Нияз Абдыразаков, ырчы: “АЙРЫМДАР УНААҢА КАРАП МАМИЛЕ КЫЛЫШАТ”

Ырчы Нияз Абдыразаков темир тулпары менен тааныштырат. "Мен үчүн унаанын үлгүсү маанилүү эмес. Эң башкысы, бузулбаса болду" дейт ал. Нияз мырза кандай айдоочу, техника сырларын канчалык деңгээлде билет? Баарын өзү айтып берет.

– Нияз, салам! Канча убакыттан бери рулда жүрөсүң?

– Кичинекей кезимден бери эле унаа айдап жүрөм. Биринчи унаам боюнча айтсам, 17 жашымда байкем (ред.: Ильяз Абдыразаков) өзүнө жаңы унаа алып, айдап жүргөн Mark 2 деген унаасын мага белек кылган. Оң рулдуу, сонун унаа болчу. Шаарда айдап үйрөнгөм. Айдоочулук тажрыйбам 10 жылдан ашып калды.

– Кайсы үлгүдөгү унаалар жагат?

– Унаа тандабайм, бузулбай жакшы жүрсө эле жетиштүү. Япониядан чыгарылган унааларды баалайм. Алар көп “каприз” көрсөтүшпөйт.

– Эмне үчүн Subaru Legacy?

– Быйылкы жылдан баштап 2008-2014-жылы чыккан унаалар өлкөгө киргизилбейт деген мыйзам кабыл алынып калбадыбы. Былтыр "2020-жылга чейин үлгүрүп калалы" деп Европадан унаа ташыган досубуз менен байланышкам. Suzuki Vitara деген үлгүдөгү унааны тандаган элем, мен алгыча башка бирөөгө сатылып кетиптир. Жаңы жылга 2-3 күн калганда буюртма берейин десем, бул жакка келгиче 10 күндөй кетет, жетишпей калмакмын. Анан алар “бир машина бар, көрчү” деп азыркы унаамды көрсөтүштү. Карасам техникалык абалы жакшы экен. Кыймыл берүүчү коробкасы механика, газ-бензин менен жүрөт. Honda Fit сыяктуу бензинди аз ичет экен.

– Унаа адамдын статусунан кабар берет деп ойлойсуңбу?

– Кимдир бирөө үчүн кабар берсе керек. Мен үчүн жумушумду жеңилдеткен техника. Адамбыз да, кымбат унаага кызыга беребиз. Мага да бул унаа башында жаккан эмес. “Мурда деле ушундай айдабадым беле” деп кыйылгам. Бирок алганыма өкүнгөн жокмун. Жакшы унаа экен, көнүп калдым. Акча болгондо мындан жакшысын да аларбыз.

– Унаанын техникалык өзгөчөлүктөрү боюнча түшүнүгүң барбы?

– Өзүм оңдой албайм. Бул унааны да келгенден бери эч жерин оңдой элекмин. Көптөн бери айдалбай, катылып турган унаа экен. Болгону дөңгөлөктөрүн желдеттим.

– “Жол тандабас унаа айдап баратсаң айдоочулар жол бошотуп беришет” деп калышат. Чын эле ошондойбу?

– Кээде байкемдин жол тандабасын айдап калам, чындыгында ошондой. Жол бошотуп беришет. Бир четинен “чоң унааны сүзүп алсам кантип төлөйм?” деп чочулашса керек.

– Коомдук транспорттордо жүрүп каласыңбы?

– Көптөн бери жүрө элекмин. Алматыда иштеп жүргөндө коомдук транспорт менен жүрчүмүн. Ал жакта сени эч ким тааныбайт да. Бишкекке келгенден бери жеке унаада жүрөм.

– Жол эрежесин бузуп алган учурлар көп болобу?

– Албетте, болот. Кээде байкабай каласың. Биздеги жол эрежелери бат-баттан алмаша берет. Бир күнү башка, эртеси башка болуп. Кээде катуу келатып токтото албай калам. Моюнума алам, атайылап бузган учурлар да болгон. Бирок шаардын ичинде эмес.

– Анан бир айда канча айып пул келип жатат?

– Камера коюлгандан кийин мурдагы унаама 2000 сом айып пул келген.

– Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, жол кырсыгына кабылган учурлар болобу?

– Кудай сактасын, өзүм унаа айдап баратып кабылган эмесмин. Кичинекей кезимде таксиде баратып кабылгам. Дагы бир жолу бир унаада баратканда башка унаа капталдан келип сүзүп алган. Жол эрежесин сактабагандыктан, башкы жол кайсы экенин айырмалап билбегендиктен жол кырсыктары көп болуп жатат.

Айдоочулук тажрыйбам көп болгонунан жол эрежелерин жакшы билем. Автомектепте окуп жатканда алгачкы сынактан өтпөй калганыма ызаланып, кийин жакшы окуп үйрөнгөм.

– Ылдамдыкты сүйгөн айдоочулардансыңбы?

– Унааны жогорку ылдамдыкта айдаган жагат. Мурда аябай катуу айдачумун. Азыр корком. Эң жогорку ылдамдык азыр мен үчүн саатына 140 чакырым.

– Унаада түнөп каласыңбы?

– Ооба, көп эле болот. Гастролдорго чыкканда суукта үйгө киргенден эринип унаада түнөп алам.

– Унааңды кантип эркелетесиң?

– Эркелетпейм деле. Жуугандан кийин карап туруп “менин машинам сонун эле турбайбы” деп коём (күлүп). Досторум “унааң жагат, өзүм эле сатып алам го” деп калышат.

– Мырзалар айымдарына караганда унааларына көбүрөөк көңүл бурушат деп айтып калышат...

– Менин ошондой досторум бар. Күндө жууп айдашат. Кыздар “жигиттин кандай экенин унаасын карап эле билип алабыз. Унаасы таза болсо, демек, өзү да таза экен деп эсептейбиз” дешет. Мен деле ошондой экенминби?

– Унааң таза экен...

– Жаңы эле жуудурдум да. Карантин маалында көңүлүм жок, жууган эмесмин. Сырты аябай кирдеп, топурак болуп кетти. Досторумдун баары “ий, сага кор болгон кайран унаа” деп кейип жатышты.

– Унаанын үлгүсүнө карап мамиле кылган адамдарга кезиктиң беле?

– Айрымдар “ырчылар укмуш унаа айдашат” деп ойлоп алышат окшойт. Жолугушууга ушул унаа менен барып калсам “ушул элеби?” дегенсип мамилеси өзгөргөнүн байкап калам.

– Унаада жүргөндө ыңгайсыз учурлар болобу?

– Менин унаамдын коробкасы механикалык эмеспи, жумуштар күчөп турганда кээде тыгында туруп каласың. Ошондо телефонго алаксып, ылдамдыкты алмаштырганга жетишпей жүдөп калам. Башкасы жакшы эле.

– Рулду башкарып баратып да телефон карайсыңбы? Бул кооптуу да...

– Аныңыз туура. Бирок кээде караганга туура келип калат. Карабайм деп калп сүйлөгүм келбейт.

– Убактыңды бөлүп маек куруп бергениңе рахмат! Жолуң шыдыр болсун!

Динара Абдыкадырова,
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Imon7
2020-08-24 17:58:05
Кечке машинан» дей берген го
+2
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан