Гүлжигит Сатыбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “СҮЙБӨГӨН АДАМДЫН ЖАШООСУНУН МАҢЫЗЫ ЖОК”

“Узун сүйлөп отурганча оюмду 1-2 сөз менен гана жеткиргенди жактырам” дейт Гүлжигит Сатыбеков. Айтканындай эле сырдуулукту жактырган ырчы суроолорубузга кыска жана нуска жооп берип жатты. Баарлашуубуз чыгармачылык, жеке жашоо тууралуу болду.

– Гүлжигит байке, кош келипсиз! Фотосессия учурунда кичинекей балдар да, орто жаштагы ага-эжелер дагы келип сиз менен сүрөткө түшүп жатышты. Дайыма эле көчөгө чыкканда ушундайбы?

– Ооба. Кудайга шүгүр, күйөрман топтой алдым. Көчөгө чыксам ушинтип сүрөткө түшүшөт, көңүл бурушат. Башында тартынып ыңгайсыз болчумун. Азыр көнүп калдым. Муну жумушум катары кабыл алам. Бирок маанайым жок же сүрөткө түшкүм келбеген учурлар болот. Андай учурда да күйөрмандарымдын сунушун четке кага албайм, бул туура эмес деп ойлойм. Жөнөкөйлүккө умтулам. Жөнөкөйлүк жакшы сапат.

– Байлыкка, бийликке же атактуулукка жеткенден кийин жөнөкөй болуу кыйын болсо керек?

– Мен ар бир адам жөнөкөй деп ойлойм. Дегеним, менменсинген, текебер адамды деле казсаң, ал адамдын да жан дүйнөсүнүн түпкүрүнөн жөнөкөйлүктү табасың. Менимче, көбүнчө бул ошентип ойлогон адамдардан көз каранды. Адам кайсы бир даражага жеткенде башкалар “бул популярдуу болду же кызматынан көтөрүлдү” деп өздөрүн ошого даярдап, ал адам бой көтөрүп калды деп ойлоно башташат. Анан эле учурашып, сүйлөшүп калганда өзүнүн оюндагысын издеп, өзү каалагандай көрө баштайт.

– Жакшы көз караш экен. Сиздин ар бир ырыңыз хит болот. Азыр чыгармачылыгыңыз солгундай түшкөндөй. Муну үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл буруш керек болуп, чыгармачылыкка убакыт тар болуп калды деп түшүнсө болобу?

– Чыгармачылыкты бапестеп багыш керек, ага көп убакыт бөлүү зарыл. Азыр деле аракет кылып жатам. Чыга элек чыгармаларым көп. Ал ырларымды да багып, семиртип анан чыгарышым керек. Үй-бүлөм, тескерисинче, мага колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берип жатат.

– Үй-бүлө демекчи, үй-бүлөлүү экениңизди ушунча убакыт жашыра алганыңызга таң калдым...

– Үй-бүлөм – менин жеке уям, менин очогум. Аны жарыялоо туура эмес деп ойлойм. Анткени ар түрдүү адамдар, ар түрдүү пикирлер бар. Бирөө жакшы айтса, бирөө жаман сүйлөйт. Сөздөр жашоого таасир берет.

– Инстаграмга кызыңыз менен түшкөн сүрөтүңүздү жүктөп, “кыз бала атага жакын болот экен” деп билдирүү жаздыңыз. Балдарыңыз тууралуу айтып бериңизчи...

– Кудайым мага 2 кыз, 2 уул берди. Бир жерден мындай жакшы сөз окуп калдым: “2 кыз, 2 уулу бар адам Кудайга курдаш болот”,- деген. Балдарым үчүн Кудайга ыраазымын. Ооба, кыз бала атасына, уул бала апасына жакын болот экен. Үйдө кыздарым менен сырдашам, ойнойм. Алар мага эркелеп турушат. “Бул менин атам” деп бири-биринен талашып калышат. Кыз киши бирөөнүн аманаты. Кызды бапестеп өстүрүп, татыктуу узатыш керек. Кудай балдарымдын багын, ден соолугун берсин.

– Ушул жылы элди чогултуп бата алып, той берериңизди айттыңыз эле...

– Пандемия көп пландарды өзгөрттү. Жашоо бир нукка түшкөнчө дагы сабыр кылып турабыз. Ал оюбуздан кайта элекпиз, буюрса, элден бата алабыз.

– Жакшы. Бактылуусузбу?

– Бүгүнкүсүнө, азыркы турпатына ыраазы болуп, Кудай берген нерсеге канааттанып жашаган адам бактылуу. Мен баарына ыраазымын, бактылуумун.

– Материалдык байлык топтой алдыңызбы?

– Быйыл үйлүү болдук. Жашоо жеңил болушу үчүн материалдык байлык керек. Бирок мени материалдык байлыкка караганда руханий байлык кызыктырат. Жан дүйнөсү бай адамды чыныгы бай адам деп эсептейм.

– Жан дүйнөңүздү байытыш үчүн көп китеп окууруңузду билебиз. Кандай китептерди окуйсуз?

– Тарыхый китептерди жакшы көрөм. Жакында окуган китептерим: Байас Туралдын “Алтын казык Аксы”, Төлөгөн Касымбековдун “Баскын”, Папан Дүйшөнбаевдин “Жармазардагы акыркы кеч” чыгармалары. “Алтын казык Аксы” китебин окуп Аксы тууралуу көп маалымат алдым. Китептин таасири менен Аксыдагы Бозбу тоосуна чыгып, Аксыны үстүнөн карадым. Китептен таасир алуунун өзү керемет. Мен ар бир китептен өзүмдү издейм. Андагы каармандарга өзүмдү салыштырам, ичимдеги суроолорго жооп издейм. Азырынча мен өзүмдү, мендеги бардык суроолорго жооп таба элекмин.

– Жооп табышыңызга тилектешмин. Чыгармачылыкка кайрылсак, сиз кайсы ырчылардын чыгармаларын жакшы көрүп угасыз?

– Илгерки ырларды жакшы көрөм. Тото Кутуньонун, немис музыканты Дитер Болендин, советтик жана орус “Мираж” тобунун ырларын, классикалык чыгармаларды, мисалы, Бетховенди жакшы көрүп угам. Бул чыгармалар эс алдырат.

– Гүлжигит Сатыбеков имиджин, ырдоо стилин өзгөртүп, такыр башка жанрда ырдап кала турган күн келиши мүмкүнбү?

– Мүмкүн. Мен күндө өзгөрүп тургум келет. Ар күнү ар кандай кыймыл, ар түрдүү ой жүгүртүүнү, ар башкача баарлашууну каалайм. Адам өзгөрүп, өнүгүп турушу керек. Өзгөрүп, өнүгүп, бийиктикке чыккым келет. Ырларымдын арасында деле стандартка туура келбеген ырлар бар. Стандарттуу эмес, уйкаштыгы жок ырларды жазып, досторума угузсам, “ушундай да ыр болобу?” дешет. Бирок ал ырлардын да күйөрмандары табылат. Андай ырларды биз ырдабасак да, келечек муун ырдап чыгат. Мисалы, келечекте башкача стилде жазылган ырдын текстин такыр башка жанрдагы обон менен ырдап чыгышат, жанрларды аралаштырып ырдашат. Ушундай болот деп ойлойм. Мен мындай өзгөрүүлөрдү кубаттайм.

– 2019-жылы “Супер-Инфо” гезити, SUPER.KG порталынын тандоосу менен “Жылдын супер ырчы мырзасы” аталдыңыз. Күттүңүз беле?

– Мен эч ким менен атаандашпайм. “Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы” деп коёт го, наам мага насип болгон экен. Кубандым. Ар бир жеңишти майрамдаш керек деп билем. Чоң ийгиликтер да майда жеңиштерден куралат. Майрамдадым, кубандым.

– Жашоодогу эң чоң жеңишим деп эмнени айта аласыз?

– Күндө эртең менен тургандагы тирүүлүгүм менин жеңишим.

– Мырзаларга 40 жашка чыкканда кайрадан өткөөл курак келет дешет. Ошондой бекен?

– Мен тескерисинче токтолуп жатам. Убакыт өткөн сайын оорлошуп, шаан-шөкөттөн алыстап, тынчтыкты сүйүп калат экенсиң.

– Сүйүү тууралуу сүйлөшкүм келип жатат. Сүйүү сиз үчүн эмне?

– Сүйүү – керемет нерсе. Бардык адам сүйүшү керек. Сүйбөгөн адамдын жашоосунун маңызы жок. Сүйүүнү сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Ал айтылбаган, кайнаган, аныктамасы жок өзгөчө сезим. Окумуштуулар да сүйүү тууралуу көп жазышкан. Алардын цитаталарынын арасынан сүйүүнүн аныктамасын издей берем. Бирок канааттандырарлык, курсак тойгузарлык жооп таба элекмин.

– Эң чоң сүйүүңүз тууралуу сурагым келди...

– Сүйүүлөр өткөн. Азыр мен балдарымды сүйөм.

– Өзүңүздүн мүнөзүңүздү сүрөттөп берсеңиз...

– Көп нерсени кенебеген, шашпаган, сабырдуу, ар бир кыйынчылыктын артынан жакшылык келерине ишенген, бардык окуяны жүрөгүм аркылуу өткөргөн жумшак адаммын.

– Балдарыңызга да жумшак атасызбы?

– Ооба. Мен бала кезде ата-энемден, агаларымдан, таенемден көп таяк жеп чоңойдум. Ошол себептүү балдарыма кол тийгизип, катуу сүйлөбөйм. Балдар менен теңтуш, курдаш болуш керек. Аларга жумшак сүйлөсөң, алар да сага ачылат. Уруп, сөксөң, бала сенден качат. Балага баарын сөз менен жеткирип, сөз менен тарбияласа болот.

– Туура. Балдарыңыз бактылуу болушсун! Сизге чыгармачылык ийгилик!

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Merelisha
2020-08-25 23:06:22
Кандай сонун интервью!!!! Суктандым болгону суктандым....
+2
Raihan0602
2020-08-28 17:15:14
Үй бүлөлүк бакыт чыгармачылык ийгилик болсун
+1
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан