СПОРТЧУ АБДУРАХМАН МУРТАЗАЛИЕВ САЯСАТКА АТТАНДЫ

Грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиону, Жиу-житсу федерациясынын президенти Абдурахман Муртазалиев атасынын жана улуулардын батасын алып Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болорун социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал партиялардын биринин курамында шайлоого аттанганын билдирди. “Акыркы айларда орун алып жаткан баш аламандыкка күбө болуп, ушундай чечим кабыл алдым. Кээ бирлер бир коңгуроо менен маселесин чечип алышса, айрымдар жылдарды сарпташат экен. Мен 7 жыл Улуттук жиу-житсу федерациясын жетектедим. Федерация мамлекеттин эсебинен каржыланат, ага жоопкерчиликтүү адам мен болдум. Жараткан күбө, бөлүнгөн акчалардын бир тыйыны да сол жакка кеткен жок. Депутат боломбу, болбоймбу ал бир Кудайдын колунда. Кандай болбосун мен эл мененмин”,- дейт ал.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aybek88
2020-08-24 12:02:13
“Акыркы айларда орун алып жаткан баш аламандыкка күбө болуп, ушундай чечим кабыл алдым."

Баш аламандык сендейлердин айынан болуп жатат.
+2
aybek88
2020-08-24 12:03:04
Спортчулар, ырчылар урмат, анжелика, айзада, самара, борбиев дегендердин айынан
+2
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан