– “Ак толкундар” деген автордук чыгармам бар. Бул ыр 1 жыл мурун чыккан. Бирок клип тартыла элек болчу. Маркум Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл эже ушул ырды угуп калып “жакшы ыр экен” дептир. Аны угуп “эжеге жаккан турбайбы, жолдошунун элесине арнап клип тартсам кандай болот?” деген идея пайда болгон. Сапаргүл эжеден уруксат алуу үчүн байланышсам, “ооба, ырыңды уккам. Жакшы ыр экен. Клип тарта бер. Бирок тартарда сценарийин окутуп койчу” деген. Карантин маалында онлайн сүйлөшүп, сценарийин иштеп чыктык. Даяр болгондо Сапаргүл эжеге жөнөттүм. Ал “жакшы болуптур, актёр, актрисалар жакшы ойноп берсе, жакшы клип болот” деди.
Ошентип карантиндик чектөөлөр алынары менен көлгө барып клипти тартып келдик. Башкы ролду актёр Замир Жашасын уулу ойноду. Аны Улан байкеге окшоштуруп тандаганбыз. Сапаргүл эженин ролуна Улуттук консерваторияда окуган Акмарал деген кызды тандадык. Актёрдук курам тандоодо жаңылбаптырбыз, майын чыгара ойноп беришти. Клип жакында телеканалдардан, социалдык тармактар аркылуу көрсөтүлө баштайт.