ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 31-АВГУСТТАН 6-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Жакын адамыңыз менен урушуп жүргөн болсоңуз, маселени толугу менен чечишип алууну колго алыңыз. Ансыз чыр токтобойт. Бул аптада сизди жагымдуу жаңылыктар күтөт. Киреше кирет. Намысты жыйыштырып, таасирдүү адамдар менен иштешсеңиз, бул кадам сизге көптөн күткөн ийгиликтин келишине жол ачат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Максатка жетүүгө жолтоо болчу кырдаалдар чыгат. Өжөрлүк кылып, бир мезгилде эле 2-3 ишти аркалап, алдыга жыла бериңиз. Тааныштар берген убадага ишенбей туруңуз, ишке ашпайт. Туугандардын биринин баласын убактылуу карамагыңызга алууңуз мүмкүн. Убакытты үнөмдөңүз. Ал үчүн кол кабыш кылууга чакыргандарга "жок" деп айтууга туура келет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Аптада авантюра, акция, дүкөндөрдөгү арзандатуулар иштен көп алаксытат. Балдарды көңүл ачууга алып чыкканда алардын коопсуздугуна көз салуу керек. Чакырган жерге жүйөлүү себеп менен барбай калууңуз ыктымал. Турак жай, унаа алмаштырбай туруңуз. Сиз ойлогондой болбой, өкүнүп каласыз. Кесиптештериңиздин жардамы менен иште жакшы жыйынтык көрсөтө аласыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Урушкандарды табыштырам десеңиз, аракетиңиз текке кетет. Бул аптада конок тосуу сунушталбайт. Күтпөгөн жактан материалдык жардам келиши ыктымал. Алыс жолго чыгууну пландап жаткан болсоңуз, аны кийинкиге жылдыруу туура. Жакшы жаңылыктар сизди кубандырат. Балдардын маселеси түйшөлтүп, көп ойлондурушу мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Окуялар да, түйшүктөр да көп болот. Эс алууга убактыңыз болбойт. Жолугушуулар жакшы жыйынтык бербейт. Маанилүү чечим кабыл алуу сунушталбайт. Күтүүсүз кабардан улам алыс жолго чыгууңуз мүмкүн. Жаңылыктарды талдай билиңиз. Бардык жаңылыктар ишенимдүү булактардан келбеши мүмкүн. Ишиңиздин көп болгонуна карабай өзүңүзгө көңүл бурууну унутпаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жагымсыз жыйынтыктарга кабылбоо үчүн аптанын башында олуттуу кадамдардан баш тарта туруңуз. Туугандарыңыз менен келишпестиктер болушу мүмкүн. Бир топ маселелер сиздин чечимиңизди талап кылат. Каржы маселесинде чечим кабыл алууда дыкат ойлонуңуз. Аптанын экинчи жарымында сизди эмоциялык чыңалуу коштойт. Бирок жыйынтыгында киреше кирет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жашоодогу жолуңуздан адашкан жоксузбу? Максатты туура койгонсузбу? Анализдеп алыңыз. Бул убакыттан уттурбай, ийгиликтерге жетүүңүзгө карай керектүү кадам. Жакшы компанияда эс алууга убакыт табылат. Кыймылсыз мүлк, жер тилке сатып алууда адистердин кеңешине кайрылыңыз. Болбосо өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Туугандардан азык-түлүк же жагымдуу белек келиши ыктымал.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Идеялар ишке ашып, тилектер орундалчу апта. Алдыда сапарга барып келүү, жагымдуу жолугушуулар, келишим түзүүлөр бар. Эң оор идеяларыңызды ишке ашырууга кадам таштасаңыз ийгилик коштойт. Конфликттен качыңыз, анын зыяны сизге тиет. Душмандарды көбөйтпөй, ийгиликти жар салбай турганыңыз оң. Үйдөгүлөр ар тараптан колдоо көрсөтүшөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Активдүү жана динамикалуу апта болуп, көп маселелер чечилет. Күчүңүз жете турган гана иштерге киришип, ашыкча чарчоодон качыңыз. “Күйүп" калбоо үчүн акчаны банктан гана алмаштырыңыз. Эмоцияңызды жана сүйлөй турган сөзүңүздү көзөмөлдөңүз. Муну менен конфликттин алдын алып, репутацияңызды сактап каласыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Чөйрөңүздөгүлөр жардамга кол сунушат. Жаңы сунуштар түшөт. Сиз үчүн кызыктуу болгон сунуштарга жакшы көңүл буруңуз. Чыгашасы көп болбошу үчүн акча жумшалчу иштерге киришпей туруңуз. Улуулардын кеп-кеңешине кулак салыңыз. Бул олжолуу болушуңузга себепкер болот. Үйдөгүлөрдүн биринин ден соолугуна кам көрүү керектелет. Сүйүктүү адамыңыз менен мамилеңиз туруктуу сакталат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жашоонун бардык тармагында ийгилик коштойт. Пландарыңызды ишке ашыруу үчүн ийгиликтүү апта. Иште жаңы багыт жана пландар менен иштөө талап кылынат. Карызга акча берип же албаңыз. Алыскы туугандардын арасынан кыжырыңызга тийгени чыгат. Алар менен мамилеңиз убактылуу бузулушу мүмкүн. Капыстан эски тааныштарга жолугасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Сүйүү, жеке мамилелерди калыбына келтирүү же чыңдоо үчүн ийгиликтүү апта. Жалгыз болсоңуз, түгөйүңүздү таап калуу ыктымалдуулугу жогору. Андыктан үйдө отурбай, эки жакка чыгыңыз. Иште ойлонулбаган кадамдардан карманыңыз. Чоң иштериңизди илгерилетип берчү адам табылат. Аллергия болбоо же ууланып калбоо үчүн жеген тамагыңызга көңүл буруңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан