Бишкек шаардык соту 14-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимин күчүндө калтырды.
“Биринчи Май райондук сотунун өкүмү толугу менен күчүндө калтырылды. Мындан аркы иш-аракеттер шаардык соттун чечими колго тийгенден кийин аныкталат. Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазуу боюнча маселе каралууда",- деди Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев.
Эскерте кетсек, ушул жылдын июнь айында Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Ага кошо анын үй-мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик бардык наамдары менен сыйлыктары артка чакыртып алынган.
Кыргыз соту тарабынан 18 жылга соттолгон кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы абактан мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевди качыруу боюнча иш кайрадан карала баштаганын айткан. Бул окуяга жалпы 19 адам айыпталган, көбү учурда үй камагында. Алардын катарында мурунку башкы прокурор Аида Салянова, экс-вице-премьер Шамил Атаханов жана мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана башкалар бар.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg