Парламенттик шайлоонун алдында БШК “Кыргызстан” партиясын жарыштан четтетти. Бул шайлоонун фаворити болот деп айтылып жаткан партиянын тизмеден күтүүсүз чийилиши учурдун талкуу жараткан окуясы болууда.
2 АДАМ ТАПШЫРГАН 1 ДОКУМЕНТ
Мыйзамга ылайык, шайлоого аттанган партиялар 24-август күнү саат 18:00гө чейин шайлоо күрөөсү жана талапкерлеринин тизмеси тууралуу документти Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек эле. 24-август күнү кечинде маалымат айдыңына “Кыргызстан” партиясы документ тапшыруудан кечигип калды” деген маалымат желдей тарады. Жарандык активисттер, айрым саясий партиялардын өкүлдөрү БШКдан расмий жооп талап кылышты. БШКнын партиядан келген документтерди каттаган журналында “Кыргызстан” партиясы тапшырган убакыт саат 17:59 деп жазылганын көрүүгө болот. Көпчүлүктө БШКга “Кыргызстандын” документтерин эркек киши алып келип, аталган журналга партиянын өкүлү деп аял кишинин фамилиясы жазылып калганы да суроо жаратты.
“ЭРЕЖЕ БУЗУЛГАН”
Эртеси 25-августта БШК аталган партиянын шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Кыргызстандын” документин БШКга алып келген адамда ишеним кат болбогонун айтат. “Мыйзамда документтерди партиянын атынан ишенимдүү өкүл тапшырат деп так жазылган. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн статусу абдан жогору, бул маанилүү жагдай”,- деди төрайым. Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Абилдиева ден соолугуна байланыштуу документтерди өзү алып келе албаганын айтууда. БШКнын айрым мүчөлөрү “Кыргызстандын” тапшырган документтери деле толук эмес экенин белгилешти.
АЛДЫДА СОТТОШУУ КҮТҮҮДӨ
25-августта “Кыргызстан” партиясы билдирүү жасап, БШКнын чечимине макул эместигин билдирди. Партия лидери Канатбек Исаев “Кыргызстан” тарабынан мыйзамдын нормасын бузуу болбогонун айтат. “БШК бул чечим шайлоонун жүрүшүнө канчалык деңгээлде таасир этерин эске алып, кайра чечим кабыл алышы керек. Бул добуштарды сатуу, чектен чыккан үгүт иштери сыяктуу аракеттер эмес. Бул техникалык ката, шайлоо процессине эч кандай таасир тийгизе албайт. Бул миңдеген шайлоочулардын укугун тебелөө жана партияны тизмеден алып салуу аракети”,- деп билдирди.
Исаев “БШКнын бул чечими айрым саясий партиялардын жана жеке адамдардын басымы астында кабыл алынды” деген пикирде. Партия бул окуя боюнча БШК менен соттошууга камынууда. 2015-жылкы шайлоодо 3-орунду алып, парламентке өткөн партиянын саясий тагдыры сот чечиминен көз каранды. Сот БШКнын чечимин туура деп тапса, партия быйылкы шайлоого катышуу укугунан ажырайт.
ШАЙЛООГО 15 ПАРТИЯ КАТЫШУУГА ДАЯР
Быйылкы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн 44 партиянын ичинен 15и калды. Бул тууралуу БШКнын маалыматында айтылат. Ар түрдүү себептерден 29 партия шайлоого ат салышуудан четтетилди. 26-августка карата жарышка түшүүгө 15 партия даяр. Ал эми “Кыргызстан” партиясынын тагдыры БШКга документ тапшыруу иштери боюнча сот чечимине жараша белгилүү болот. Жарышка түшүүгө даяр партиялар: "Биримдик", "Бир бол", "Мекеним Кыргызстан", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Мекен", "Мекенчил", "Замандаш", "Социал-демократтар", "Реформа", "Чоң казат", "Ыйман нуру", "Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын партиясы", "Ордо" жана "Мекен ынтымагы".
3-сентябрга чейин БШК партиялардын талапкерлеринин тизмеси боюнча документтерди текшерип чыгат. 4-сентябрда үгүт кампаниясы старт алып, шайлоо 4-октябрь күнү өтөт.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg