Аcкат Амантаев, ыктыярчы: “ИШИМДИ ТАШТАП, ЫКТЫЯРЧЫ БОЛУП КЕТТИМ”

Эл өз баатырларын билүүсү керек деген сөз бар. Бул сөздү ушул тапта дарыгерлерге колдонсок жарашат деп ойлойм. Сиздин, биздин, Асандын, Үсөндүн жакындарын өлүмдүн оозунан жулуп алган жаш ыктыярчы дарыгер менен маектештим. “Жаман түш көргөндөй өзүмө келе албай жүрөм” дейт Аскат Амантаев.

– Сиз үчүн пандемия кандай башталды?

– Менин негизги кесибим уролог, үч жылдай жандандыруу бөлүмүндө иштегем. Мен үчүн пандемия кандай башталды? Жай турмушта эле ишимди кылып жүргөм. Өзүмдүн жеке бейтаптарым бар эле, аларды үйүнөн дарылачумун. Июнь айында абал оорлошуп баштабадыбы, ошол эле бейтаптар мага вирус жугузуп алышканын айтып жардам сурай башташты. Бат эле телефон чалуулар көп болуп кетти. Жетишпей калдым. Ошондо негизги ишимди таштап, ыктыярчы дарыгер болгонго туура келди. Башында 4 сааттай уктап жаткам, кийин эки саат эле уктай баштадым. Түнкү экилерде араң үйгө келип жатып калам. Таң атпай телефон чалат, тамактанып алып жөнөп кетмей. Ушул аралыкта эң оор күндөрдү башымдан өткөрдүм, азыр ошол психологиялык абалдан чыга албай, кызыктай абалда жүрөм. Кээде түшүңдө оор нерсе көрүп, анан кечке унута албай денең оорлошуп жүрө берет го, пандемиядан кийин ошол абалда жүрөм.

– Өзүңдүн унааң менен кыдырып жаттыңбы?

– Жок, такси менен барып жаттым. Эл телефон чалып, ыйлап жардам сурап жатса чыдай албай калат экенсиң. Мен дарылаган бейтаптардын ичинде жаш балдар болгон жок, 30 жаштан өйдө көбүнчө кары-картаң адамдардын абалдары оорлошуп жатты.

– Вирус дарыгерлерге мурун тааныш эмес болду да, жаңы илдетти дарылоо оор болдубу?

– Оор болду. Эң биринчи барган бейтаптарым түрк улутундагы үй-бүлө болду. 7 адам ооруп жаткан экен. Алардын үчөө оор абалда жатыптыр. Дем алуусу кыйындап кеткен экен. Башында кадимки сасык тумоону дарылагандай дарылап баштагам. Эки күн жыйынтык берген жок. Вирустун өзүн алып жүрүүсүнөн, дарылардын таасирлеринен улам оюма башка ыкма келди, ошону менен дарылап баштадым. Бир күндө эле жыйынтыгын берди. Кудай сактасын, мен баарынан да кимдир бирөө менин колумдан өлүп калышынан корктум. Бактыга жараша, эч ким каза болгон жок. Ушуга аябай сүйүндүм. Башында баарын антибиотик менен дарылап баштабадык беле, ошол тескерисинче абалды оорлотот экен. Мен өзүмдүн бейтаптарымдан эле бошобой калдым, телефон чалуулар менен жүрүп пандемиянын чокусу болуп кеткенин билбей калыптырмын, анткени телефонду колума алганга, жаңылык көргөнгө убактым жок эле. Такси менен жүргөнүмдү көрүп бир бейтабым ырчы Анжелика да жардам берип жатканын, ошонун командасына кошулуп жардам берсем натыйжалуу болорун айтты. Анжеликанын телефонун алып чалып, иштеше баштадым. Ал жактан чалуулар кошулганда такыр эле бош убактым жок калды.

– Сен үчүн пандемия менен күрөшүүдө оор нерсе эмне болду?

– Уйку. Эки ай бою бир-эки саат уктайсың. Анан түзүлгөн абалдан улам нес болдум. Кээ бир адамдарды тиги дүйнөдөн эле алып келип жаткандай болдук. Бирок жогоруда айткандай, менин колумдан өлүм болгон жок.

– Коргоочу кийимдерди кийип жаттыңбы?

– Башында кийип жатканбыз, бирок күндүн ысыгында аны менен кыймылдаш оор болот экен. Аны кийүүнүн да, чечүүнүн да тартиби бар. Бирок ал учурда эч ким тартипти кармап кийинген жок. Аны чечкенден кийин атайын башка бир жерге алып барып өрттөө керек. Андай шарт да жок болчу. Андыктан кадимки кийим менен жүрүп, бирок антисептикти жөн эле куюнуп жаттым. Албетте, ошолордун арасында жүрүп вирус мага жукпай коюшу мүмкүн эмес эле. Мен дагы оорудум. Бирок ооруп жатып деле элди дарылоого мажбур болдум. Жатып алуу вариант эмес болчу. Чалуулардан тажап, телефонумду өчүрүп салганга колум барган жок. Уялдым, балким, бирөө мен телефон албай койгондо өлүмгө учурап калабы деген ой келди. Ооруп жатып эле тамчылатма дары коюп, кеңеш берип дарылап жүрдүк.

– Бул өз жанынан аша кечүү эмеспи?

– Биз Гиппократтын антын бергенбиз. Эгерде колуңда бир өмүрдү сактап калуу мүмкүнчүлүгү турса, аны сөзсүз пайдалануу керек. Жогоруда айткандай, реанимацияда иштегем, мындай абалга даяр дарыгермин деп эсептечүмүн. Көрсө, эч ким даяр боло албайт экен.

– Өзүңдүн үй-бүлөңдү кооптуу абалга алып келем деп кооптондуңбу?

– Келинчегим, он айлык балам бар. Аларды башка жактарга жиберип жаттым, бирок кайра эле келип калып жатышты.

– Сен ыктыярчы болуп кетип калганда үй-бүлөңдү ким карап жатты?

– Өзүм эле. Эми ачка калышкан жок. Болгону батирде турабыз, ай сайын төлөгөндө бир аз кыйналдым. Эми аны сөз деле кылбай коёлу. Жаш медиктердин баары эле ошол абалда. Маяна аз. Мыктылары чет өлкөгө кетип калышкан, мен деле дайым чет өлкөгө кетип калсамбы деп ойлоном, бирок баары бир бир нерсе кармайт.

– Ысык-Көлдө да жүрүп иштеп келгениңди уктум.

– Ысык-Көлдө абал оорлошуп жатканын угуп, ал жакка жөнөдүк. Башкы врачтарына чейин ооруп жатышыптыр. Тез арада кенже дарыгерлерге кандай дарылашты көрсөтүп бердик. Доскага жазып, үйрөтүп, лекция окуп жаттык. Көп дарылардын арасында чындап жардам бергени аз эле санда. Натыйжа бере тургандарын көрсөттүк. Кудай жалгап, биз кыдырган 5 айылда тең өлүм болгон жок. Бул врач үчүн эң маанилүү нерсе.

– Азыр экинчи толкун болушу мүмкүн деп жатышат, кандай кеңеш берет элеңиз?

– Мен да болот дегенге кошулам, анткени күн сууктаганда башка бир формага өтүп, коронавирус жайылышы мүмкүн. Бул “алдамчы” вирус экен. Дем алуу органдарын жабыркатып эле тим болбостон, иммунитетти түшүрөт. Башында сасык тумоодой эле өтүп кетет дегем, өзүм дарылап баштаганда гана оңой оору эмес экенин түшүндүм. Ар бир бейтапка индивидуалдуу түрдө караш керек экен. Мен чалуулар болгондо жетишпей, видео аркылуу айыктырайын деп да байкап көрдүм. Андай дарылаган болбойт экен. Анткени бейтаптын абалын барып карап, кайсы баскычта турат, дене табы, сатурациясы канча, баарын билип туруп анан дарылоо сунушталат. Муну иммунитетти чыңдоо менен жеңе алабыз. Аралыкты сактоо керек. Ооруп калган учурда сөзсүз обочолонуп, анан дарыгердин көргөзмөсү менен дарылануу керек.

– Эркин микрофон.

– Кыргыз элинин бардык дарыгерлери мендей, менден да жаман оор абалда иштешти. Кесиптештериме ыраазычылык билдирем.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Eminahanym
2020-08-24 14:20:37
Азаматсвздар. Сиздерге чоооон рахмат. Аллах ыраазы болсун.
+1
Ariz0112
2020-08-27 07:39:03
Аллах ыраазы болсун!
0
Jamalym
2020-08-30 17:07:07
Азыркы замандын баатырлары!Ишинизге ийгилик.
0
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан