Эрнист Сыдыков, клипмейкер: «БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨНҮ ЭЧ КИМ БАШКАРБАЙТ»

Кыргыз шоу-бизнесинде жылдыздуу түгөйлөр бар. Бири актриса, бири клипмейкер. Боюна бою, оюна ою жарашкан таттуу түгөйлөр 9 жылдан бери үй-бүлө очогун тутантып келе жатышат. Бул аралыкта жубайлар сүйкүмдүү 3 уулдун ата-энеси болушту. Көз кубанткан үлгүлүү үй-бүлө Эрнист Сыдыков менен жан шериги Кымбат Асизованын махабат баянына үңүлүңүз.

- Эрнист, Кымбат, салам! Алгач маекти үлгүлүү үй-бүлөнүн куралышына себепкер болгон махабат баяныңыздардан баштасак?

Эрнист: – Саламатсызбы? Жакшы болот. Инстаграмдан да «кантип таанышып калдыңар эле?» деп көп сурап калышат. Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун оператор бөлүмүндө, Кымбат актрисалык бөлүмүндө окучубуз. Сабактан портреттик сүрөт тартуу тапшырмасы берилгенде ошол окуу жайдагы жакшынакай кыздарды тартчубуз. Кымбатты бир көрүп «татынакай экен, ушул кызды тарталы» дегем. Кымбатты сүрөткө тартып, сүрөттөрүн обработка кылып жүрүп сүйлөшүп кеткенбиз.

Биринчи жолу тоого лыжа тээп келүүгө чакыргам. Ошол жактан сезимдер пайда болду.

Романтик жигиттер болот го, гүл берип, артынан чуркаган. Биз жөн гана кыз-жигит болуп сүйлөшүп кеттик. Жолугушууга чакырып, күнүгө жолугушуп жүрдүк. Бара-бара сезимдеримди ачыктадым.

Кымбат: – Операторлор актрисаларды сүрөткө тартып, тажрыйба топтошчу. Анда булар 4-курста, биз 1-курста окучубуз. Бизди чакырганда жакындан таанышкан эмеспиз. Бири-бирибизди көрүп эле тарап кеткенбиз. 1 жылдан кийин сүйлөшө баштадык.

– Кымбат өмүрлүк жарыңыз, балдарыңыздын апасы болууга татыктуу экенин кантип баамдай алдыңыз?

Э.: – 2 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Кымбаттын мүнөзү, мага болгон сый-урматы жакты. Башында «байке, сиз» деп кайрылчу. Үйлөнгөндөн кийин «болду эми, байкең эмесмин, күйөөңмүн» дегем (күлүп).

Баса, үйлөнө электе үйгө алып барып апам менен тааныштыргам. Кымбат апама аябай жаккан. «Сонун кыз экен, ушуну эле алып ал» деген.

– Кымбат, сизчи?

К.: – Дароо эле жактырып калган эмесмин. Ага-карындаш катары сүйлөшүп жүрдүк. Курбуларым Эрнисттин достору менен жакшы сүйлөшүшчү. Туулган күндөрдө чогуу болуп жүрдүк. Эрнист лыжа тепкени тоого чакырганда барып ойноп келгенбиз. Ошондон баштап жолугушуп жүрдүк. Бара-бара мамилебиз чыныгы сүйүүгө айланып кетти.

– Эрнист, «романтик эмесмин» деп калдыңыз. Колун кантип сурадыңыз?

– Гүл берип, тизелеп отуруп колуна шакек салган жакпайт. Мен болгону «үйлөнүш керек. Ушинтип жүрө беребизби?» дегем. Анткени ал кезде бири-бирибизге аябай ынак болуп калганбыз. Мен Ошко кетсем, бул сагынат, Кымбат съёмкага кетсе мен сагынам. Бир жолу Ошто съёмкада жүргөндө «келип, 2-3 күн жүрүп кет» деп чакыргам. Жеңелерим Кымбатты көрүп жактырышты. Чоң энемдин колунда өскөм. Ал «сени үйлөндүрүш керек болуп калыптыр. Тез арада үйлөн» деп калды. Кымбатка сунуштасам макулдугун берип, үйлөнүп калганбыз.

– Эрнист кандай күйөө?

К.: – Эрнисттин жөнөкөйлүгүн, бой көтөрбөгөнүн, ыймандуулугун, ичип-чекпегенин жактырып, турмушка чыккам. Байлыгына караган эмесмин. Жакшы ата болду, аябай баласаак. Мага караганда балдарына жан тартып турат.

Э.: – Келинчегим 3 уул төрөп берди. Аларды эркелетебиз. Бирок балдар үйдө бирөөдөн коркуп турушу керек. Апасы урушса тоготушпайт. Мен жинимди келтирип карап койсом эле коркуп калышат. Баланы өтө эркелетип салган болбойт. Катуу кармаганга аракет кылам.

– Кайын журтка кандай күйөө бала, кандай келин болдуңар?

К.: – Эрнист жакшы күйөө бала. Туугандарымдын туулган күндөрүндө, майрамдарда куттуктап турат.

Э.: – Бизде, Ош тарапта салтыбыз бир аз башкачараак эмеспи. Бир жолу үйгө таякелерим келип калганда Кымбат беттеринен өөп учурашса, алар аябай нес болушкан эле (күлүп). Азыр «Кымбат келинибиз орус мүнөз» деп күлүп калышат. Баарына калыс мамиле кылган, ачык-айрым, жакшы келин болду. Баары жакшы көрүшөт.

– Жаңы келин болгондогу эсте калган учурду эстеп өтпөйсүзбү?

К.: – Башында барганда булардын кээ бир диалект сөздөрүнө түшүнбөй жаттым. «Бар, чачык (ред.: сүлгү) алып кел» десе, «ал эмне эле?» деп ойлонуп туруп калчумун. Азыр кардарларым «Оштон болосуңбу?» деп сурашат. Анткени менде акцент бар.

– Үй-бүлөнү ким башкарат?

Э.: – Ушуну өзүң айтчы (күлүп).

К.: – Эч ким башкарбайт. Бири-бирибиздин оюбузду угабыз.

Э.: – Чоң маселе болсо киришем. Майда-чүйдө маселени Кымбат чечет.

– Актрисалыкты таштап салганыңызга өкүнбөйсүзбү?

К.: – Актрисалыкка 6 жыл окугам. «Ушул жылдар текке кетип калабы?» деп ойлонуп калам. Театр, кино жааты жүрөгүмө жакын. Эрнист «жакшы киного тартылганга сунуш түшсө, тартылууга уруксат берем» деп сөз берген.

Э.: – Башында «сизге тийсем болду, эч нерсенин кереги жок, актрисалыкты таштайм» деген.

К.: – Антип айткан эмесмин го?

Э.: – Башында «келинчегимди актриса кылбайм» деп ойлогом. Анда 20-21 жашта эле болчубуз да. Кызганып ошенте берчү экенмин. Өзүм ошол жаатта иштегендиктен түшүнүү менен карап калдым. Кымбат окуу жайга 6 жылын коротту. Кээде клиптерге, жарнамалык роликтерге тартып турам. «Жакшы ролго сунуш түшсө тартылсаң болот» деп уруксат бергем.

– Кандай учурда ортоңордо талаш-тартыш жаралышы мүмкүн?

Э.: – Көбүнчө жумушка байланыштуу майда-чүйдө талаш-тартыш болуп турат. Кээде Ошто 1 жума, Көлдө 3-4 күн жүрүп калам. Үйдө отурган аялда кызгануу болот экен. «Эмнеге телефонду албайсың? Кайда жүрөсүң?» деп калат. Кээде аябай чарчап, клип тартып жүрсөм «сен башка жакта жүрөт окшойсуң, ээ?» дегенде аябай жиним келип кетет да (күлүп).

К.: – Жаңы үйлөнгөндө кызганчумун. 2-3 жыл «каякта жүрөсүң?» деп бири-бирибизге чала берчүбүз. Убакыт өткөн сайын антип чалышпайбыз. Зарыл болгондо эле чалам. Кээде «мени сурабайсыңбы?» деп таарынып калат.

– Бактылуу болуш үчүн эмне керек экен?

Э.: – Бири-бирине болгон ишеним, сый-урмат керек. Ошол эле жетиштүү. Байлык, бийлик, атак-даңк экинчи пландагы нерсе. Эң негизгиси адамдык сапатына карап чын дилинен сүйүшсө, бактылуу болушат деп ойлойм.

– Кош бойлуу кезде аялдардын мүнөзү өзгөрүп калат эмеспи. «Каприздерине» чыдачу белеңиз?

Э.: – Боюнда болгону үчүн «каприз» көрсөтүп жатат го деп ойлочумун, төрөгөндөн кийин ошол образдан чыга албай калышат экен да (күлүп). Анан «жанагы образыңдан чыга албай жатасың го?» деп тамашалап калам.

Бирок үчөөндө тең катуу жинденген жок. Төрөтканада да башка аялдар кыйкырып жатса, Кымбат эмоциясын чыгарбай эле кыйналат.

К.: – Эрнист толгоо тартып жатканымды көргөн. Бирок төрөткө катышкан эмес. Үчөөндө тең сыртта уктап калган.

Э.: – Ооба, биринчисинде уктап калгам. Дайыма толгоосу түнкү 12де башталат. Таңкы 4кө чейин жанында болом да, сыртка чыгып уктап калчумун. Турсам эле «төрөдү» дешет.

– Үй тиричилик иштеринде Кымбатка жардам бересизби?

К.: – Үйдө оор жумуш жок. Биз көп кабаттуу үйдө турабыз.

Э.: – Баарын бала багуучу жасап коёт деп эле айтсаң (күлүп).

К.: – Ооба, мен жумушта болгондо балдарды бала багуучу карап, үй жумуштарын кылып коёт. Бош болсом чогуу жыйнаштырабыз.

– Үйлөнгөндөн кийинки 2-3 жыл түгөйлөр үчүн оор болот деп айтышат. Сиздерде кандай болду эле?

Э.: – Баш кошкондо кыз башка эле дүйнөгө келип калгандай болот. Көнүп кетиш оор. Бири-бирине сиңишкенге убакыт, сабыр керек. Качан ошол кыйынчылыктарды жеңип өткөндөн кийин гана толук кандуу бири-бирин түшүнүп, бактылуу болуп жашашат. Бул сыноо биздин башыбыздан да өткөн. Башында Кымбат биздин үй-бүлөгө көнүп кетиши кыйын болду. Бирок баарын жеңип өттүк. Азыр бактылуубуз.

– Келечек тууралуу сиздер да кыялдансаңыздар керек?

Э.: – Балдарыбызга татыктуу тарбия берип, сый-урматын көрүп, ата-энебиз, бир туугандарыбыз менен жылуу мамиледе жашасак деп ниет кылабыз.

– Тилектер орундалсын! Маегиңиздерге рахмат!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
balzak
2020-08-24 09:30:05
Татынакай үй-бүлөөсүнөр өмүр бою бирге, бактылуу болгула!!!
+4
Aituwas
2020-08-24 13:06:30
Майда чуйдонун баарын аялым чечет мен только чон проблемаларды гана чечем,бирок ушуга чейин 1 да чон проблема боло элек;дегендей болуптур го:)
+3
Arstan18.18
2020-08-24 14:28:57
Туура эле ар биздеда ушундай мен башкарбай калдымго деп эркектин жинденгени туура болбой калат чонурак нерсени аял айтып ортого салса анан анча мынча майда чуйдону аял туура тарабын таап ОЗУ бутургонуда жакшыда эркекти биротоло майдачыл кылбай! Бактылуу болгула
+3
Genka
2020-08-24 14:42:47
Аялы чето нааразыраактай суйлоптурго.Баарын жакшы дегиси келиптир бирок....деген жерлери да бар экен.
+1
rola
2020-08-25 22:00:52
Суктанам ушул уй-булоого.
0
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан