КАЗАКСТАНДАН КАРМАЛЫП СОТТОЛГОН ЭКС-ДЕПУТАТ ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУ ЭРКИНДИККЕ ЧЫКТЫ

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2018-жылы Казакстанда атайын операция учурунда кармалып, 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу 26-августта Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дамирбек Асылбек уулунун жактоочусу жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ишти кайрадан кароого арыз менен кайрылган. "2019-жылы 15-ноябрда Дамирбек Асылбек уулуна байланыштуу Жогорку Соттун токтому өзгөртүлгөн. Ал "уюшкан кылмыштуу топ түзүү" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. "Экономикалык аткезчилик" беренеси боюнча 3 жыл эркинен ажыратылган. Ал "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө" мыйзамына ылайык бошотулду",- деп айтылат маалыматта.

2019-жылы 24-апрелде Казакстандын Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Ал Казак соту тарабынан "улут аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө", "экономикалык аткезчилик" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Экс-депутат Кыргызстанда былтыр 18-ноябрда экстрадицияланган.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан