Өзбекстанда аял катуу ооруп, ооруканага жаткырылган. Эртеси балдары апасы каза болуп калганын угушкан. Алар сөөктү алып кетүү үчүн ооруканага барышканда врачтар кара целлофанга оролгон денени «ачпагыла» деп колдоруна тапшырышат. Балдары врач айткандай сөөктү ачпай, жерге берип, аза күтүшөт.
Мындан соң жергиликтүү басылмаларга «өлдү» делген аялдын уулу буларды айтып берген: «4-5 күндөн кийин менин телефонума бирөө чалып калды. Алсам апам. «Балам, эмне үчүн менден кабар албай жатасыңар?» деп капа болду. Мен таң калдым. Ооруканага учуп жеттим. Дарыгерлер кечирим сурашты. Көрсө, биз бөтөн эле бирөөнү жерге бериптирбиз. Менин апам тирүү экен. Мен апамды кучактап, аябай ыйладым».
Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg