Каржы министрлиги 2020-жылдан 2023-жылга чейин мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу боюнча атайын стратегия иштеп чыкты. Бул тууралуу 25-августта аталган министрлик билдирди.
Маалыматка таянсак, документте чет өлкөлөрдөн алынган насыялар экономикалык өнүгүүгө салым кошкон программалар менен долбоорлорго жумшалат. Четтен алынган каражаттын кеминде 35 пайызы грант болушу керек экени, мамлекеттик баалуу кагаздар улуттук валютада чыгарылары, мамлекеттик карыз ички дүң өнүмгө карата 56 пайыздан, тышкы карыз 36 пайыздан ашпашы зарыл экени камтылат.
2020-жылдын июнуна карата Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 773 миллион долларды түздү. Анын 4 миллиард 106 миллион доллары тышкы, 667 миллион доллары ички карыз болуп саналат.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg