Нурзат Токтосунова, алпаруучу: «КҮЧТҮҮ ЭНЕ ТӨРӨГӨН КҮЧТҮҮ АЯЛМЫН»

Эне өзгөчө бир дүйнө. Бала ошол дүйнөдөн калыптанып, канатын керип уча турган болгондон кийин эненин уясы бекем, жайлуу, туруктуу болушу керек экен. Мени бул ойлорго каарманым түрттү. "Заманыбыздын супер алпаруучусу" Нурзат Токтосунова бул жолу апасы тууралуу айтып берди.

«АПАМДЫН МҮНӨЗҮ»

– Апам быйыл 83 жашка чыгат, аты Бүбүш. 5 эркек, 3 кызды төрөп, чоңойткон кыйын эне. Апам курч, өткүр аял. Ар бир эле бала өз апасын өзгөчө деп билет болуш керек. Бирок апам чын эле башкача аял. Чечкиндүү, бир нерсени шарт чечип коё алат. Чечим чыгарууга жүрөк, эрк керек эмеспи. Менин апамдан алган сапатым – сөзмөрлүгүм. Азыркыга чейин жалаң фразеологизм менен сүйлөйт, курч тамашалайт. Анан экөөбүздүн «тургула, болгула!» деп эле эч кимди жөн отургузбаганыбыз да окшош дешет. Энергиясы аябай көп, иштей берет, жанындагылардын бош турганын жаман көрөт. Биздин бала чак жумуш кылуу менен эле өттү. Азыр апама ыраазы болуп калабыз. Анткени «билбейм» деп тургандан көрө «билем» деп ишти бүтүрүп салган жакшы да. Апам күчтүү мотиватор. Жашоосунда кандай кыйынчылык болсо да ордунан туруп, алдыга умтулганды билет. Апам бизди уядан эле кадимки турмушта кезиге турган нерселерге даярдап, көп нерсе үйрөтүп койгон экен. Бээ саап, жарма бышырып, кымыз жасагандан баштап шырдак шырыганга чейин үйрөткөн. Эмгекке ушунча үйрөткөн, жадакалса сыналгыны да жүн тытып отуруп көрчүбүз. Баланы турмушка бышыруу өтө чоң нерсе. Апамдын ошол эмгегинен улам турмушта 8 бир тууган тең камчы салдырбай кеттик. Бир жерге барып ушакташып отурганды жаман көрөт. Бир маселе жаралса акылын айтып, кепти ошол жерден ары чыгарбайт. Негизи балада пайдубал күчтүү болуш керек. Эне куйган пайдубал менен өмүр бою кетет турбайбызбы.

«АПАМДЫН КОЮНУНДА 30 ЖАШКА ЧЕЙИН ЖАТТЫМ»

– Апама мен балдарынын кичүүсү болгонум үчүнбү жакынмын. Анан менден улуу байкем жакын. Апамдын коюнуна жатпай калганыма 10 жылдай эле болду. Отузга чыкканча эле коюнуна жатып, эркелеп жүрдүм. Мени аябай эркелетчү. 11-классты бүтүп, окууга тапшыра турган жылы мени уруша баштады. Ошондо «Эмнеге минтет? Окууну бүтүп, батыраак кетип калайынчы» деп аябай жаман көрүп баштадым. Көрсө, апам арканды алыс ыргытып, мени турмушка даярдап жаткандагысы экен да (күлүп). «Кызым эрке, жанымдан карыш жылчу эмес. Бишкекке барса деле мени сагынып окубай баса бербесин» деп 1 жыл мурун «саясатын» жүргүзө баштаптыр да. Биринчи курсту бүткөндөн кийин кайра мурункудай болуп калганбыз. Ошол окуя эле болбосо, ортобузда пикир келишпестиктер болгон жок. Ушуга чейин ата-энебиздин айтканы айткан, дегени деген тартипте жашап келе жатабыз. Апамдын пикирине макул болбой коюу мүмкүн эмес. Анткени күчтүү аял. Бир көз караш менен эле башкарып коё турган сапаты бар. Эсимде, бир жолу үйгө келген коноктор таң калып, «апаңар силерди көзү менен башкарат тура, күйөөсүнө да, балдарына да койгон тормозу «советский» экен. Анча-мынча «китайский» эмес тура» деп кетишкен.

«ТОЛГООСУ ЖАКЫНДАГАНДА ТАНДЫРГА НАН ЖААП...»

– Мен 4-5-классымда эле жеңелүү болдум. Ошон үчүн көп учурда жеңелерим тамак жасашчу. Апам болсо лагманды колго жакшы чоёт. Азыр «уйгурлардын тамагын сиз кайдан өздөштүрүп алгансыз?» деп сурасам, көрсө, кошунасы уйгур аял болгон экен. Ошондон үйрөнүп алыптыр. Апам жалаң тандырга нан жапчу. Бул Көл аймагында сейрек кездеше турган нерсе. Нанды көлдүктөр тандырга эмес, «печка» деген орус мештер бар, ошого жабышчу эле. Бирок апам дайыма тандырга жапчу. Ошон үчүнбү, наны башкалардыкынан айырмаланып турар эле.

Мурда төрөтканага бир жумадай жаткырчу окшойт. Толгоосу жакындаганда апам тандырга нан жаап, балдарынын, күйөөсүнүн кийимдерин бир жумалык кылып даярдап, үй, короо-жайдын баарын жыйнап төрөтканага барчу экен. Ар бир баласы төрөлгөндө атам да «майрамдап» кетчү окшойт. Ошон үчүн балдарым ачка калбасын деген аракети болсо керек.

«КЫТАЙДАН КАЧКАНДА...»

– Апаңа айтпаган сырларың да болот. Меники аябай эле көп. Апамды аяп, көп нерсе айтпайбыз. Чалып алып «апа, менде мындай болуп калды, тиги антти, бул минтти» деп даттанып жатып калмай болгон эмес. «Турмушка чыкканда мага эч нерсеңерди айтпай, тың болуп жашап кеткиле» деп үйрөткөн. Кээ бир апалар куда тарапка «ичиме баткан бала сыртыма да батат, алып келип кой» деп эч нерсе боло электе кызына болушуп жатып калышат го, апам такыр алардын катарына кирбейт. «Кандай болсо да ошол жерди көгөртүп жашагыла» дейт. Менин оор күндөрүмдө апам жанымда болду. Эч кимге тартпай, ичинен адилет бүтүм чыгарып, мындан ары да жашоо бар экенин апам көрсөттү. Ошон үчүн өзүмдү күчтүү эне төрөгөн күчтүү аялмын деп ойлойм. Бирок, албетте, апамчалык эмес. Бир жолу аябай ыза болуп кыйкырып баштасам, мени карап туруп «ай, сен болбой калган турбайсыңбы, такыр көтөрүмүң жок турбайбы? Ушу кантип болсун? Сени сабырдуу, көтөрүмдүү деп жүрсөм» деп аябай таң калган.

Апаңа белектерди бергиң келет, колуңдан келишинче көп нерсе кылганга аракет жасайсың. Апама туулган жерине алып барып келгеним эң чоң белегим болду окшойт. Апам Кытайда туулган. Кытайлык кыргыздар жашаган жери «Көк-Терек» деп аталат. Үркүн болгондо атамдын, апамдын туугандары Кытайга качып ошол жерде калып, кийин 1950-жылдары кайтып келишиптир. Көп туугандары калып калыптыр. «Эмнеге калып калышкан?» деп сурасак, көрсө, 200 кыргыздын документин бир кишинин баштыгына салышкан экен. Агымы катуу, ат агызып кете турган суудан араң өтүп бара жатып жанагы баштыкты сууга агызып жиберишип, документи сууга агып кеткендер келе албай калышыптыр. Атам, апам, туугандар болуп ошол жерлерди көрүп келдик.

Кытайда жашап калганына байланыштуу атам 4-классты, апам 2-классты гана бүтүрүптүр. Болгондо да алар арабча окуп, жазышчу. Бирок ошого карабай 8 баласын тең жогорку билимге ээ кылышты. Мен өзүм лекцияларда «эне билимдүү болуш керек» деп көп айтам. Ойлонуп көрсөм, апамдын 2 класстык эле билими бар экен. Бирок көкүрөгү курч, көрөгөч акылы болгону үчүн балдарынын билимдүү болушуна шарт түзгөн болсо керек.

Атам Темирболот 84 жашында көзү өттү. Өзү элдик медицина менен дарыланып, ден соолугу мыкты эле. Сексенден ашып калса да 32 тиши бүпбүтүн болчу. Улак эмес, торпок тарткан карылуу, күчтүү киши эле. Атам айкөл, анча-мынчага көңүл бурбаган киши болчу. Апам болсо өктөм, курч, бетке айткан акылдуу аял. Менимче, экөө бири-бирин толуктаган аябай жакшы тандем болгон.

Азыр апам бактылуу карылыктын кучагында. Неберелерин аябай жакшы көрөт. Тилегеним – апамдын өмүрү узун, ден соолугу бекем болсо экен.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MIRBOLOT
2020-08-26 09:53:56
Нурзат, азаматсыз. Сиз эркек болгондо Кыргызстандын бир жерин "чойгон" мырза болмок экенсиз. Биз түптүктөр сиз менен сыймыктанабыз!
+1
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан