МЕКЛИС КОШАЛИЕВ "АЛГА" КЛУБУН ЖЕТЕКТЕЙТ

Бишкек шаардык мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу "Алга" клубунун директору болуп футбол боюнча СССРдин спорт чебери Меклис Кошалиев дайындалды.

Меклис Кошалиев футбол индустриясында 45 жылдан бери эмгектенет. Ал Бишкектин "Алга", Оштун "Алай" футболдук командаларынын жөнөкөй оюнчусунан баштап, Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу, Кыргыз футбол союзунун Бишкек шаары боюнча өкүлү болуп иштеген.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан