Актёр, режиссёр Сапар Сайназаровдун моюнуна "каамыт илинди". 33 жаштагы актёр Диана аттуу бийкечке үйлөндү.
– Колуктум 19 жашта, Көлдүн кызы. 7 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Аны бир көрүп эле өмүрлүк жарым болорун билдим. Диананын мүнөзү жагат. Токтоо, жөнөкөй, боёнбогон кыз.
Азыркы шартка байланыштуу көп эл чогултуп той берген жокпуз. Ата-энесинин алдына барып, сөйкө салып алып кеттим. Аябай бактылуумун,- дейт Сапар мырза.