БИР БҮРКҮМ. АВГУСТТА 3 КҮН ДЕМ АЛЫШ БОЛОТ...

  • Билим берүү жана илим министрлиги: “1-сентябрда ЖОЖдордо жана колледждерде окутуу онлайн форматта башталат”.
  • Бишкекте убактылуу ачылган күндүзгү 4 стационар 18-августтан тарта ишин токтотту.
  • Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы авиакаттам 1-сентябрдан тарта жанданат.
  • Өзгөн районунун акими болуп Болот Дыйканбаев дайындалды.
  • Жаңы окуу жылында 1-класстар мектепке барып окушат.
  • Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыктар башталганы айтылды.
  • Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев жүрөгү токтоп каза болду.
  • Байыш Юсупов Ош облусунун жетекчиси болуп дайындалды.
  • Кара-Суу районунда 6 жашар кызга ыплас иш-аракеттерди жасаган деп шектелип 30 жаштагы жаран кармалды.
  • Өлкөдө быйыл 29-30-31-август дем алыш күндөрү деп жарыяланды.
  • Талант Солтобаев транспорт жана жолдор министринин орун басары болуп дайындалды.
  • Бишкекте турак үйгө кирип, үй ээсин бычак менен коркутуп, уурулук кылганга шектүү кармалды.
  • Шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыкты.
  • "Бет кап тагынып, кол аарчы, антисептикалык каражаттарды пайдаланышы керек". 1-класстарды окутуудагы алгоритм иштелип чыкты.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан