учурда эки кыз, бир уулубуз бар. Айылда жашоо-турмуш оор. Көр тириликтин айынан Бишкекке келгенбиз. Жубайым автобазада ашпоз болуп иштеп жүргөн. Жакшынакай жүрүп эле табы айнып калды. “Ооруп турам” дегенинен №6-төрөт үйүнө алып келдим. Текшерүүдөн соң врачтар “жатындан тышкары боюна бүтүп калыптыр. Тезинен операция жасап, боюнан алып салуу керек” дешти. Операциядан эч кимиси чочулабай эле “ийгиликтүү болду. 1 литрдей кан жоготту, өзүнө келип калат” деп чыгышкан. 3 литрдей кан жоготкон оорулуулар деле айыгып кетип жатышпайбы. А менин жубайым 5 айдан бери тил-ооздон калып, төшөктө. Тандырга жабылган нанды катырып, талкалап, ботко кылып алып, шприц менен берем. Жеген тамагы ошол.
Угушума караганда, операциядан соң Майрамды карап турушу керек болгон анестезиологду бөлүм башчысы чогулушка киргизип жибериптир. Ошол учурда келинчегим кароосуз калып комага түшүптүр. Кийин сураштырсам, кома эмес эле инсульт болуптур. Келинчегимдин абалы бул болсо, ошону менен алышып жүрүп жакшы сураштырганга убактым-шартым болбой калды. Ал ортодо, операциядан эки ай өткөндө Майрамды тигинтип кароосуз калтырган анестезиолог Орусияга качып кетиптир. Эгер жумушун так аткарып, ага карабай жубайым эс-учун жоготкон болсо, качпай эле мурдагыдай иштеп жүрмөк да.

АТАҢА БАР, АПАҢА БАР...
Айтор, кечээ эле маңдайында күлүп-жайнап жүрүп, бүгүн тил-ооздон калган келинчегине жаны ачыган Өмүрзак байке бизге көп окуяны айтып берген. Комада жаткан аялды төрөт үйүнөн Воронцовкадагы реабилитациялык борборго жөнөтүшүптүр. Ал борбордо профессор, невропатолог Болот Бейшенович Кулов: “Эч нерсени сезбей жатпайбы. Бул реанимацияда жатуучу оорулуу да. Ордунан жылдырбай карагыла. Эмнеге алып келдиңер? Бизге эмес, реанимацияга жаткыруу керек”,- деп кайтарат. Эсине келбей жаткан аялды салган “Тез жардам” эми баш калаанын Жал кичирайонундагы Реанимация бөлүмүнө алып келет. Ал жердегилер эмне деп жооп беришиптир дебейсизби? “Бирөөнүн кетирген катасы үчүн биз жооп бере албайбыз” деп оорулууну кабыл албай коюшуптур. Мындай жооптон улам Өмүрзак байке келинчегин алып, кайра “Тез жардам” менен төрөт үйүнө келет. “Биз лифтке жете электе нөөмөттөгү врачтар чыгып, “болду, бул жакта дарыланбайсыңар. Ахунбаев көчөсүндөгү Жалпы реанимация бөлүмүнө баргыла” деп киргизбей коюшту”,- дейт ал.
Аялын сактап калуу үчүн Өмүрзак байке колунан келген иштин баарын жасады. “Оорулуу аялымды сүйрөп Саламаттыкты сактоо министрлигинин жанына барып нааразычылык билдирем. Келинчегиме көңүл бөлгүлө, жакшы карагыла” деп врачтар менен урушуп жатып өзүнчө палата бөлдүрүүгө жетишти. Дарылоого баш-аягы 300 миң сомдон ашуун каражат жумшады. Бирок мунун баары жетишсиз болчу. Аял күндөн-күнгө соолуп, арыктагандан арыктай берди. Айылдын турмушу айтпасак да түшүнүктүү эмеспи. Болгон малды ооруканага, дары-дармекке деп сатып жатышты. Акыры чарчай баштаган Өмүрзак аганы №6-төрөт үйүндөгүлөр алдап-соолап: “Райондук ооруканага баргыла. Биз дайындап, жакшы шарт түздүрүп беребиз. Ошол Араванда карагыла”,- деп көндүрүп, айылга жиберишет.
Борбордогу республикалык, шаардык ооруканалар кыйратпай жатканда райондук ооруканадан үмүт кылып болор беле? Айла кеткенде “айылга, балдарга жакын болсо, дем берер” деген үмүт менен Өмүрзак байке макул болуп, кан-сөлү качкан келинчегин Аравандагы ооруканага алып кетет. 41 жаштагы аял, ошентип, үч баласын, күйөөсүн чыркырата ыйлатып, 14-сентябрь күнү бул жарыкчылык менен кош айтышып кете берди.
“Үйүңө алып барып кара” деп бетиме эле айтышты. Укук коргоочуларга, Акыйкатчыга кайрылганбыз. Алар генпрокуратурага материалды жөнөтүшкөнүн билдиришти. А генпрокуратура Биринчи Май райондук прокуратурага ишти кароого жөнөтүптүр. Андан бери үч ай өттү. Бир тергөөчү “ушул ишти карайм” деп телефон номерин берген. Чалсам, “мындай номер жок” деп жатат. “Айылга кетти булар, эми баш оорутпайт деле” деп акчасын алып, тынчытып коюшту да”,- деп кейийт Өмүрзак ага.

СОТТОН КУТУЛДУ ДЕЙЛИ, А АБИЙИРИЧИ?
Бул окуяны угуп отуруп врачтардын шалаакылыгына, кайдигерлигине кыжырданбай коё албайсың. Куйрукту түйүп Орусияга кеткен анестезиолог убактылуу сот жообунан кутулгандыр. Бирок ушул чиедей үч баланын көз жашы, адам каны анын абийирин тынчытып, тынч уйку берер бекен? Ошондон көрө кетирген катасын моюндап, оорулууну дарылатууга колунан келген көмөгүн берсе болор беле? Андан да таң калтырганы – ооруканалар биринин кетирген катасынан улам жабыркаган оорулууну экинчиси албай кол шилтегени.
Билишибизче, Гиппократтын антында деле “өз деп, душман деп бөлбөй, оорулуунун баарына жардам берем, дарылайм” деген жери болсо керек эле. Биздин ооруканалар “силердин оорулуу, биздин оорулуу” деп бөлүп калышканбы? Өлүм алдында жаткан адамды топ тепкендей кылып улам бир эшикке айдашканы үчүн да жооп беришеби? Операциядан чыккан пациентти каратпай, анестезиологду чогулушка айдаган кайсы бөлүм башчы? Ал да катасын моюнга алабы? Бул суроолорго жоопту №6-төрөт үйүнөн, Саламаттыкты сактоо министрлигинен жана укук коргоо органдарынан табабыз деген үмүттөбүз. Андыктан келерки санда да бул окуяга кайрылабыз.

Айбек Нурадилов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
elif
2010-09-25 13:55:38
Бу не деген кылык ыя,aлaрдын aйынaн 1 емес,2 емес 3 бaлa жетим кaлып жaтсa,жооп беришбейби,aл емес Омурзaк aгaнын чыгымын дa 3 еселентип толоп беришсин,ишенип коюн,окуп бутоордо козумдон жaштaр aкты,окугaн биз aнын мунун,кaйгысын журогубуз менен сезип жaтaбыз,aлaр кaндaй инсaндaр озу,врaчт
0
elif
2010-09-25 13:59:20
врaчтaр тaш боор болот деген чын белем,Гирокрaттын кaргышы урaт го сизди.
A Омурзaк aкеге чын журоктон aмaндык тилейм.
0
elif
2010-09-25 14:01:55
Бу не деген кылык ыя,aлaрдын aйынaн 1 емес,2 емес 3 бaлa жетим кaлып жaтсa,жооп беришбейби,aл емес Омурзaк aгaнын чыгымын дa 3 еселентип толоп беришсин,ишенип коюн,окуп бутоордо козумдон жaштaр aкты,окугaн биз aнын мунун,кaйгысын журогубуз менен сезип жaтaбыз,aлaр кaндaй инсaндaр озу(bunu 1-ja
0
Gulzada
2010-09-25 19:42:04
озу биздин врачтарда бет калган эмес только деньги интересует их
0
Aelina
2010-09-25 23:02:03
Ushunday vrachtardin ayinan kancha degen uy-buloolor jakindarin jogotup jatishat. Kichine bir jerin oorup vrachtarga kayrilsan tim ele ozdorun Korol sezishet, karashpayt, gruboye otnosheniye kilishat, degi ishin tak atkargan chesniy, akcha albagan dokturdu koro elekmin (birok konechno aralarinda bar dechi jakshilari). Koptogon ayaldar torotton kaza bolup jatishat, biz bilip bilbegenibiz kancha. Kachan degi doktorlorubuz onolot!!!!!
0
Ayima
2010-09-26 00:15:00
zakondun joktugunan ushundai ishter bolup jatat ushundai ishti jasagan vrachtardin ozunun bashina kelsin azap kaigi
0
PaxaT
2010-09-28 01:25:24
Бир кумалак бир карын майды чиритет" болуп бир шалакынын азабынан баардык врачтар жаман корунмой болду,Омурзак байке белди бек бууп кайрат кылыныз 3 баланын тагдыры сиздин колунузда
0
Chatkal
2010-09-29 10:18:30
Врачтарга акча гана керек
0
meerimkameerim
2010-09-29 15:42:05
Келгиле кыргыздар кичине акчага алданбай таза абийир менен жашайлы! Бугун болбосо да эртен бардак кылган ишин учун жооп береринди унутпа!
0
mikasa
2010-10-01 13:29:23
Бул эмне деген жакшылык. Бул врачтар кантип жашашат бул дуйнодо. Ушундай оор кунону которуп журуш онойбу, кантип тушуно кирбейт. Милана Таш-Кумыр
0
kaku
2010-10-02 11:27:14
Туура айтасын Милана. Бир уй булоонун тагдырын талкалап коюп кантип жер жузундо башын которуп журушот бул врачтар. Ошол врачтар азыр деле иштеп жатышкандыр уялбай.
0
rubina
2010-10-07 01:55:27
Мен мындай нерсени озумдун башымдан откоргом,врачтарга кунубуз тушпосун.
0
sputnik
2010-10-29 15:39:28
ошол бети жок анестезиолог жакшы кунун корбосун.
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан