НАСЫЯ ТӨЛӨӨДӨ КЫЙНАЛГАНДАР БИШКЕКТЕ МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

24-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында нааразычылык акциясы өттү. Чогулган жарандар пандемияга байланыштуу банктардан насыялардын үстөк пайызын алып салууну талап кылышты. Маалыматка таянсак, акцияга 7 облустун тургундары катышты.

Нааразы тараптар “насыяларга туум кошулуп жатат. Бул көйгөй боюнча какпаган эшигибиз калган жок, акыры Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн алдына митингге чыгууга аргасыз болдук” дешет. “Элет көйгөйү” коомдук уюмунун жетекчиси Марипа Алыйкулова “бул маселеге бийлик олуттуу көңүл бурушу керек” деген пикирде. Алыйкулованын айтымында, коммерциялык банктар менен кредиттик компаниялар Улуттук банктын 2020-жылдын 18-мартында чыгарган буйругуна баш ийбей жатышат. Аталган буйрукта насыяларды төлөөгө 3 айлык каникул жарыялоо, төлөнбөгөн убакытка туум жазбоо жөнүндө айтылат дешет чогулгандар. “Кардарлардын үйүнө барып, үй-жайыңарды бошоткула, же мал-жаныңарды тартып алабыз деп басым кылып жатышат. Алардын колунда бул маалыматты тастыктаган фактылар бар”,- дейт Алыйкулова.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан