"Заманыбыздын супер ырчы мырзасы" Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекованын ден соолугу жакшырып баратканын айтып күйөрмандарын кубантты. Жубайы кабылган жол кырсыгы, эмне үчүн жол кырсыгына айыпталган айдоочуну кечиргени тууралуу баарлаштык. “Бул окуя мени өзгөрттү” дейт ал.
– Салам, Нурлан! Маанайың жакшырып калыптыр...
– Аселдин ден соолугу жакшырып, жай турмушка кайта баштаганыбызга 15 күндөй болуп калды. Бизди кубандырган жакшы жылыштар бар. Жарааттары айыгып, толук калыбына келгиче убакыт керек. Дарыгерлер башында 6 ай же 1 жыл убакыт керек дешкен. Алар болжол менен айтышат экен. Күткөнүбүздөн да жакшы жылыштар бар. Асел да өзү аракет кылып жатат. Дарыгерлер айткандай, көзүн ачары менен мурунку жашоосуна кайтып кеткидей кино эмес да. Биз дагы эртерээк айыгып кетишин күтүп жатабыз. Кудай буюрса, 1-2 айда жакшы болуп кетет деп ойлоп жатам.
Азыркы тапта Асел өзү басып, тамак жеп, кызын ойнотуп жатат. Биз менен сүйлөшөт, оюн айтат.
– Кома абалынан көзүн ачып, сүйлөп калганда жанында болдуңбу?
– Аселя көзүн ачканда жанына мени киргизишти. Аны ойготуш үчүн эмнелерди гана кылбадык. Кызымдын видеолорун, үнү жазылган аудиолорун кулагына угуздум. Эсине келери менен дароо кызын сурады. Мени сүйүндүргөнү – өзүн таштаган жок. Ал түш көргөндөй эле болду окшойт. Азыр эмне болгонун сурайт. Көп нерсени эстей алган жок. Кызын, мени, ата-энесин эстеп сурап жатты. Азыр баары эсине келе баштады.
– Ооруканада канча күн жатты?
– Ооруканада көп убакыт жатыш керек болчу. “Алсырап турган организмге вирус жугуп калбасын” деп үйгө алып келгенге туура келди. Кайненем экөөбүз 3 күндөн алмашып карап жаттык. Азыркы тапта өзүбүз карап жатабыз.
– Элдин колдоосу да таасир бердиби?
– Бүтүндөй кыргыз эли дуба кылып колдоп жатышты. Менин, Аселянын жакын достору, тууган-уруктар жаныбызда болушту. Ооруканага эл батпай кетти. Кесиптештерге ыраазычылык билдиребиз. Күнү-түнү ошол жерде жүрүштү. “Таң атып калды, үйүңөргө баргыла” дегенге да болушкан жок.
Бул кырсык баарына сабак болду окшойт. Буга чейин коопсуздук курун такыр тагынчу эмесмин. Азыр тагып калдым. Өзүң сүзбөсөң да, бирөө келип сүзүп кетиши мүмкүн тура. Аселге дем салдырып, кан чыгарып, жардамга муктаждарга садака бердик. Андай учурда колуңдан келишинче болгон аракетти кылат экенсиң.
– Кырсык тууралуу сага биринчи ким угузду?
– Кайненем чалганда ишенген жокмун. Ишенгим да келген жок. Аселяга кечке чала бердим. Чалсам телефону өчүк эмес, гудок кетип жатты, бирок албайт. “Эмнеге албайт? Дайыма телефонун үнсүз режимге коюп албай жүрө берет” деп кадимки күнүмдүк жашоодогудай эле ага жиним келе берди. Жамандыкты күтпөйт экенсиң.
Ооруканага алып барганда дарыгерлер таанышкан эмес экен. Санитарка эже “бул кыз Асел го” дегенде гана билишиптир. Бизге чалгандан да коркушуптур. Тамаша деп ойлоп калышабы же башка болуп калса эмне болот дешкен экен. Анан Инстаграм баракчасына кирип ушундай көйнөк кийгенби деп карап чыгышыптыр. Салонго чалышыптыр. Кайненем алган экен. Ал дагы ишенбей мага чалып, “Нурлан, билчи, жүрөгүм тынчыбай жатат” деди. Ооруканага кантип жетип барганыбызды деле билбейм. Өз көзүм менен көргөндө гана ишендим.
Өзүмдү жоготпош үчүн кармандым. Дарыгерлер көргөзөрдө моралдык жактан даярдашат экен. “Өзүңдү жоготпо, сен күчтүү болушуң керек. Сен көп нерсени чече турган адамсың” дешти. – Абалы оор дегенди укканда жан дүйнөң жанчылса керек?
– Албетте, жаным жанчылып жатты. Эч бир сөздү жактырбай калдым. Жандандыруу бөлүмүнүн эшигинин кичинекей терезесин карап күтүп отурат экенсиң. “Дарыгерлер эмне деп жиберет? Жакшы кабар айтышса экен” деп алардын эле сөзүн күтүп отурдук.
– Жаман ойлорду өзүңдөн кантип алыстатып жаттың?
– Адам баласы эч качан үмүтүн үзбөйт экен. Эмнегедир “Асел жакшы болуп кетет” деген ишеним боло берди. Жүрөгүм кээде алдын ала бир нерсени сезип калат. Жакшы боло турган нерсени сезем. Кээде “бир нерсе болсо кызымды кантип карайм?” деген ойлор келбей койгон жок. Атасы болсоң дагы эркектер эч качан ападай мамиле кыла албайсың. Анткени эне баласына башкача үйрүлүп түшөт. “Кантип тарбия берем, кантип чоңойтом?” деген ар түркүн ойлор келди. Бирок жүрөгүм жакшы нерсени күтө берди. “Жаман нерсени ойлобой эле коёюнчу” деп жаттым.
– Туура кылгансың. Ошол учурда кызды ким карап жатты?
– Ата-энем карап жатты. Эжелерим бала-чакасы менен үйгө келишкен. Көпчүлүктү жакшы көрөт. Алардын балдары менен күндүз ойноп алаксып жүрдү. Бирок эмчек эмгендиктен жатарда ыйлап кыйналды. Түндө эмчек эмип, апасын кучактап уктачу да.
– Бул сыноо жашоого болгон көз карашыңды өзгөрттүбү?
– Ооба, өзгөрттү. Бул жашоодо эң башкысы ден соолук керек экен. Бул окуя биздин үй-бүлөнү мындан да бекемдейт. Себеби байлык, бийлик эмес, ден соолук, үй-бүлө биринчи орунда экенин, күлүп-жайнап жүргөнүбүз, үйдө ынтымак болуп бири-бириң менен жылуу мамиледе болсоң, калганы артынан келе турган нерсе экен. Асел экөөбүздүн бири-бирибизге болгон мамилебиз өзгөрдү. Өзгөчө менин. Барктап, бири-бирибизди түшүнүп калдык.
– Кырсыкка себепкер болгон айдоочунун жазаланышын каалайсыңбы? Же кечиресиңби?
– Алардан бир тыйын да кереги жок. Ал баланын апасы күнүгө чыркырап чалып жатат. “Аны каматканда эч нерсе өзгөрбөйт. Кечирип кой, айланайын” деп суранууда. Кайненем менен кеңешип “бизге эч нерсенин кереги жок. Болгону унааны калыбына келтирип бергиле” дегенбиз. Анткени кырсык ар бир адамдын башына түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан эч кимге жамандык каалагым келген жок. Каалабайм дагы.
Башында “унааны калыбына келтирип, айдоочу өз жазасын алып чыксын” дегенбиз. Азыр сот иштери жүрүп жатат. Ашып кетсе ага 5 жыл берилиши мүмкүн. Ата-энем да “кой, балам, ачууга алдырба. Бул кырсык. Кечирели” дешти. Аселянын жакшы болгонун көрүп сүйүнүп, жашоого кайтып келгенин көрүп жибидим. “Ал балага да мүмкүнчүлүк берели” деп кайненем менен сүйлөштүк. Мен чын жүрөгүмдөн ал баланы кечирдим. Эң негизгиси, Аселдин ден соолугу. Кандай болгон күндө да ден соолугун мурунку калыбына кайтара албайбыз. “25 жаштагы жаш бала экен. 5 жыл аны каматканда анын аң-сезими кандай өзгөрүлүп чыгат?” деп ойлодук.
Көпкө ойлондум “эмне кылсак?” деп. Досторум, тууган-урук менен кеңештим. “Асел кызынын жанына кайтып келди. Ошол биздин жеңишибиз. Алардын да көз жашына калба” дешти. Бир чети жиниң келет, кайра анын убалына калгың келбейт. Ошондуктан биз кечирдик. Эл кандай кабыл алат, билбейм.
– Сүзүп алган балага жолуктуңбу?
– Жолуктум. Соттон көрдүм. “Нурлан байке, кечирип коюңуз, атайылаган жокмун. Капыстан болуп калды. Мен сиздерди жакшы көрөт элем” деп өңгүрөп ыйлайт. Мен “сен мен кандай ыйлаганымды, кыйналганымды билбейсиң” дедим.
– Асел ошондо каякка бара жатты эле?
– Макияж жасаганды үйрөнүп жүргөн. Ошол салондон чыгып, өзүнүн салонуна келе жатыптыр. Видеодон унаа катуу ылдамдыкта келатып сүзгөнүн көрүп жүрөгүң ооруп кетет. Аяп кетесиң. Килейген бала болсо дагы бир жөн эле. Кырсык болгон жерди көргөнү барсам, 2 мамы сынып кетиптир.
– Кырсыкка себепкер айдоочу иштеген “Патруль” менчик күзөт агенттиги тарабынан моралдык жактан колдоо болдубу?
– Мен ошол агенттиктин жетекчисине капа болуп, нааразы болдум. Аселяны сүзгөн баланын ата-энеси Якутияда иштешет экен. Карантинге байланыштуу келе албай жатышты. Апасы күнүгө ыйлап чалат. Бир туугандары ооруканага 2 күндүн биринде келип, биздин жаныбызга келүүгө даай албай жатышты. Мен ошол агенттиктин жетекчисин күткөм. Акыры ага жолугуп “адамдык сапат керек. Биз канчалык ачууга алдырсак да, кечирим сурасаңыз көңүлүбүз жибип калмак” дедим.
Биздин тиги баланы кечиргенибиздин дагы бир себеби бар. Анткени сотко берсең бала камалып, агенттик эч кандай жаза албай калат экен. Мен баланын тагдырын ойлоп кечирдим. Эгер агенттик соттоло турган болсо, кечирбейт болчумун. Жоюлуп кетишин каалайт элем. Алардын адвокаттары тиги баланы күнөөлүү кылып каматып коюшмак.
– Туура. Асел тез сакайып, күйөрмандарына кайтышына тилектешпиз. Маегиңе рахмат!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg