Кыргыз эстрадасында чыгармачылыгы, өзү да бир калыпта жүргөн, эч кандай хайпка, чыр-чатакка аралашпаган ырчы кыз бар. Ал – Айнура Салахидинова. Ачык мүнөз ырчы жеке жашоосу, ырчылыгы, капалыгы, үмүтү менен бөлүштү.
– Кандайсыз, Айнура айым? Элде тойлор боло баштады. Жашоо мурунку калыбына келе баштагандай сезилип жатабы?
– Ооба, жай турмушка кайтып келе жаткандай болуп турабыз. Бул кубандырат. Бирок, тилекке каршы, көптөгөн оор жоготуулар болду. Ар бир үй-бүлөдө ооругандар болду, айрымдар жакын адамдарын жоготушту. Аларды эстегенде жашоо баары бир мурдагыдай болбой тургандай сезилип жатат. Анткени өтүп кеткен адамдардын орду толбойт. Көп өлүм катталып жаткан маалда мен да катуу депрессияга түштүм. Эч нерсе кылгым келбей, эч ким менен сүйлөшкүм келбей калды. Эл кыйын күнгө кабылганда үйдө тынч жата албай, колумдан келишинче кайрымдуулук иштерин жасадым. ГИВ оюнун өткөрүп, түшкөн каражатка керектүү дары-дармектерди Орусиядан алдырып, тараттык. Бооруң ооруй турган учур болду, муктаждар түндөп да, таң атпай да дары издеп үйгө чейин келип жатышты. Ошол учурда да ортодон пайда көргүсү келгендер чыкты. Клексан деген дары 31 миң сомго чейин сатылганын уктум. Ал 2800 рублдук дары экен. Мындан тышкары кошуналар менен бирге тамак жасап, врачтарга, бейтаптарга тараттык.
– Азаматсыз! Чыгармачылык менен алек болууга убакыт болдубу?
– Карантин учурунда эмес, ага чейин 3 клип тартканга жетиштим. Байкасам, былтыр бир гана клип тарткан экенмин. Быйыл клип тартууга көп көңүл бурам деген максат койгом. Ошол оюмду ишке ашырып жатам. Жаңы ырларга да күбө болосуздар. Чыгармачылык токтоп калган жок. Өз нугунда уланууда.
– Чыгармачылыгыңыз дайыма бир калыпта. Ырларыңыздын стили, клиптериңиз окшош. Баарын өзгөртүп, такыр башкача имидж менен башка жанрдагы ырларды ырдап чыгып, башка бийиктиктерге чыккыңыз келген учур болобу?
– Сулуулук салондорунан, дизайнерлерден “имиджиңизди өзгөртөлү” деген көп сунуш болот. Бирок такыр башка Айнура болуп алууга жан дүйнөм жол бербейт. Мен тескерисинче мындан ары чачымды да башка түскө боёбогон, кирпик чаптабаган, көп боёнбогон Айнура болууну чечтим. Тойлорго же эфирлерге барганда гана салонго барып боёном.
Мен Искусство институтунун фольклор жана элдик музыка бөлүмүндө окугам. Мага билим берген агайларым эстрада жанрында ырдап жүргөнүмө капа болушат. Чоң өзгөрүү эмес, фольклорго жакын эстрадалык багытта жүргөнүм агайларыма ушундай таасир берип жатат. Рэп окуп же рок ырдап кетсем аларга катуу тийсе керек. Жолуккан жерден “комузду унутуп калдың” дешет. Өзүмдүн да жан дүйнөмдө фольклор жашайт. Мындан тышкары менин күйөрмандарымдын көпчүлүк пайызын улуу муундагы эже-байкелер түзөт. Алар дайыма “саксаңдаган ырларды ырдай көрбө, узун көйнөгүңдү чечпе” деп турушат. Кайненем да ушул сөздү көп айтат. Кайненем биз баш кошордо уулуна “ырчынын эри көп болот, эмне кыласың?” деп каршы болгон экен. Бирок азыр мени колдойт. Ар бир маегимди окуп, кайсы эфирге барсам, баарын көрөт. “Кайсы жакка маекке барсаң мага айтып кой” деп калат. Айтпай койсом таарынат. Күйөрмандарымды сыйлайм. Имиджимди өзгөртүп же башка жанрда ырдоо оюма деле келбейт.
– Амбициялуусузбу?
– Бирөөдөн ашып кетейин, эң мыкты болоюн дебейм. Шүгүр кылам. Эл катарында өз ишимди кылып жүрө бергим келет.
– Балдарыңыз тууралуу айтып бербейсизби? Социалдык тармактагы жеке баракчаңызда кызыңызга эзилип жазган билдирүүлөрүңүз көп...
– Мен турмушка чыга электе эле кыз балага эзилип, кыздуу болгум келе берчү. Улуу кызым айына жетпей төрөлүп, 5 эле күн жашап чарчап калган. Ага арнап кийимдерди даярдап койгон элем, атын да атап койгонбуз. Ошондо депрессия болгом. Кудайга шүгүр, кайра 1 жылдан кийин уулум төрөлдү. Экинчи уулум төрөлөрдө кыз болсун деп күткөм. УЗИден бир канча жолу кыз көрүнгөн. Төрөткө жакындаганда УЗИ доплерге түшсөм, эркек дешти. Чынын айтайын, маанайым түшкөн. Бирок Кудайга ыраазымын, сонун уул берди. Андан кийин кыз да келди. Айкеним азыр үйдүн кичүүсү, таттуусу. Атасы менен кызы аябай жакын. Кээде мени карабай койсо кадимкидей кызганып кетем. Аман болушсун.
– Инстаграмда үй-бүлөлүү аялдарга кеңештерди чыгарып каласыз. Ошол жакта “күйөөнүн алдында дайыма жасанып жүрүңүз” деген пункт бар экен. 3 балалуу айым катары айтсаңыз, дайыма жасанып жүрүүгө жетишсе болот бекен?
– Ал кеңештер мага WhatsApp`тан келет, ошону жарыялап коём. Мактангандай болуп калбайын, бирок мага “кантип жетишесиң?” деп баары таң калышат. Үйгө, жумушума, балдарды караганга, баарына жетишем. Айрымдар “үй кызматчың барбы?” деп сурашат. Жок, өзүм эле кылам. Кээде сиңдилерим келип жардам беришет.
– Ошол кеңештердин арасындагы “сүйүү бара-бара солгундайт дегенге ишенбегиле” деген сүйлөмгө да көзүм түштү. Ошондо сиздердин сүйүүңүздөр жыл санап күчөп жатабы же жубайлар бири-бирине жөн гана көнүп калышат бекен?
– Жөн гана көнүп калуу болсо, анда ал адамды кызганбайсың деп ойлойм. Мен жолдошумду аябай кызганам. Бирок кызганганга такыр себеп жок. Азыр деле карыганыбызды билбей, бири-бирибизге эркелейбиз. Жаңы үйлөнгөндө “ашыгым, гүлүм” деп эркелетчү эле. Азыр антип эркелетпей калды. Кээде гана “жаным” дейт. Мен болсо баскан-турган сайын “жаным”, “мамалак” дей берем. Ал “чындап сүйгөн адам улам-улам “сүйөм, жаным” деп айтпайт. Антип айта берген жөн гана пиар” дейт. Мен болсо “аял киши кулагы менен сүйөт, айтып туруңуз” деп таарынам. Бирок телефонуна мени “айым” деп сактап алган. Мындай нерселер да жагымдуу.
– Аял күчтүү болушу керекпи?
– Аял акылдуу, ийкемдүү болушу керек экен. Көп жылдап өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан жана тааныш, туугандардын мамилелеринен көрүп үйрөнгөнүм ушул. Апам бизге дайыма “унчукпаган киши тоодой балээден кутулат. Унчукпагыла” деп айта берет. Ошол туура экен. Эркек киши үй-бүлөнүн башчысы да, ийилип коюш керек экен. Үйдө эркек күчтүү болушу керек.
– Айрым учурда эркек дагы ийилиши керекпи?
– Аял ийилип койсо, эркек аны ошончолук сыйлайт. Башында мен ийиле албай, уруштар, таарынычтар болчу. Жолдошумдун 5 ага-иниси, бир эжеси бар. Бир ирет мага “Айнура, менин жашоомдо эки ханыша бар. Алар – апам жана эжем. Ушул адамдардын сөздөрүн мыйзам деп кабыл алып, алардыкы туура эмес болсо да туура деп жашасаң, мен өмүр бою сени сыйлап, сага баш ийип өтөм” деди. Чын эле кайын журтту сыйлаш керек. Мен анын суранычын аткарып жатам. Ал да мени сыйлайт. Жолдошум азыр мен үчүн ушакташканга эң ыңгайлуу адам. Экөөбүз курбу кыздардай ушакташабыз. Ал укканды билет, ошонусу жагат. Мен негизи эле көп сүйлөйм.
– Ошентсе да жолдошуңузда өзгөрткүңүз келген сапаттар болсо керек?
– Мен жаштайымдан бою узун, ак жуумал, тамеки чекпеген, спорт менен машыккан түгөйгө туш болсом деп тиленчүмүн. Ошондой күйөө берди. Бир сапаты дайыма жинимди келтирет. Ал башка адамдардын көзүнчө болобу, өз арабызда болобу мен жасаган иштин жаман жагын айтып салат. Мисалы, тамагымды баары мактап жесе, “тузу бир аз көп болуп калыптыр” же “бир нерсе жетпей калыптыр” дейт. Ошон үчүн уруша берем.
– Алдыдагы шайлоо тууралуу оюңуз кандай?
– “Шайлоого барбайбыз, эч кимди шайлабайбыз” дегендер көп экен. Мен да шайлоого катышпай койсомбу деп ойлонуп жатам. Анткени пандемияда эл кыйналганда жарытарлык колдоо көрсөткөн партиялар болгон жок. Ушул кыйын кырдаалда өлкөнүн келечегине ишенбей, чет мамлекетке кетип калуу тууралуу ойлонгон жаштар көбөйдү. Мени ошол маселе ойлондуруп жатат. Жаштарыбыз кетип калышса өлкөбүз эмне болот? Андан көрө ар бирибиз салым кошуп, өлкөнү өнүктүрсөк жакшы болмок. Бирок бир чети пандемия учурунда күйүп-бышып элге жардам берип чуркап жүргөн жаштарды көрүп ыраазы болдум, келечегибиз бар экен, уучубуз куру эмес экен. Буюрса, баары жакшы болот.
– Ишенебиз. Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg