Мыкты мушкер, UFC уюмунун жалпы рейтингинде биринчи саптан орун алган америкалык Жон Жонс чемпиондук курдан баш тартты. Бул тууралуу: "Мен бүгүн UFC уюмунун жетекчилигине орто салмактын чемпиондук курунан баш тартканымды билдирдим. Бул салмактагы жолум өзүнчө бир саякат болду. Уюштуруучуларга, атаандаштарыма жана күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем",- деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Жон Жонс карьерасында жалпысынан 27 беттеш өткөрүп, 26сында жеңишке жетишкен. Ал 2008-жылдан тартып UFC уюмунун алкагында беттештерди өткөрүп келет.
Динара Акимова
sport@super.kg