МИГРАНТТАР КОТОРГОН АКЧА 5 АЙДА 25 ПАЙЫЗГА АЗАЙДЫ

Чет жердеги Кыргыз жарандары мекенине которгон акча 2020-жылдын алгачкы 5 айында 25 пайызга азайды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы, Азия өнүктүрүү банкы жана Экономика министрлиги биргеликте жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат.

Пандемияга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн ички дүң продукциясы 2020-жылы 10 пайызга азаяры айтылды. Изилдөө көрсөткөндөй, пандемияда негизги соккуну өлкөнүн туризм, соода, кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагы алды. Эксперттер 2020-жылы жумушсуздук 13 пайыздан 21 пайызга чейин өсүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Өткөн жылдардагы статистика боюнча Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева төмөнкүлөрдү белгиледи:

– 2019-жылдын (январь-ноябрь) айларынын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын Кыргыз Республикасына акча которуу системдери аркылуу которгон каражаттары 2 миллиард 191,9 миллион АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,6 пайызга төмөндөдү. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынан тышка жеке адамдардын акча которуу системдери аркылуу которулган каражат 493,4 миллион АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга азайды.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан