Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айтматов менен Садырбаевден калган «АРМАН»

№412 24-30-сентябрь, 2010-ж.


Кыргыз киносу

Фашисттер бейкапар жаткан Советтер Союзунун аймагына кирип келишти. Бейкут жаткан эл будуң-чаң түшүп, кол арага жараган жигиттердин бардыгы мекенди коргоо үчүн согушка аттанышты...
Ошол согуш каарын көрүп, тестиер Чыңгыз Айтматов эс тартканы бир үйдүн жалгыз уулу согуштан кайтпай калганын чыгарма кылып жаратты. Ал чыгарманы даанышман кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев тасмага айлантты.

Тасма Ч.Айтматовдун “Уулу менен жолугушуу” аңгемесинин негизинде 1975-жылы тартылган.
Режиссёру – Дооронбек Садырбаев.Режиссёрдун жардамчысы – Насырет Дубашев.
Сценарийин жазгандар – Дооронбек Садырбаев, Муса Мураталиев, Бакыт Карагулов.
Ролдордо:
Чодрон ата – Нурмухан Жантурин.
Султан – Жоробек Аралбаев.
Бурма апа – Роза Рыскелдинова.
Эжелери – Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова.
Султандын курман болгондугун угузган адам – Турсун Уралиев.
Устанын жардамчысы – Асанкул Шаршенов.
Чодрондун экинчи жубайы – Алиман Жанкорозова.

АТАНЫН АЙТЫП БҮТКҮС АРМАНЫ
Фильмде жалгыз уулун Улуу Ата Мекендик согушка жөнөтүп, андан айрылган атанын армандуу өмүрү баяндалат. Чодрон карыя артта калган бактылуу күндөрдү эстеп, көз алдынан чуурутуп жүрүп отурат. Ал жубайы Бурма экөө эки кыз жана Султан аттуу уулду тарбиялап өстүрүшөт. Кыздары бой жетип, турмушка чыгып шаарда жашап калышат. Султан каникул убагында башталгыч класстарга сабак берет. Аңгыча эл ичин согуш деген суук кабар аралайт. Ошондо Султан жашын чоңойтуп, өз ыктыяры менен согушка аттанат.
Уулунун согушка бара жатканын уккан Бурма апа “жок дегенде эки бутум соо болсо эмне?!” деп зар какшап ыйлайт. Анткени ал баса алчу эмес эле. Устаканасында темир ширетип жаткан Чодрон аксакал баласынын согушка аттанганын угуп, айылдан райондун борборуна ат менен жетип барат. Эки кызы “ата, бирдеме кылып Султанды алып кал!” деп жалдырашат. “Жок, баламдын чечимине каршы чыга албайм!” дегенде эки кызы “эмне болгон атасың?! Өз уулуңду ажалга жиберип, сакалың өрттөнгүр!” деп таарынып, атасы менен катташпай калышат.
Аттиң дүйнө, атасы ошондо баласын акыркы жолу көрүп жатканын сезди беле?

ТАСМАДАГЫ СУЛТАН ЖЕ ЖАШООДОГУ ЖОРОБЕК

  • 1957-жылы 24-январда Таш-Көмүр шаарында туулган.
  • Баш-аягы 20дан ашуун фильмге тартылган. Анын 6сы кыргыз, 14ү орус тасмасы. Кыргыз фильмдеринин алтоосунда тең башкы ролду ойногон.
  • Актёрлукка өтө берилген жок. Жөн гана хобби катары эсептейт.

Жоробек Аралбаев: – Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшыргам. 1-курсту бүтүп, каникулга Фрунзеге келдим. Улуттук телевидениенин жанынан Дооронбек Садырбаев жолугуп калып, "каяктансың, кайда окуйсуң?" деп сурап калды. Анан "Айтматовдун "Уулу менен жолугушуу" аңгемесин окудуң беле?" деди. Мен ал чыгарманы окуганымды айтсам, “кинопробага кел” деп чакырды.
Мени дароо эле жактырышты. Съёмка Воронцовка айылында жана борбордо жүрдү. Мага Таттыбүбү, Жантурин сыяктуу кинонун дөө-шаалары менен ойноо актёрлук шыгыма шык берди. Жантурин аксакал аталык мээримин тасмадан сырткары да төгүп, дайыма акыл-насаатын айтып, көз салып турчу.
Дооронбек байкенин жан дүй­нөсүнө ата менен уул темасы аябай жакын эле. Ошондон улам кинону адамдын жүрөгүнө жеткире берген.
Кинодо апамдын каза болгону ачык айтылбайт. Атам экинчи аял алат. Атам бир күнү “балама барам” дегенде аялы “кайдагы бала?! Аның эчак өлбөдү беле!” деп чаңкылдабайт. “Анда сен жакшы кийинип алышың керек” деп тебетейин алып чыгып берет. Ушул мамилеси аркылуу экинчи апамдын ролун аткарган Алиман эже кыргыз аялынын образын ачып бере алган.

“КӨКӨЙ КЕСТИНИ” МУҢКАНА ЧЕРТКЕН ТУРСУН УРАЛИЕВ
Турсун агай журналист, сатирик, актёр, режиссёр, бир сөз менен айтканда, көп кырдуу талант. Эң башкысы – КРнын Эл артисти.
Ал кино жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:
– Жантурин өзү аябай жашык адам эле. Асанкул согушка аттанганда бата берет эмеспи. Мына ошол жеринде Жантурин бата бере албай кайра-кайра жашый берген. Берилүү менен ойногонун ушундан бил, эртеси ооруп калыптыр. Бизге “атанын кайгысы ичиме түшүп кетиптир” деп жатпайбы.
Азоо аттарды кармаган жерибиз- де Асанкул экөөбүз тең укурукту бир атка салып алыптырбыз. Ал ат сүйрөп кетип, катуу жыгылганбыз.
Гонорарды тартылган күнүбүзгө эсептешчү. 9000 рублга жакын гонорарыма Жигули сатып алгам. Токмокко конокко бара жатып Канттан үч машина сүзүшүп кеттик. Аны оңдотуп алып айдап жүрсөм, бажам “ишимди бүтүрүп алайын, берип турчу” деп сурап кетип, ошол боюнча берген жок.

БИР ЖОЛУ...
Жоробек Аралбаев:
– Кесиптештер менен дүкөнгө баратсак, Асанкул байке бирөө менен "бекер шарап алып чыгам" деп мелдеше кетти. Биз "коюңузчу, кантип?" дейбиз. Дүкөнгө кирери менен өңү-башын бузуп, оорукчан адамдай түр көрсөтүп колу менен шарапты көрсөтсө, сатуучу унчукпай кармата салды. Асанкул байке да оорукчан кейипте чыгып кетти.
Турсун Уралиев:
– Жашык Жантуринди кинодогу атанын кайгысынан улам ичип албасын деп режиссёр артынан эки жигитти кайтартып койгон. Бир күнү мага өз тилинде “кой деши, анагы артымдан калбай койду гой” деп ыйлактаган эле.

ТАСМА ТУУРАЛУУ

  • Казакстанда өткөн кинолор көргөзмөсүндө “Арман” биринчи орунга татыган.
  • Атанын ролуна алгач Советбек Жумадылов тандалган.
  • Султандын сүйгөн кызынын ролун Зульфия аттуу кыз ойногон.
  • Актёрлордун бош убактысы Асанкул куудулдун куйкум сөздөрүнө бөлөнгөн.
  • Асанкул Шаршеновдун ат арабаны ийини менен жөлөп турган жерин тартчу убакта куудул ооруп калып, съёмкага келбей калат. Ошондо анын борбордогу ун комбинатында иштеген өзүнө куюп койгондой окшош бир тууган агасын алып келип тартышкан.
  • Чыгармачыл топ съёмка аяктагыча Воронцовка айылындагы лагерде жашашкан.
  • Асанкул байкенин шайтан арабаны дөңдөн ылдый тээп барып жыгылган жерин бир гана жолу тартышкан. Анткени ал жашоодо шайтан араба тепкенди чын эле билчү эмес.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
25.09.2010. 16:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
25-08-2010
Соӊку аракети:
25-08-2014 12:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
kubafinnka
0
Bul kinonu korbopturmun korgum kelip atat, no gde?
Daite znat pojalusta
27.09.2010. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
21-09-2017 13:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону бал кезден аябай жакшы кором да. сонун кино
29.09.2010. 16:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
28-06-2010
Соӊку аракети:
27-04-2012 12:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
РФ Тюмень Ялуторовск
0
бул кинону эмнегедир мен дагы корбоптурмун
01.10.2010. 22:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
370
Катталган:
06-09-2010
Соӊку аракети:
03-07-2018 19:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Italia,Sardegnia.
0
Men koryp alip ayabai ilagam.
02.10.2010. 05:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
219
Катталган:
25-07-2009
Соӊку аракети:
05-03-2017 14:05
Жынысы:
Белгисиз
0
жанылбасам бул Арман деген кино. ыйлата турган кино.Гили-гили деген ушул кинодо беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: