19-августта “Мекеним Кыргызстан” партиясынын съезди өттү. Жыйынга аталган партиянын туусу алдында шайлоого аттанган “Ата Журт”, “Бирик” жана “Табылга” партияларынын лидерлери да катышты. “Мекеним Кыргызстандын” төрагасы Мирлан Бакиров Кыргызда демократиялык принциптер маанилүү экенин белгилеп, саясий партияларды ыплас жол менен эмес, программалык негизде күрөшүүгө чакырды.
Расмий маалыматка таянсак, талапкерлердин тизмесин түзүүдө “Мекеним Кыргызстан” жаштарга басым жасады. Бакиров партиянын программасынын негизги максаты – өнүккөн базар экономикасы бар социалдык багыттагы мамлекет куруу жана өлкөнүн ар бир жаранынын жашоосун жакшыртуу экенин айтты.
Айта кетсек, 18-августта Ахматбек Келдибеков башында турган “Ата Журт” партиясы “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулганы жарыяланды. “Ата Журт” партиясы 2010-жылкы парламенттик шайлоодо 1-орунду, 2015-жылкы шайлоодо “Республика” партиясы менен бирге 2-орунду ээлеген.
Буга чейин “Мекеним Кыргызстан” партиясына “Бирик” жана “Табылга” партиялары да кошулган.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg