Сооронбай Жээнбеков: “МЕН ПРЕЗИДЕНТ КАТАРЫ БИРӨӨНҮ СУРАККА ЧАКЫРТЫП КОРГОНУУГА МУКТАЖ ЭМЕСМИН”

“Кандайдыр бир билдирүү жасап, бирөөдөн жоопкерчилик талап кылган ар бир жаран өзүнүн жоопкерчилигин да унутпашы керек”,- деди президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта радиолордун бирине маек берип жатып.

Жээнбековго президентти сындаган журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин суракка чакырылып жатышы боюнча суроо узатылган эле.

“Буга чейин да көп жолу айткам, дагы кайталагым келет. Күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги өлкөнү өнүктүрүүгө шарт түзөт. Эркиндик чоң жоопкерчиликти да талап кылат. Ар ким өз милдетин аткарышы керек. Мен президент катары өз милдетимди аткарып жатам. Милиция өз ишин кылууда, журналист же активист өз материалын жазып, сын айтууда. Алар да өз милдетин аткарууда. Талкуулар кимдир бирөөнүн укугун басмырлабай, саясий же адамдык маданияттын чегинде талаш-тартыш болсо – бул нормалдуу эле көрүнүш. Бирок мен президент катары бирөөнү суракка чакыртуу менен коргонууга муктаж эмесмин”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан