КЫРГЫЗ ПРЕМЬЕР-ЛИГАСЫ. “ДОРДОЙ” КЛУБУ АЛДЫДА

Кыргыз Премьер-Лигасынын оюндары коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап калган. 7-августтан тартып жанданган оюндар Кант шаарында күйөрмандарсыз өткөрүлдү. Бул сезондо жалпысынан 8 команда ат салышууда. Алар: "Дордой" (Бишкек), "Алай" (Ош), "Каганат" (Ош), "Алга" (Бишкек), "Илбирс" (Бишкек), "Нефтчи" (Кочкор-Ата), "Абдыш-Ата" (Кант), "Кара-Балта" (Кара-Балта).

25-августта Кыргыз Премьер-Лигасынын VII турдук оюндары өтүп, биринчи айлампа соңуна чыкты. Биринчи айлампадагы оюндардын жыйынтыгында 19 упай топтогон “Дордой” футболдук клубу турнирдик жадыбалдын сап башынан орун алса, 14 упай топтогон “Абдыш-Ата” клубу экинчи катардан орун алды. Ал эми "Алга" – 13 упай, "Нефтчи" – 13 упай, "Алай" – 10 упай, "Каганат" – 6 упай, "Кара-Балта" – 2 упай, "Илбирс" – 1 упайга ээ болушкан.

Экинчи айлампадагы оюндар 6-сентябрда башталат жана оюндун бардыгы Кант шаарындагы стадиондордо көрүүчүлөрсүз өтөт.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан